ЗАЯВКА на размещение учебно-методических материалов в образовательном портале КЭУ Кафедра государственного и официального языков. Автор:Алиясова Г.Д., Адылова Б.К. Вид (тип) материала:УМП по курсу «Кыргыз тили. Тексттер жана тапшырмалар» Предназначен для студентов программ ВПО: Бакалавриат Направление: «Экономика» Профили: «Финансы и кредит», «Менеджмент», «Туризм». Курс: 1. Аннотация материала Окуу куралына программанын негизги темалары: Мекен, жаратылыш, кыргыз элинин каада- салттары, улуттук майрамдары, элдик оюндары, тамак-аш, кол өнөрчүлүк, оозеки чыгармачылык жана аларга карата тапшырмалар, көнүгүүлөр, түшүндүрмө сөздүктөр киргизилди. Жыйнактын максаты- кыргыз тилинде окуп, түшүнүп жана сүйлөй билген студенттердин оозеки сүйлөө кебин өстүрүү, грамматикалык темаларды бышыктоо, улуу кыргыз элинин маданияты менен кененирээк тааныштыруу, турмушубузда ата - бабаларыбыздын калтырып кеткен мурастарынан таалим-тарбия берүү. Первое издание (подчеркнуть) Переиздание (подчеркнуть) Подписи: Автор: Руководитель структуры/Зав. кафедрой: Жапаралиева Н.Ж. Дата: 25.09.13 Виза: ________________
121
Embed
jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/343.pdf · Түзгөндөр: ага окутуучулар Алиясова Г., Адылова Б. КЭУнун Окуу- методикалык
This document is posted to help you gain knowledge. Please leave a comment to let me know what you think about it! Share it to your friends and learn new things together.
Transcript
ЗАЯВКА
на размещение учебно-методических материалов в образовательном портале КЭУ
Кафедра государственного и официального языков.
Автор:Алиясова Г.Д., Адылова Б.К.
Вид (тип) материала:УМП по курсу «Кыргыз тили. Тексттер жана тапшырмалар»
Предназначен для студентов программ ВПО:
Бакалавриат
Направление: «Экономика»
Профили: «Финансы и кредит», «Менеджмент», «Туризм».
Курс: 1.
Аннотация материала
Окуу куралына программанын негизги темалары: Мекен, жаратылыш, кыргыз
элинин каада- салттары, улуттук майрамдары, элдик оюндары, тамак-аш, кол өнөрчүлүк, оозеки чыгармачылык жана аларга карата тапшырмалар, көнүгүүлөр, түшүндүрмө сөздүктөр киргизилди.
Жыйнактын максаты- кыргыз тилинде окуп, түшүнүп жана сүйлөй билген студенттердин оозеки сүйлөө кебин өстүрүү, грамматикалык темаларды бышыктоо, улуу кыргыз элинин маданияты менен кененирээк тааныштыруу, турмушубузда ата-бабаларыбыздын калтырып кеткен мурастарынан таалим-тарбия берүү.
Первое издание (подчеркнуть) Переиздание (подчеркнуть)
Подписи:
Автор:
Руководитель структуры/Зав. кафедрой: Жапаралиева Н.Ж.
Дата: 25.09.13
Виза: ________________
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ
БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
КЫРГЫЗ ЭКОНОМИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ
Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы
Алиясова Г.Д.
Адылова Б.К.
КЫРГЫЗ ТИЛИ
Тексттер жана тапшырмалар
Бишкек- 2010
УДК 809.41./45.434(575.2)
ББК 81.2 Ки
Түзгөндөр: ага окутуучулар Алиясова Г., Адылова Б.
КЭУнун Окуу- методикалык кеңешинин чечими менен басууга сунушталды.
№ 2 протокол, 27 октябрь, 2009 жыл.
Рецензиялаган: К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин
мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент Ботаканова С.
Бул окуу-методикалык колдонмо Кыргыз экономикалык университетинин бардык
Бул жыйнак «Кыргыз тили» курсу боюнча кыргыз тилин өздөштүргөн жогорку окуу жайдын 1-курсунун студенттерине жана кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган жалпы окурмандарга арналат.
Окуу куралына программанын негизги темалары: Мекен, жаратылыш, кыргыз элинин каада- салттары, улуттук майрамдары, элдик оюндары, тамак-аш, кол өнөрчүлүк, оозеки чыгармачылык жана аларга карата тапшырмалар, көнүгүүлөр, түшүндүрмө сөздүктөр киргизилди.
Жыйнактын максаты- кыргыз тилинде окуп, түшүнүп жана сүйлөй билген студенттердин оозеки сүйлөө кебин өстүрүү, грамматикалык темаларды бышыктоо, улуу
кыргыз элинин маданияты менен кененирээк тааныштыруу, турмушубузда ата-бабаларыбыздын калтырып кеткен мурастарынан таалим-тарбия берүү.
Тексттер оозеки чыгармалардан, ар түрдүү жыйнактардан алынды. Ар бир текст боюнча төмөндөгүдөй багытта иштер аткарылат:
- текстке байланыштуу сөздөр менен өз алдынча иштөө;
Бул багытта ар бир студент: - берилген сөздөр таанышпы?, эмнени түшүндүрөт? – деген суроолорго жооп издөө менен текстке кызыгуусун арттырат.
- текст менен иштөө;
Жуп же кичине топ менен иштөө тема боюнча кошумча маалымат алууга багытталат.
- текстке карата тапшырмалар менен иштөө; -
Тапшырмалар “жөнөкөйдөн-татаалга” дидактикалык принцибине негизделет. Алар: сүйлөм түзүү, суроо коюу жана жооп берүү, байланыштуу текст түзүү, которуу, тема боюнча ойду толуктоо, ой-пикирин билдирүү жана чыгармачылыкты талап кылган көнүгүүлөр.
Жыйнактагы макал-лакаптар, учкул сөздөр, жаңылмачтар, фразеологизмдер, текст боюнча түшүндүрмө сөздүктөр оозеки сүйлөө кебин өстүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Текстке берилген тапшырмалар интерактивдик ыкмалар аркылуу аткарууну да талап кылат: кластер, Венн диаграммасы, БББ (“билем- билгим келет- билдим”), жеке, жуп же топ жактоолор, синквейн ж.б.
Бул методикалык ыкмалар студенттердин көз караштарын, ой толгоолорун жактоо, теманы жыйынтыктоо, өз оюн эркин айта билүүсүнө үйрөтөт.
Жыйнактын аягында грамматика боюнча жана сын ой жүгүртүү ыкмалары жөнүндө маалымат берилген.
Зат атооч.
Ата-журт. Кыргызстан – биздин мекенибиз
Кыргыз жараны мекенибиздин кооздугу, байлыгы менен сыймыктана алат. Асман тиреген кен байлыгы мол Ала-Тообуз кыргыз элин коргогон табигый чеп болуп келген. Жерибиздин бермети- Ысык - Көл, Чатыр-Көл, Сон-Көл жана ондогон башка кенже көлдөрүбүз жаратылыштын байлыгы, сулуулугу, керемети.
Кыргыз жериндеги сандаган өзөн-суулары, чалкып жаткан төрлөрү, өрөөндөрү менен жайыктары, токойлору менен шалбаалары сан миңдеген жан-жаныбарлардын мекени кут түшкөн жерибиздин байлыгы болуп эсептелет.
Улуу тоонун койнун мекендеген ата-бабаларыбыз байыркы улуулук, тазалык, бийиктик сыяктуу түшүнүктөрүн асман тиреген чокулар менен байланыштырган. Мындай тоо кыргыздарда улуу чоку Хантеңири болгон. Аны эзелки замандан бери ыйык тоо катары эсептешкен.
Элибиздин ар бир доордогу тарыхын баяндаган Ташрабат, Бурана,Өзгөн архитектуралык курамы, Манастын күмбөзү сыяктуу эстеликтерибиз түпкүлүктүү журт экенибизди билдирет.
Сөздүк иши чеп – крепость
шалбаа – луг
1-тапшырма. Суроолорго жооп бергиле:
Туулган жериң эмнеси менен барктуу жана баалуу?
Улуу чоку Хантеңири эмне үчүн ыйык тоо катары эсептелет?
2-тапшырма. Тексттен таандык мүчө катышкан зат атоочторду
белгилегиле
3-тапшырма. Макалды эстеп калгыла
Ат айланып, казыгын табат,
Эр айланып, элин табат.
4- тапшырма. А.Осмоновдун ырын көркөм окуп, мазмунун өз сөзүңөр менен түшүндүрүп бергиле.
Бешигим – Мекен.
Бешигим – Мекен ырысым,
Өзүңсүз өткүр кылычым.
Өзүңсүз жашап, жанмын деп,
Өткөргөн күнүм курусун.
Атасың, тууган энесиң,
Ар дайым көзгө элесиң,
Ааламга даңктуу чокуң бар,
Ай өткөн күмүш төбөсүң.
Сан байлык жаткан жериңден,
Сары өзөн салкын төрүңдөн
Замандын күүсүн коштогон
Сарычелек,Ысык-Көлүм,
Соолбос алтын чөйчөгүм,
Көгүлтүр түбүң тиктесем
Көрүнүп турат эртеңим...
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ГИМНИ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни 1992- жылы 18 -декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынган.
Гимндин негизги мазмунунда кыргыз элинин келечекке болгон ой-тилеги, тарыхый басып өткөн жолундагы эрдиги, ошондой эле өлкөдө жашаган элдердин достукка, бейпилчиликке жана эмгекке болгон умтулуусу чагылдырып турат.
Азаттыктын жолунда кыргыз элинин бактылуу келечек турмушу даңазаланат.
Гимндин сөзүн элибизге белгилүү, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жалил Садыков менен Шабданалы Кутуев жазышкан. Музыкасын атактуу композиторлорубуз Калый Молдобасанов жана Насыр Давлесов жараткан.
Ак мөъгүлүү аска-зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Алатоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.
Кайырма:
Аткарылып элдин үмүт- тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата-салтын, мурасын,
Ыйык сактап, урпактарга берели.
Кайырма:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу
Мамлекеттик туу - мамлекеттин расмий белгиси. Ал мамлекеттик мекемелелердин, эл аралык элчиликтердин имараттарына илинет. Ар бир мамлекеттин туусу, гимни,
герби болот. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992 – жылы кабыл алынган. Туунун авторлору – Сабыр Иптаров, сүрөтчүлөр Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, архитекторлор Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков.
Туудагы негизги белгилер - боз үйдүн түндүгү жана күн. Түндүк айлана түрүндө, ал адам жашоосунун, үй-бүлөнүн, элибиздин көчмөндүү тарыхын жана ынтымагын чагылдырат. Ал эми түндүктүн кайчылашкан чамгарактары үч кылдуу кыргыз комузунун элесин берип, дүйнөнүн төрт тарабын эриш – аркак туташтырып тургандай сезилет.
Ай ааламга нурун чачыраткан күндүн кырк нуру жергебизде жашаган ар түрдүү улуттагы элдердин биримдик достугун даңктайт. Туудагы күн менен боз үйдүн түндүгү айкалышып, алыстан нур чачкан күн түндүктү элестетет.
Сөздүк иши чамгарак- гнутые палочки тюндюка
эриш-аркак- в согласии
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби.
Герб – мамлекеттин белгиси, эмблемасы. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби 1994–жылы 14–январда кабыл алынган. Гербдин авторлору – Асейин Абдраев, Садырбек Дубанаев. Гербдин көк түстүү тегерек алкагын айланта ак сызыгы бар. Канатын жайган ак шумкардын учуп келе жатканы – эркиндиктин белгиси, Манас бабабыздын шумкары. Дүйнө жүзүнө таанымал Ысык –Көлдүн, Ала – Тоонун жана чыгып келе жаткан нурдуу күндө көлдүн элеси тартылып, үстү жагында «Кыргыз» , төмөн жагында «Республикасы» деген жазуулары бар.
1-тапшырма Суроолорго жооп бергиле:
“ Жаны менен барабар” дегенди кандай түшүнөсүңөр?
“ Тарыхый мекен” деп эмнени айтабыз?
Гимндин кайсы саптарында каалоо- тилек жана эскертүү бар?
Кыргыз жериндеги бейкуттук эмне менен байланыштуу?
Ата- салтты, мурасты ыйык сактоо деген эмне?
Атажурттун бир ууч топурагы
Бир ууч топурактын эмне деген касиети, күчү бар? Чабалекей таруудай топурактан уя салат, балапан чыгарып, алыска учуруп кетет. Келерки жылы жыт сиңген уясына кайра келет. Ошентип, бир ууч топурактан куштардын мекени пайда болгон экен.
Көл бир тамчы суудан жыйылат, күү бир кайрыктан чертилет, кылым бир күндөн түзүлөт. Демек, санжырачылардын Атажурт бир ууч топурактан курулат дегендери чындык экен да, Атажурттун бир ууч топурагы ыйык болгондуктан, эл жаман көргөн адамына бир ууч топурак салбай коет.
Баарыбыз Атамекенди сүйөбүз. Кайда жүрсөк, аны эстейбиз. Кыргыз элинде “ Туулган жердин топурагы алтын” деген макал бар.
Сөздүк иши
ууч – горсть
кайрык- аккорд
санжырачы- сказитель
1-тапшырма Текстке 3-4 суроо түзгүлө
2- тапшырма Сүйлөмдөрдү толуктагыла:
“ Мекен” деген сөздү укканда, мен ... элестетем, анткени...
Ар бир..., ар бир... - биздин милдетибиз.
Кыргыз эли ...
Бишкек шаары-... Кыргызстандын...
Менин оюмча Ысык-Кѐл... .
3-тапшырма. Тексттеги зат атоочтордун жөндөмө мүчөлөрүн ажыраткыла
4- тапшырма. Төмөнкү суроолорго жооп бергиле.
Патриот, патриоттук сезим дегенди кандай түшүнөсүң? Өз Мекениңе салымыңды кантип кошом деп ойлойсуң? «Ала-Тоо» деген сөз эмнени түшүндүрөт? Кыргызстандын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү жөнүндө эмне билесиң? Жайлоону кандай элестетесиң жана эмне үчүн ал мындай аталат?
5- тапшырма. Сүйлөмдөрдү толуктагыла.
Келечекте дүйнөнү кыдырып,… чыксам деген максатым бар. Ар бир … өз мекени,өз эли менен сыймыктанат. Апалар ыр, жомок, уламыш, макалдарды көп …
. … атасын билүү кыргыз элинин салты. Биздин муундун негизги милдети -…
6- тапшырма Темага байланыштуу макал-лакаптарды келтиргиле.
7- тапшырма “Мекен” темасында кластер түзгүлө
8-тапшырма “ Кичи мекеним” туулуп-өскөн жериң жөнүндө билдирүү жасагыла
9- тапшырма Тайпадагы жердештер менен топтошуп, “Сүйүктүү жергебиз” аттуу жактоого даярдангыла (облустар, Бишкек щаары)
Кыргыз тили- мамлекеттик тил.
1- тапшырма. Текстти окугула, уланткыла
Кыргыз тили сабагы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили- кыргыз тил. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам 1989- жылы 23- сентябрда кабыл алынган.
Биз Кыргызстанда жашагандыктан, кыргыз тилин билүүгө милдеттүүбүз. Аны мектепте, эми университетте окуп үйрөнөбүз. Кыргыз тили сабактарында биз кыргыз элинин маданияты менен таанышабыз. Сабактан белгилүү адамдардын, атактуу жазуучулуардын өмүрбаяндары, чыгармалары менен таанышабыз. Котормолор менен иштейбиз, акындардын ырларын окуйбуз, көнүгүүлөрдү аткарабыз.Эң негизгиси- кыргызча сүйлөшөбүз.
2- тапшырма. Суроолорду кыргызчага которгула, жооп бергиле:
Почему мы изучаем кыргызский язык?
Как проходят занятия по кыргызскому языку?
Что мы узнаем о кыргызском народе?
1-тапшырма. Мамлекеттик тил гимнин көркөм окугула, жаттагыла
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил гимни
Сөзү: Сейит Алтымышовдуку
Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку
Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан,
Адамзаттын дөөлөтүнө буюрган.
Адам деген түп сөзүнөн элимдин,
Кыргыз тили ай-ааламга жаралган.
Кайырма:
Кыргыз тили – жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили- Мекеним,
Менин өлкөм- Кыргызстан.
Мекен тили Атажурттун кареги,
Биримдимги, күч- кубаты, тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.
Кайырма:
Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили- бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили кан-жаныбыз, туубуз,
Атажурттун келечеги, ак таңы.
Кайырма:
Кыргыз тили
Кыргыз тили – кыргыз элинин байыркы улуттук тили.Өзүнүн теги боюнча ал түрк тилдерине кирет. Кыргыз жазуулары Енисейде, Монголияда, жана Түштүк Сибирде чийим таш сүрөттөрдө табылып, Орхон-Енисей жазуулары деп аталган.Таш жазууларды орус окумуштуусу академик В.Радлов чечмелеген.
1924- жылы кыргыз тилинде окуу китептери жазыла баштаган.Алгач араб жазуусунда, 1928- жылдан баштап, латын графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы алфавитте жана 1941-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кыргыз жазуусу орус алфавитинин негизинде түзүлүп, “ ө,ү,ң” тамгаларын кошкон.
Сөздүк иши
Теги боюнча – по происхождению
Чийим таш сүрөт – наскальный рисунок
Чечмелеген- расшифровал
2- тапшырма. Текстке 3-4 суроо түзгүлө
3- тапшырма. “Кыргыз тили” темада синквейн түзгүлө
4- тапшырма. Тил жөнүндө сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп, өзүңөр билген макал-лакаптардан кошумчалагыла:
Тил башты багат
Тил билсең, дил билесиң
Тил – жүрөктүн ачкычы
Тил сакталса – улут сакталат
Тил – илим менен билимге көпүрө
Тил намысы – эл намысы
Тил уудан ачуу, балдан таттуу.
5- тапшырма “Эне тилим улук” темасында РАФТ ыкмасы менен иштегиле
6- тапшырма. Авар акыны Расул Гамзатовдун ыр саптары боюнча ой жүгүрткүлө:
“ Эртең тилим жоголору чын болсо, анда жакшы бүгүн өлүп калганым”
7- тапшырма. А.Осмоновдун ыр саптарын жаттагыла:
Бирге жүрсөм кыргыз тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөм, ыр жазам.
Башка тилди кандай жакшы көрсөм да,
Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.
( А.Осмонов)
8- тапшырма. Ырды окугула, сөз айкаштардын маанисин түшүндүргүлө:
“ ыр сыяктуу чертилет”, “ катсыз мурас сактаган”
Эчен түрлүү тил үйрөнсөм,
Чоң бакыттай сезилет.
Эне тилим дайым мага
Ыр сыяктуу
Чертилет.
Ушул тилде ,
Мен энемдин жомокторун жаттагам,
Кыргыз тили укмуш тил го,
Катсыз мурас сактаган.
(Т.Адышева “ Кыргыз тили ”)
9- тапшырма. Төмөнкү сөздөр менен сөз айкаштарды жана жөнөкөй сүйлөмдөрдү түзгүлө:
10- тапшырма.Текстти которгула, ага 5-6 суроо түзгүлө.
К. К. Юдахин.
По мнению специалистов он знал кыргызский язык и его диалекты лучше любого кыргыза. Уйгурский – лучше уйгуров, узбекский – лучше узбеков.
Константин Кузьмич Юдахин родился в 1890 году в городе Орске, в семье служащего. В 1910 году он заканчивает учительскую семинарию. С 1922 по 1925 годы учится на восточном факультете Среднеазиатского государственного университета. Затем преподает в Ленинграде в Институте живых восточных языков, а с 1932 по 1944
годы работаетв Московском институте востоковедения и ведет большую исследовательскую работу в области тюркского языкознания.
С 1944 года К.К. Юдахин работает в Киргизии и принимает непосредственное участие в создании системы кыргызской письменности, под его руководством разрабатывались принципы кыргызского языка. Изданные им труды по кыргызской грамматике и диалектологии послужили научной основой для более глубокой разработки отдельных теоретических проблем современного кыргызского литературного языка. Крупный вклад внес академик К.К.Юдахин в исследование героического народного эпоса “Манас”.
Главным наследством тюрколога стал составленный им кыргызско-русский словарь.
Совмещая большую научно – исследовательскую деятельность с педагогической, К.К.Юдахин много сил и энергии отдал воспитанию научных и педпгогических кадров по кыргызской филологии.
11-тапшырма. К.К.Юдахин жөнүндө айтып бергиле
12-тапшырма. Көп чекиттин ордуна тиешелүү мүчөлөрдү улап жазгыла.
Абдылас Малдыбаев.
Композитор… чыгармачылык иш… 1922- жыл… башталган. Ал көптөгөн чыгарма жарат…. Анын алгачкы ыр… «Акинай», «Кызыл жоолукчан», «Өмүр» болгон. А. Малдыбаев драма жана опера спектаклдерин… актер катары образдар… жараткан. Мисалы, «Алтын кыз» музыкалуу драмасын… Кузнецов…, «Айчүрөк» операсын… Күлчоро… , «Евгений Онегин» операсынан Ленский… , «Кыз Жибекте» Төлөгөн… ролун аткарган.
Ал - Кыргыз Республикасы…Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык… лауреат… А. Малдыбаев… ысымы Кыргыз опера жана балет театр… коюлган.
Бул театр… композитор… : В.Власов, В.Фере, К. Молдобасанов, А.Абдраев, аткаруучу… С. Кийизбаева, Б.Бейшеналиева, А.Токомбаева, Б.Миңжылкыев, дирижер… В.Васильев, А.Жумакматов иштеп, театр… атын дүйнөлүк аренага алып чыгышты.
13- тапшырма. Төмөнкү сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.
1- тапшырма. Ат атоочтор менен сүйлөмдөрдү түзгүлө:
Бүткүл, кээ бир, эч нерсе, баары, өз, сиздер, качан, тигил, бир нече
2-тапшырма. Туура келген мүчөлөрдү улагыла.
Биздин балдар… мектепте окуйт. Бөлмөлөрүндө китеп текче…. бар. Тыныгуу убагында биз тамактана…, эс …. Менин күндөл… дайыма таза. Бул маселе боюнча сиз… оюңуз кандай? Анын ата… мекемеде бухгалтер болуп ишт…. Сиздин дос… канчанчы кабатта жашайт? Светанын сиңдиси биринчи класста оку… . Биздин үй-бүлө… быйыл жаңы үйгө кирдик Сенин китеб… мага абдан жакты. Мугалим биз… жаңы теманы түшүндүрдү.
3-тапшырма. Кыргыз тилине которгула, мазмунун айтып бергиле
Чолпонбай Түлөбердиев – Герой Советского Союза. Он участвовал в сражении на берегу Дона. Роте,где служил Чолпонбай, надо было форсировать(кечип өтүү) Дон. Но с другого берега беспрерывно бил вражеский пулемет. Тогда Чолпонбай с двумя бойцами перешел реку и бросился к пулемету. Он закрыл амбразуру своим телом. Наши войска овладели высотой. Так погиб славный сын киргизского народа. Мы никогда не забудем его подвиг.
4-тапшырма. Төмөнкү зат атоочторго жак жана сан боюнча таандык мүчөлөрдүн улап жазгыла.
Өлкө, Ата Мекен, эл, шаар, балдар, жоокер.
5- тапшырма. «Биз тынчтыкты каалайбыз» - деген темада ат атоочтордун түрлөрүн колдонуп текст түзгүлө.
6- тапшырма. Сүйлөмдөрдү кыргыз тилине которгула
Наша страна богата истинными талантами народного искусства. В природе все взаимосвязано. Дел по охране природы найдется каждому - у кого доброе сердце и зоркие глаза! Настоящий человек тот, кто совестью свои дела проверяет. В трудную минуту помогли какие- то неизвестные друзья .
7- тапшырма. Сиз, ар бир, ушул, ал – ат атоочторду жөндөгүлө.
8- тапшырма. Көп чекиттин ордуна тангыч жана белгисиз ат атоочторду коюп жазгыла.
…атын алып, көңүл бөлбөсө да, Токтогул бат эле элге аралашып кетти. Арттан … … күлүп жиберди. Толгонайдын согушка кеткен балдарынан … кайтпайт. …, … унутулбайт. Дүйшөндүн кечиккенин угуп саанам … … кетти. Көп окуп, көптү билген адам … жеңилбейт. … … чоң сууну кечип өткөндөй болду.
9-тапшырма. Жөндөмө жана таандык мүчөлөрүн улап, суроолорго жооп бергиле:
Сиздин ата… канча жашта? Алардын балдар… кайда окуйт? Силердин үй… канча бөлмө бар? Бул кишилердин үй-бүлө…. канча киши жашайт? Сиздин байке… кайда иштейт? Силер айыл… кандай жеттиңер? Менин окуу жай… кайда жайгашкан? Сенин улут… ким? Ал иштей…?
10- тапшырма Ат атооч катышкан макал-лакаптарга мисал келтиргиле
Сын атооч.
1-тапшырма. Тексти окуп, айтып бергиле.
Жерибиздин байлыгы
Жерибиздин эң зор, негизги байлыгы- агым жана булак суулар. Кыргызстанда ири, белгилүү дарыялар, орто, кичи агым суулар көп.Тоонун суусу дайыма тунук жана муздак.
Кыргыз жериндеги бийик, ак карлуу мөнгүлүү тоолорубуздагы түгөнгүс таза булак сууларына эч нерсе тең келе албайт.
Адамдын ден-соолугуна берген таасири менен эң биринчи орунда аба, анын тазалыгы, экинчи орунда – суу, анын сапаты. Себеби, адамдын денеси 80 пайыз суудан турат, ден-соолугу кандын тазалыгына жараша болот.
Сөздүк иши зор - значительный
ири- крупный
2-тапшырма. Сөз айкаштарды толуктап, эки сүйлөм түзгүлө:
эң кооз ... түгөнгүс ...
адамдын... маанилүү ...
белгилүү... сапаттуу ...
3-тапшырма. Ойду уланткыла:
“ Суу – жаратылыштын баа жеткис белеги. Ансыз жашоо болбойт.
Сууну сарамжалдуу пайдалануу зарыл, анткени...”
4- тапшырма.Текстти которуп, катыштык жана сапаттык сын атоочторду бөлүп жазгыла.
Вода.
Обыкновенная природная вода – прозрачное бесцветное жидкое вещество. Вода – это активное химическое водородно-кислородное соединение. Совершенно чистая природная вода не встречается. Природная пресная (речная) или соленая (морская) вода – мутная. Она содержит бактерии и примеси. Даже прозрачная дождевая капля содержит небольшое количество примесей. Вода - прекрасный растворитель. В воде растворяются питьевая сода, твердая поваренная соль. Растительный и животный мир погибает без воды. Безводный край - безжизненный пустынный край.
В Кыргызстане вечные белоснежные ледники являются источником многоводных рек. Также в нашей стране созданы многокилометровые каналы, глубоководные водоемы, крупные водохранилища и оросительные установки.
5-тапшырма. Суроолорго жооп бергиле:
Жерибиздин байлыктарына дагы эмнелер кирет?
Суу жөнүндө кандай маалыматтарды билесиңер?
6- тапшырма. Ырды жаттагыла.
Кыргыз көлү.
Ысык-Көл – кыргыз көлү кылкылдаган,
Кыз - келин кылаасында шыңкылдаган.
Кылымдар колдон түшкөн манжар болуп,
Көрүнбөй тереңинде жылтылдаган.
Көркүнө көктөн башка сүртүнбөгөн
Ысык - Көл – күрдөлдүү көл күрпүлдөгөн.
Көк түсү таалай көркү, ырыс көркү,
Толкуса толкундары түркүмдөгөн.
Ысык-Көл – кыргыз көлү шарпылдаган,
Көркүнө көктөн башка тартынбаган.
Замандар кербенчидей чубап өтүп,
Чарчаса саясында салкындаган.
Көзү курч, көкүрөгү бек уландары,
Пейли кең, берешен кол адамдары
Ысык –Көл касиетиңен айланайын
Сыйла, сүй бакыт берген замананы.
А. Осмонов.
7-тапырма. Текстти окугула
Ысык-Көлдү сактай билели.
Ысык-Көлдү сактап калуу – бул Мекендин бир ууч жерин сактап калуу дегендик. Көлдүн тагдыры үчүн биздин ар бирибиздин жоопкерчилигибизди азыр мына ушундай түшүнүп, баалоо керек.
Эгер сен өзүңө жамаатташ турган токойду, суу алган ботокөз булакты, берешен жерди жакшы көрсөң, эң негизгиси эртеңки күн жөнүндө ойлонуп, аларга жаратмандык менен мамиле кылсаң анда сен чыныгы кожоюн боло алганың. Анда сенин атуул боло алганың ошол. Биздин кереметибизди, Ысык-Көлдү, анын көркөм баа жеткис жерлерин сактап калуунун негизи ушунда болот.
Ч.Айтматов. 8- тапшырма. Суроолорго жооп бергиле.
Эмне үчүн «Ысык-Көл» деп аталып калган? Ысык-Көлдөн башка кыргыздын сыймыгы болгон көлдөр, жерлер тууралуу эмне билесиңер? Көлдөрдү сактоонун, жакшыртуунун мааниси эмнеде деп ойлойсуңар? Ысык-Көл жөнүндө кандай уламыштарды билесиңер?
9- тапшырма. «Жаратылыш жана мен» деген темада РАФТ ыкмасы менен иштегиле.
11- тапшырма.Кыргызча которуп,сын атоочторго карама-каршы сөздөрдү тапкыла.
Молодой человек, серьезная девушка, нежный ребенок, ленивый студент, разговорчивая бабушка.
12-тапшырма
1)Адамдын мүнөзү жана келбетин билдирүүчү сөздөрдү келтиргиле.
2) төмөнкү сын атоочторду которгула: токтоо, ак ниеттүү,чынчыл,
орой, сезгич, элпек, ак көңүл, ыймандуу, кекчил, кежир, жарооокер,
зээндүү.
3) Тайпада окуган студентти сүрөттөгүлө. Аңгемени «Бул ким?» деп аяктагыла.
13- тапшырма. Сын атооч катышкан макал-лакаптардан мисал келтирип, маанисин түшүндүргүлө.
14-тапшырма.Ой жүгүртүү мүнөзүндө «Мен тандаган окуу жай»деген темада төмөнкү схема боюнча иштеп чыккыла.
Мисалы: Менин сүйүктүү мезгилим.
(тезис) Менин жакшы көргөн мезгилим – жай. (Эмне үчүн?) Анткени, бул мезгил жылуу,жаратылыш
көркүнө кирет, жашылча-жемиштер бышып жетилет. Биз жайында көлгө түшөбүз, каникулга чыгабыз,эс алабыз. Жай мезгили кандай сонун! Ошондуктан, мага жай мезгили жагат.
Сан атооч.
тезис
анткени
Аныктоо:
далилдер
мисалдар
Эмне чыгат?
корутунду эм
не үчүн? Ошонд
уктан…
1- тапшырма. Сан атоочторду сөз түрүндө жазгыла
1/8; 36; 2,3; 10,05; 5,115;
2-тапшырма. Сөз айкаштарын которуп, сүйлөм түзгүлө.
Около десяти, одна четвертая яблока, больше половины урожая, много книг, три пятых зарплаты, шестеро.
3-тапшырма. Текстти окуп, мазмунун кыргызча айтып бергиле.
Земля имеет возраст от 4,5 до 5 миллиардов лет. Площадь ее поверхности -510 миллионов квадратных километров. 361 миллион из них -70,8 % занимают моря и океаны, а на долю суши приходится 29,2%.
Расстояние от Земли до Солнца равно почти 150 миллионам километров. Пешеход, преодолевающий ежедневно по 30 килоиетров, шел бы до Солнца 14000 лет. Поезд, идущий без остановок со скоростью 100 км в час, достиг бы Солнца через 170 лет. Самолет, летающий со скоростью 1000 км в час, долетел бы до Солнца через 17 с лишним лет.
4- тапшырма. Суроолорго жооп бергиле.
Мамлекеттик тил майрамы качан майрамдалат? Космоско адам качан учкан?
Мүчөл жыл жөнүндө эмне билесиң жана канча жыл бир мүчөл болот? Кыргызстандын Кызыл китеби качан чыккан жана эмне үчүн «Кызыл китеп»- деп аталат? Жуманын биринчи күнү кайсы? Бир мүнөттө канча секунд бар? Бир суткада канча саат бар?
5- тапшырма. Кыргызчага которгула:
«Который час?»
Без пятнадцати десять, пять минут восьмого, полтретьего, двенадцать, двадцать пять минут шестого, без десяти минут девять.
6-тапшырма. Сан атооч катышкан 5-6 макал жазып, маанисин түшүндүргүлө.
7- тапшырма. Текстти окугула, өзүңөр билген башка балбандар жөнүндө маалымат даярдагыла.
Кожомкул балбан.
Кыргыз эли байыртан тоо арасын мекендеп, кыйын шарттарда жашоого кѐнүшкөн. Ошондуктан ата-бабаларыбыз чыдамкай жана күчтүү болсо керек. Элибизден атактуу балбандар, күчтүүлөр көп чыккан. Алардын бири - атактуу Кожомкул балбан.
Кожомкул балбан 1888-жылы Суусамыр өрөөнүндө туулган. Атасы Каба абдан күчтүү киши болгон экен. Кожомкулдун бою 1 метр 97 сантиметр, салмагы 164 килограмм, колунун манжаларынын узундугу 26 сантиметр болгон дешет. Ал күрөштөрдө эч бир балбандардан жеңилбептир. Тайды козуча көтөрүп,он киши ордунан козгой албаган ташты да көтөрө алчу экен. Кожомкул көтөргөн зор ташты азыркы убакта да «Кожомкулдун ташы» деп аталат. Аны көргөндөр таң калбай коюшпайт,анткени анын бийиктиги 1метр 60 сантиметр, туурасы 1метр 70 сантиметрге туура келген зор таш.
Кожомкул балбан бүгүнкү күндө да унутулбай даңазаланып айтылып келет. Бишкек шаарында «Кожомкул» аттуу спорт сарайы бар, анын алдында атактуу кыргыз элинин балбанына арналган эстелик орнотулган.
8- тапшырма. Сүйлөмдөрдү которгула.
В нашем учреждении занятия начинаются в половине восьмого. Театр был основан в 1942 году, имеет 1100 – местный зрительный зал. Она работает до 18 часов. В 1069-1070 годах была написана Великая эпопея.
У нас день рождения отмечают 1 раз в 12 лет. Мы отмечаем: в 12 лет – завершение детства, начало юности; в 25 дет – завершение юности; в 37 лет – завершение молодости; в 49 лет – возраст, когда происходит осмысление жизни.
1- тапшырма. Жаңылмачтарды жаттагыла.
Асманда эки айры куйрук:
Бири ак кыска айры куйрук
Бири кара кыска айры куйрук
Кара кыска айры куйруктуу айры куйрук
Ак кыска айры куйруктун жолун тосот
Ак кыска айры куйруктуу айры куйрук
Кара кыска айры куйруктун жолун тосот.
Мүнүшкүрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат
Мүнүшкүрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырса,
Биз кыргыйга кырк кыл куйрук алдырбай
Ким кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат?
Көзү бүтүк,
Үч күчүк үшүп
Үч күчүк үшүп
Үнү бүтүп
2- тапшырма. Сан атоочторду жөндөгүлө.
Беш, жыйырма эки, бир жүз алтымыш,үчүнчү,эки миң он, он төртүнчү.
3-тапшырма. Жөнөкөй жана татаал сан атоочторду бөлүп, сөз түрүндө
жазгыла.
«Манас» эпосу 3 бөлүмдөн турат. «Манастын» 15 варианты, «Семетейдин» 14, «Сейтектин» 6 варианты бар. Бардыгы – 35 вариант. Варианттардын жалпы көлөмү төмөнкүчө: «Манас»-501468 сап ырдан, «Семетей» - 587363 сап ырдан, «Сейтек» - 141888 сап ырдан турат. Баары биригип 1230719 сап ыр.
4- тапшырма. «Биринчи ачылыштар» маалыматы менен таанышкыла
725-жылы Кытайда биринчи болуп механикалык сааттар өндүрүлгөн.
1500-жылы Европада кагаз акча өндүрүлгөн.
1590-жылы биринчи жолу микроскопту ойлоп табышкан.
1839-жылы англиялык Макмиллан велосипед ойлоп тапкан.
1852- жылы АКШда Элайша Грейв Отис механикалык лифтти ойлоп тапкан.
1855-жылы муздаткыч англиялык Харистон тарабынан пайда болгон.
1876-жылы Александр Белл телефонду ойлоп тапкан.
1903- биринчи жолу адам асманга самолет менен учкан.
1972-жылы АКШда чөнтөк калькуляторун ойлоп табышкан.
1975-жылы АКШда компьютерди ойлоп табышкан.
1979-жылы биринчи компакт –диск пайда болгон.
5-тапшырма. Төмөнкү эсептик сан атоочтордон чамалама сан атоочторду түзгүлө.
Отуз, элүү, жүз, кырк, алтымыш, он, миң.
6-тапшырма. Сан атоочторду таап, түрүн аныктагыла.
Эгер бир гектар аянттагы арча туура өстүрүлсө, беш жүз миң калк жашаган шаардын абасы микробдордон тазаланып турар эле. Коендун денеси кырк- элүү сантиметр болсо, ал өзүнүн денесинен беш-алты эссе алыс секире алат. Бүгүн жүрүш кызуу, алтоо чарчоону сезбеди. Ала-Тоолук алтоо Москваны биринчи көрүштү. Асанкулдун жашы жыйырма бештерде. Ылдам учкан куштардын ылдамдыгы 100-170 километрге жетет.
Этиш.
1-тапшырма. Этиштердин чактарын аныктагыла.
Башка улуттун тилин терең үйрөнүп,ал тилде эркин сүйлөй билүүнүн эч зыяны жок. Кайра, элдин тилин билүү адамдын билимин кеңейтет, көзүн ачат, элдин ортосундагы улуу достукка көпүрө болот. Кыргыз тили мен үчүн кымбат. Башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилин билүүсүн каалар элем.
Китеп – билимдин булагы, китепти сүйө билгиле. Ал адамга билим берет, бири-бирин урматтоого, жаратылышты сүйүүгө үйрөтөт.
2- тапшырма. Этиштин терс формасын пайдаланып, «Акыл кени – китепте, аны унутпа » деген темада чакан текст түзгүлө.
3-тапшырма. Текстке суроолорду түзгүлө жана мазмунун айтып бергиле.
Таш Рабат.
Таш Рабат Ат-Башы өрөөнүндө жайгашкан байыркы кербен сарай. Ал Улуу Жибек жолунун боюнда курулуп,өз убагында эл аралык мааниге ээ болгон. Анын салынышы да өз мезгилиндеги курулуштардан абдан айырмаланып турат.
Рабат- кыргыз тилине которгондо: ажайып,кооз жай деген мааниде. Демек, таштан салынган кооз жай дегенди түшүндүрөт.
Жалаң табигый таштан кынапталган бул кербен сарай дайыма өзгөчө кызыгууну пайда кылып келген. Сарайдын ичи 31 бөлмөдөн туруп,анда эс алуучу,тамактануучу,унааларды байлай турган жайлар,кеңеш куруучу чоң бөлмөсү бар.Өз убагында сарай согуштук максатта да пайдаланылгандыгын андагы эки зындан айгинелеп турат.
Ташрабаттын жалпы курулушу ошол мезгилдеги курулуш чеберлеринин устат экендигин далилдейт жана Теңиртоодогу байыркы гүлдөгөн көчмөн элдин маданиятынын бирден-бир үлгүсү катары сакталып калган. Анын качан салынгандыгы жөнүндө так маалымат жок, болжолу 12-16 кылымдардын аралыгында курулган.
4- тапшырма. Жогорку тексттен эки сүйлөмгө морфологиялык талдоо жүргүзгүлө.
5-тапшырма. Төмөнкү этиштерди учур, келер,өткөн чак менен жактап чыккыла.
Сана, иште, катыш, жаз, айт, сура, өткөр, жүр.
6- тапшырма. Төмөнкү ата - бабабыздын насааттарын чечмелегиле
Эртең менен жаман сүйлөбө.Бирөөнүн кайгысына кубанба. Эшикти тээп ачпа. Саламдашпай сөз баштаба. Жаш баланы күзгүгө көрсөтпө. Тамакты дасторконсуз ичпейт. Насиптин алдын башкага бербе. Бар туруп жок дебе. Ардактуу адам алдында озунба, кадырлуу адам көзүнчө каткырба.
7- тапшырма. Жаңылмачтарды жаттагыла.
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Төрт көпөлөк бөлөк өтөт.
Эртең аркарлар марчага марчалайт,
Эртең аркарлар марчага марчаласа,
Биздин жердеги аркарлар марчага марчалабай,
Кимдин жериндеги аркарлар марчага марчалайт?
Жогор жактан сел келет,
Сегиз серке тең келет,
Куйругун майга малып келет,
Сакалын сууга салып келет.
8- тапшырма. «Менин шаарым» деген темада РАФТ ыкмасы менен
иштегиле.
9- тапшырма. Төмөнкү тема боюнча кластер түзгүлө : « Келечек»
10-тапшырма. Текстти окугула
Адептүүлүк
Адептүүлүк деген эмне? Ал- адамдардын жүрүм-туруму, бири-бирине жасаган мамилеси, карым-катнашы жөнүндөгү жалпы эрежелери. Буга сылыктык, сыпайыкерчилик, кичипейилдик, элпектик, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо деген сыяктуу көптөгөн жакшы сапаттар кирет.
Мындай сапаттар элдин байыртадан келе жаткан жакшы үрп-адат, каада салттарында калыптанып, коомдун өнүгүшүнө жараша өзгөрүп, өркүндөп турат.
Адам баласы өмүр бою тарбияланып такшалат, бирок бул тарбиянын негизи балалык, өспүрүмдүк куракта түзүлөт. Адам бала кезинен адептүүлүктүн тигил же булл эрежелерин үйрөнүп, адептүү адам катары калыптана баштайт.
11-тапшырма. Адептүүлүктү жана адепсиздикти чагылдырган жагдайларды сахналаштыргыла
12-тапшырма. «Эне» темасына синквейн түзгүлө жана төмөнкү ырды жаттагыла.
15-тапшырма. Көп чекиттин ордуна тиешелүү мүчөлөрдү жазуу менен этиштин чагын, ыңгайын аныктагыла.
Эр эмгегин жер же… . Баатыр күчүнө иш…, акмак малына ише… . Шайыры болбой эл бол… . Ынтымак бар жерге ырыскы ко… . Төөнүн көзү чоң болгон менен алысты көрө ал… . Согушта курман болгондордун ысымын эч качан унут… . Жакшыга айтсаң би… , жаманга айтсаң кү… . Акылдуу билимди сам…, акылсыз кийимди сам… .
Тактооч.
1- тапшырма. Чекиттин ордун тактоочтор менен толуктагыла.
Эдил берилген ишти …,… аткарат. Менин туулуп өскөн жерим … жайгашкан. Мен … түшүнөм, бирок … сүйлөйм. Машина … токтоду.Жый-налыш … өткөрүлөт.Айнура сабагын … баштады.Студенттер университетти көздөй … басып келишти. Ысык-Көлгө эс алууга… барабыз. … ата-энеме жардам берем.
2-тапшырма. Кыргызча которуп, тактоочтун түрлөрүн аныктагыла.
День отдыха.
Мы с братом решили в выходной день ехать в горы покататься на лыжах. Легли пораньше, чтобы рано встать: зимний день так короток. Утром встали рано, умылись, оделись, позавтракали и отправились на остановку.
Приехав в горы, мы любовались красотой и тишиной этих мест. Нам очень понравилось кататься на лыжах, так что и не заметили, как быстро прошло время.
3-тапшырма. Сөздөрдү биринчи сүйлөмдө сын атооч, экинчисинде- тактооч катары колдонгула.
Жакшы, бекер, жай, тез, жылуу, жеңил
4-тапшырма. Сөздөрдүн маанисин түшүндүргүлө: кечинде, кеч, кечке, кече, кечээ, кечкисин
7- тапшырма. Гезит-журналдардагы жана көркөм чыгармалардан тактооч катышкан 5 сүйлөм жазгыла.
8- тапшырма. Көп чекиттердин ордуна керектүү сөздөрдү койгула.
Биз … Ысык-Көлгө бардык. Бул көл … кооз. Көлдүн жээгинде шоссе жолу бар. Биз Ычык-Көлдө убакытты өтө … өткөрдүк. Күндүз сууга түшөбүз… көлдүн суусу … жылуу болот. Көлдүн үстүндө кайык менен сүзүп жүрүү айрыкча … Ысык- Көлдүн жээгинде биз … дем алдык.
Керектүү сөздөр: өтө,түштө,кызык,эң жакшы, кээде, кенен, жайында, көңүлдүү.
Лицом к лицу, специально, еле-еле, вдруг, медленно, вперед, иногда, по-моему.
10- тапшырма. Тактоочторду катыштырып «Ата Мекенге кызмат» деген темада чакан аңгеме жазгыла.
Синтаксис.
1-тапшырма. Текстти окуп, белгиленген сүйлөмдөрдүн баш мүчөлөрүн тапкыла
Ата Бейит – улуу Арман уюгу
Купуя сырды ачкан ким?
Эч айыпсыз жок кылынган адамдар Чоң – Таш кыштагынын айланасына көмүлүптүр деген каңшаар мурда эле таралып жүргөн, бирок алар кайсы жерге көмүлгөнүн эч ким көрсөтө алган эмес. Анын үстүнө айрымдар ал жерди ачык издөөнү, алек болууну каалашпагандыгы да чындык. Анткени, Союздук идеологиянын кандуу камчысы ойноп турган ошол кезде бул маселени козгоонун өзү опурталдуу иш болчу. Качан гана кайра куруу желаргысы каптаган 1990 – жылдары гана 53 жыл буюккан көчтөй белгисиз болуп, далай көз жашты агызган купуя сырды Бүбүра Абыканова эжебиз ачып берип отурбайбы.
Атасы Абыкан Кыдыралиев (1897 – 1973) 1932-жылдан 1940-жылга чейин азыркы «Чоң – Таш» лыжалык базасы жайгашкан ошол учурда ГПУнун дем алуу үйү болгон имаратта иштечү экен. Жай убактыларында атасы чарба жумуштарын аткарып, дем алуу үйүнүн керектиги үчүн бодо мал, канаттууларды күткөн. Кышында ал үйдү кайтарган. 1937 – 1938 – жылдын кышында дем алуу үйүндө кароолчунун үй – бүлөсүнөн башка эч ким болгон эмес.
Бир жолу Абыкан Кыдыралиев үй – бүлөсүн Кашка – Суу кыштагында досунун үйүнө жеткизген, алар 15 – 20 күндөй туруп калышат. Кароолчу үй – бүлөсүнө ал жерге жеткирген себептерин айтпайт . Кызы Бүбүра кайтып келгенден кийин дем алуу үйүнүн жанындагы мурунку эки кабат кирпич заводунун түбүнө чейин ураганын, түнкүсүн иттер чогулуп улугандарын байкайт. Жаздын келиши менен ошол имараттын, урандылардын арасынан адам жолой алгыстай буруксуган жыттар чыккан. Бүбүра эже булар тууралуу атасынан сураганда атасы Абыкан: «Мурунку кирпич заводунун урандыларынын алдында көп адамдардын сөөктөрү көмүлгөн» деп жооп берген. Атасы Абыкан Кыдыралиев андагы коркунучтуу окуяларды айтканы менен: «Бул тууралуу башка бирөөлөргө билдирбегиле» деп үй – бүлөсүнө катуу эскертет. Бирок, 1973-жылы Абыкан Кыдыралиев өлүм алдында жатып кызы Бүбүрага ошол сталиндик репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жерди эч кимге айтпай же көрсөтпөй кетип баратканына
өкүнүп, булл окуяны керээз катары кызына айтып көз жумуптур. Заманга жараша Бүбүра эже кийин гана КГБга ошол массалык түрдө көмүлгөндөрдүн ордун көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, тарыхтагы каргашалуу купуя сырды ачкан адам катары таанылды.
Чындыкты жаапжашырган болбойт, аягы келип ал жеңет. Шейит кеткен уулдарынын артында калдайган калкы Чоң – Таш көрүстөнүнө мемориалдык түзүштү. Ал эми Чоң – Таштагы көрүстөнгө «Ата – Бейит» деген атты ааламдык жазуучубуз Чынгыз Айтматов өзү койбодубу. Жазмыш экен өзүнүн сөөгү да ошол жерге коюлуп, кыргыз журтунун ыйык мазары болуп калды. Балким улуу жазуучубуз атасынын сөөгүнүн кайда коюлганын билбей жарым кылым ашуун зарлап келген көксөөсүн басыш үчүн аталар шейит кеткен жерди «Ата – Бейит» деп атаган чыгаар. Мына ошентип, залкарыбыздын «Саманчынын жолу» повестинде жазылган эпиграфына жооп табылды.
«Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерде көмүлгөнүңдү да билбейм»… Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинде эпиграф катары келтирген бул сөздөрү 1991 – жылдын жазында Чоң –Таш дагы бир жолу элдин көңлүн өзүнө бурду. Атылган 137 адамдын арасынан Төрөкул Айтматовдун да сөөгү табылды. Ошентип, канчалаган жазыксыз адамдардын тагдырына түн түшүргөн 1937-жылдагы бул кайгылуу окуя жөнүндө дүйнө жүзү билип, дүң дей түштү.
2-тапшырма Текстке суроолорду түзгүлө
3-тапшырма «Ата-Бейит- улуу Арман уюгу» текст боюнча «Эки бөлүктүү күндөлүк» стратегиясын колдонуп иштегиле.
4- тапшырма Сөз айкаштарынын байланыш жолдорун аныктагыла.
Терең билим, мелдешке чыгуу, биздин жаштар, суудан муздак, жыйырма дептер, акырын айтуу, узундуктан секирүү, елканын оюнчуктары, улууларды сыйлоо, эмгекке такшалуу, алыс жол, тез кыймылдоо, окуунун отличниги.
5-тапшырма. Сүйлөмдөрдүн баяндоочторун таап, сөз түркүмүн аныктагыла
Биз улууларды сыйлашыбыз керек. Тажрыйбалуу учкуч самолетту жакшы башкарды. Эң кенжебиз – Мукай. Эмгек – бакыттын булагы. Биздин жерибиз күнөстүү, берекелүү. Алардын жаштары- отуздарда. Нарын өрөөнү – ушул. Тоодон тунук булактар агат. Биздин үй суудан жогору. Музыка угуучулар абдан көп.
6- тапшырма. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштары менен сүйлөм түзгүлө:
Окуу жай, эч ким, биринчи, жолугушуу - толуктооч катары;
Бул, эмгектенүү, алар, коркок - аныктооч катары;
жооп алуу, жайды-жайлап, айыл, кылым - бышыктооч катары.
7- тапшырма. Тексти кыргызчага которгула
Арча.
Арча растет на склонах гор. Известны такие виды арчи,как кара арча,карагай арча,ползучая(жапалак)арча.Арча выделяет вещества,обладающие целебными свойствами и удивительно приятным запахом. Поэтому воздух в арчовых лесах считается целебным.
Арчу знают все кыргызы. Поджигая веточку арчи, по старинной традиции окуривают жилье,чтобы уберечься от болезней и бед. Кыргызы издавна почитают арчу как святыню,бешик-колыбель для ребенка- изготавливали из арчи,желая своему ребенку такого же,как у арчи, долголетия.
5- тапшырма. Сүйлөмдөрдү толуктагыла.
Бул баалуу … . Өтө суук жыл мезгили - … . Таттыбүбү Турсунбаеванын ысмы кыргыз кино жылдызы катары …. кеңири белгилүү. Ал кыргыз элинин сүйүктүү, …, … кызы. Каныбек – бүгүн айылдын …
Биз … менен сыймыктанабыз.
Кыргыз элинин каада - салттары.
Дүйнөдө ар түрдүү элдер жашайт. Ар бир элдин өзүнө тиешелүү каада- салты, тили, дили, үрп-адаты бар. Ошол түрдүү элдердин арасына да кыргыз эли миңдеген жылдар бою өз маданиятын, тилин, салтын, сый-урматын ж.б. мыкты касиеттерин сактап келе жатат.
Кыргыздардын үй – бүлөлүк, турмуш тиричилик карым- катнаштары, элдик салттары жана ырым – жырымдары алардын көчмөн турмуштук шарттарына байланыштуу келип чыккан. Бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүү менен ар бир адам өз үй – жайын көчмөндүк тиричиликке ыңгайлуу бекем жана кооз буюмдарын жасоого умтулган. Көптөгөн чеберлер бир нерсени жаратып гана тим болбостон, элдик тажрыйбаны чогултуп муундан - муунга калтырууну салтка айландырышкан.
Ар тараптуу кол салууларды башынан өткөргөн кыргыз элинин патриоттук сезимдери күчтүү келип, Ата Мекенди коргоо, элди жана жерди урматтоо да элдик салттка айланган.
Улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү, өзгөчө ата – энени сыйлоо, бири – бирине жардамдашып, кыйынчылыкта колдоо көрсөтүү адептүүлүктүн эң жогорку көрүнүшү болгон.
Наристенин төрөлгөнүн сүйүнчүлөп билдирүү кыргыз элинде илгертен келе жаткан салт. Сүйүнчү айткан адамга белек беришет. Бөбөктүн төрөлүшү ата-энеси, туугандары үчүн зор кубаныч.
Бала төрөлгөндө ага азан чакырып ат коюу – кыргыз элинин улуу салты. Анкени, ага ат коюу менен адамдардын арасында адам болуу укугу ыйгарылат. Ат коюу ар бир элдин жашоо- турмушу, үрп-адаты менен байланыштуу.
Азан чакыруу кадыр-барктуу аксакалдарга ыйгарылат. Ат коердо баланын ата-энеси тууган-туушкандарын, айыл аксакалдарын чакырып, мал союп, дасторкон жасашат. Азан чакырылып жатканда короого чыгып кыбылага карап ымыркайга ат коюшат.Тандалган атты баланын кулагына үч жолу айтат. Чогулгандар балага баталарын беришет. Ат коюу ырымы ушуну менен аяктайт.
Сөздүк иши.
Энчилү ысым - имя
Ымыркай –новорожденный
Азан - призыв к молитьве
Зекет – милостыня, предписываемая шариатом в пользу бедных
Жарамазан – обрядовые песни , распевавшиеся в месяц рамазан
Осуят – завещание, завет
Сүннөткө отургузуу – совершать обряд обрезания
5-тапшырма. Төмөнкү сүйлөмдөрдөгү белгиленген сөздөрдү маанилеш сөздөр менен алмаштыргыла.
Бардык туугандар ымыркайга бата беришет. Ат коюу аземине айылдагы кадыр- барктуу аксакалдар чакырылат. Ар бир аттын өзүнчө мааниси болот.
6-тапшырма Ар бириңер өзүңөрдүн атыңардын (ысымыңарды) маанисин айтып бергиле.
7- тапшырма. Тушоо кесүү тою жөнүндө эмне билесиң? Билген маалыматыңарды түгөйүңөр менен иштеп таблицанын 1-чи жана 2 -бөлүктөрүн толтургула.
1-бөлүк Билем
2-бөлүк
Билгим келет
3-бөлүк
Билдим
7-тапшырма. Текстти окуп, мурунку өзүңөрдүн жазган маалыматыңар менен салыштырып, таблицанын 3- бөлүгүн толтургула.
Тушоо кесүү.
Баланын төрөлүшүнө жана чоңоюшуна өзгөчө мааниге ээ үрп-адаттын бири-тушоо кесүү.Бала бир жашка чыкканда тушоо той берилет.
Бөбөктүн бутун ала жип менен тушап коюшат. Ак жип менен кара жипти бириктирип эшкенде ак менен кара айкалышып ак ала болуп көрүнөт. Муну ала жип деп коюшат. Жашоодо ар дайым кайгы менен кубаныч, жамандык менен жакшылык кошо жүрөт. Ошол себептен ак менен кара жип бирге алынат.
Баланын тоюн өткөрүү үчүн атайын той башкаруучу дайындалат. Жарышты баштоочу жер жана мара белгиленет.Башкаруучу тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди,аялдарды маранын айланасына катар отургузат. Жарышка бир өңчөй уул балдар жана кыздар катышат.
Тушоосу кесилүүчү баланы марадан 10-15 метр алыстыкта атасы же апасы,же айыл аксакалдардын бири бутун ала жип менен тушап кармап турат.Башкаруучунун жардамчылары жарышка катышуучуларды чуркай турган жердин башталышына алып барып тизет да, чуркоого белги берет.Жарышка катышуучулар,биринчи кезекте балдар белгилүү аралыкта чуркап келишет. Биринчи келген бала тушоо жипти кесет да, бөбөктү жетелеп бастырат. Тушоо кескен балага байге берилет жана жипти кескен маки же бычак кошо тартууланат.
Аксакалдар «Өмүрүң узун,келечегиң кең болсун,элиңдин ишине жараган,ата-энеңдин сыймыктанган уулу же кызы бол!» - деген жакшы сөздөр менен батасын
беришет. Марага келгендерге келүү кезегине жараша белгиленген байгелер таратылат. Чогулган эл конок болуп , бөбөккө бата беришет.
8- тапшырма. Сол жактагы сөздөргө мааниси ылайык келген оң жактагы сөздөрдү тапкыла
1. наристени тартуулайт
2. кубаныч жайылат
3. дасторкон аластайт
4. бешик жаткырат
5. байбичелер өткөрүшөт
6. энеси терметилет
7. ата-эне багат
9- тапшырма. Улуттук үрп-адаттар менен таанышып, сөздөрдү эстеп калгыла.
Бата кылуу- молитвенное напутствие, благословение
Түлөө берүү - совершать жертвоприношение
Жентек той - угощение, устраиваемое по случаю рождения ребенка
Тушоо кесүү- обычай перерезания пут, веревочки
Көрүндүк - подарки, приносимые теми, кто приходит посмотреть на но- ворожденного или невестку
Нике кыюу - совершение обряда бракосочетания у мусульман.
Бешик боо бек болсун! - поздравление с новорожденным
Куш боо бек болсун! - поздравление молодоженам в свадебный вечер
Сүйүнчү - сообщение добрую весть
10- тапшырма. Өз улутуңардын салттары жөнүндө айтып бергиле.
11-тапшырма. Текстке суроолорду түзгүлө.
Меймандостук.
Кыргыз элине тиешелүү асыл сапаттардын бири - меймандостук. Бул биздин ата-бабаларыбыздан калган салтыбыз. Үйгө келген кишини «Келиңиз, төргө өтүңүз, даам ооз тийиңиз»- деп тосуп алышат. Мейманга болгон жакшы тамагыбызды берип, төргө олтургузабыз.
Кыргыздар жашоо-турмушундагы ар бир кубанычты Эл чакырып, мейман тосуп белгилешет. Тойго кошуна, тууган, достору чакырылат. Мейман күтүү- элибиздин сүйүктүү салты.
12- тапшырма. Төмөнкү макалдарды эстеп калгыла да, маанисин түшүндүргүлө.
Ырыс алды – ынтымак. Уят -өлүмдөн катуу. Акыл – айга жеткирет.
Бербестин ашы бышпас.Тамак үчүн асмандагы куш торго түшүптүр. Тамактын жакшысы- ток, жаманы- жок.Коногу пейил күтсө,үй ээси капа болот.
13-тапшырма. Чекиттин ордуна тиешелүү мүчөлөрдү улап жазгыла.
Адам бала… өмүр бою тарбияланып такшалат. Тарбия… негизи балалык кез… түзүлөт. Адам адептүүлүк эрежелерин бала чагы… өздөштүрөт. Дүйнө жүзүндөгү эл… баары адептүүлүктү жогору баалашат. Ошондуктан ар бир эл… өз салты… жараша адептүүлүк эрежелери пайда болгон. Азыркы күн… талабы боюнча адам адептүү гана болбостон, айлана-чөйрөсүндөгү адамдар… суктанткан эң сонун жүрүм-турум эрежелерин өздөштүрүүгө тийиш.
14-тапшырма. Тексти окуп, мазмунуна карата тема койгула да, ылайыктуу макал-лакаптардан мисал келтиргиле.
Кыргыздар байыртадан ак батанын күчү өтө зор деп билишкен, ошондуктан бата алуу ар бир кыргыз үчүн абдан маанилүү. Улуулардан бата албаган бир да кыргыз баласы болбойт. Жаңыдан төрөлүп, атын койгондо, бешикке салганда, тушоо кесилгенде, сүннөт тойдо, эрдик, жакшы иштерди жасаганда ж.б. жаш кезинен тартып өмүр бою улам улуулар, акылман аксакалдар батасын беришет. Бабалардын ак батасы кийинки жаштарга накыл, осуят катары бааланат.
Батаны ардактуу карыялар көбүнчө ыр же жамактаткан накыл сөздөр менен айтышкан. Бекеринен кыргыз элинде «Жамгыр менен жер көгөрөт,бата менен эл көгөрөт» деп айтылып калбаса керек. Бата бир эле учурга, бир гана жакшылыкка багышталбастан, анын Эл-журт үчүн кызмат өтөөсүнө тапшырма,чакырык ниетинде айтылгандыгы менен баалуу болуп келет.
Кыргыз элинин кийимдери.
1-тапшырма. Текстти которгула.
Байыркы адамдар кийимди ысык жана сууктан коргонуш үчүн кийишчү. Кийинчерээк кийимди кооздук үчүн кийүүгө өтүшкөн. Байыркы адамдар айбанаттардын терисин жамынып алышчу. Бара-бара сөөктөн ийне жасап, териден кийим тиге башташат.
Ар бир улуттун өзгөчөлүгүн билдирген улуттук кийим кечелери бар. Мындай салт-санаа кыргыз элине да тиешелүү. Кыргыз элинин улуттук кийимдери аркылуу жаш өзгөчөлүктөрүн, куракты аныктоого болот. Кийимдер эркектики, аялдыкы, балдардыкы болуп да бөлүнөт.
Эркектердин кийимдери: калпак, тебетей, ичик, чепкен, тон, малакай ж.б.. Аялдардын кийимдерине: кемсел, чыптама, топу, элечек, такыя, шөкүлө, белдемчи кирет жб. Алар өңү ачык, түстүү кездемелерден кийинген.
Кыргызда териден жасалган ичик, тон, тебетей, калпак сыяктуу кийимдер азыр да кийилет.
2-тапшырма. Берилген сүйлөмдөрдү толуктагыла.
Кийимден адамдын …. жана ….. байкаса болот. Япондордун …, индиянкалардын …. алардын улутун дароо эле билдирет. Дүйнө жүзүндөгү элдерди … кийимдеринен айырмалай алабыз. Кийимдер … же … тигилет. Азыр дүйнө жүзүндөгү элдердин көбү жалпы маданиятка умтулуп, мода менен кийинишет. Мода …-… өзгөрүп турат.
3- тапшырма. Кыргыздын улуттук кийимдери боюнча сөздүк түзгүлө. Кийимдердин сүрөтүн тарткыла.
калпак - кийизден оюу түшүрүлүп жасалуучу эркектердин баш кийими.
тебетей - …
белдемчи - ...
шөкүлө -...
тон -...
такыя-...
4- тапшырма. Учкул сөздү толуктагыла : «Адамдын өңү да ,...
5- тапшырма. Кызык экен, билип ал!
Ата- бабабыздын салтында адамдын кийими , айрыкча баш кийимди жерге таштабайт жана тебелетпейт.
Кийип жүргөн баш кийимин эч кимге бербейт, сатпайт жана тегеретпейт.
Жаш баланын кийимин эшикке калтырбайт. Ата-энеңдин кийиминин үстүнөн аттаба.
Шымды башыңа койбо.
Кирдин суусун жолго, сууга төкпө.
Мейман келгенде үй шыпырба.
Бирөөгө буюмду оң колуң менен бер да, сол колуң менен ал.
6- тапшырма. «Дарактын көркү – жалбырак, адамдын көркү – чүпүрөк» деген макалдын маанисин түшүндүргүлө
7- тапшырма.Төмөнкү макал-лакаптардын маанисин чечмелеп, эсиңерге тутуп алгыла.
Тон жылуусун ээси билет. Кийимдин жаңысы, аргымактын арышы, достун эскиси жакшы. Наристенин кийимин түнкүсүн сыртка калтырбайт. Эрке бала жаңы кийимге сүйүнөт, жетим бала тойгонуна сүйүнөт.
8- тапшырма. Жөндөмө мүчөлөрүн ажыраткыла.
Койдун жүнүнөн ар түрдүү кездемелер токулат. Кездемеден көйнөк, чапан, күрмө тигилет. Тыбыттан жылуу жоолук, төөнүн жүнүнөн төшөк, кийимдерди жасоого болот. Кыргыздар жылкынын этин абдан баалашат, ал эми сүтү ден-соолукка пайдалуу.
9- тапшырма.Сөздөрдү ирети менен байланыштырып текст түзгүлө да, аны уланткыла.
Тыкан бололу!
Байкалат, сырткы, адегенде, эле, элдерге, айлана, көрүнүшүң, чөйрөгө. Пайдалуу, кичине, тыкандыкка, көнгөн, тактыкка, жана, кезинен. Бардык, үйрөнөсүң, туура, калгандыктан, жасоого, так, жана, көнүп, тыкандыкка, ишти, кийин. Адамга, өтө, ишкер, бири, керектүү, бизнесмендерге, сапаттардын, эсептелет, болуп, тыкандык. Эми, тыкандыктын, ал, душманына, сапаттар, кандай, кирет?
10-тапшырма. “Улуттук кийим жана мода” аттуу темага билдирүү даярдагыла
11- тапшырма. Башка улуттардын кийими жөнүндө айтып бергиле
Кыргыз даамы. Улуттук тамак-аштар
1-тапшырма. Төмөнкү суроолорго жооп бергиле.
Меймандостук дегенди кандай түшүнөсүң?
Өз улутуңдүн улуттук тамак-аштары жөнүндө айтып бер.
Кыргыз элинин кандай улуттук тамак-аштарын билесиң?
2-тапшырма. Текстти которгула.
Тамак-аштар.
Республикабызда 80ден ашуун түрдүү улуттагы элдер жашайт. Алар бири-бирине мейманга барып, даамдуу тамак-аштарынан жешет. Ата-бабаларыбыз тамак-ашты колу менен жешкен. Азыр да бешбармакты, палоону кол менен жешет.
Ар улуттагы элдер бир-биринен жеген тамагын үйрөнүп олтуруп берекелүү дасторконго жетишкен экен. Мисалы, кыргыздын бешбармагын элдин баары билет. Өзбек элинин палоосу, уйгурдун лагманы, дунгандын фунчозасы жалпы Кыргызстандын эли үчүн улуттук тамак болуп калды. Бул да болсо достуктун , ынтымактын белгиси.
1-тапшырма. Мейманга баруу же мейман күтүү адеби жөнүндө айтып бергиле.Өзүңөрдүн меймандостугуңар, сыйчылдыгыңар жөнүндө ой жүгүрткүлө.
2-тапшырма. Кыргыз элинин тамак- аштары менен таанышкыла.
Бешбармак - бышкан сулп этти майда туурап, кесме менен чык кошуп ара-лаштырып берилет (кушанье, состоящее из мелко нарезанных кусочков мяса и теста, политых бульоном.
Куурдак - союлган малдын эттерине пияз, калемпир кошулуп куурулат (жареное мясо)
Быжы - боор эт, ич май, күрүч, калемпир, татымалдарды кошуп таза жуулган мөөнгө же жоон ичегиге салып бышырылат (колбаса из мелко нарезанной печени с добавлением пряностей и риса)
Жөргөм - карын менен өпкөнү ичеги менен чалып ороп жасалат (кушанье из легких и желудка, переплетенных кишками)
Олобо- өпкөгө сары май кошулган сүт куюлуп бышырылган улуттук тамак (кушанье из легких, наполненных молоком и топленым маслом )
Боорсок - ачытылган камыр бирдей формада кесилип, майга бышырылуучу нан ( кусочки нарезанного теста, обжаренного в масле)
Кымыз - бээ сүтүнөн ачытылып жасалган кычкыл суусундук (кислый напиток, приготовленный из кобыльего молока в специальных кожаных бурдюках (сабаа)
Чалап - айран, сүзмөгө суу кошуп даярдалган суусундук (напиток из сүзмө или айрана с добавлением воды)
Максым - талкандан жасалуучу суусундук (напиток, приготовленный из талкана
5-тапшырма. Ырды окуп, өзүңөрдүн конокко баруу жана мейман тосуу адемиъер жөнүндө ой бөлүшкүлө
Конокко баруунун жол-жобосу
Конокко чакырбасын сени кимдер,
Адеп күтүп, тамакты даамдай көр.
Улуу болсо өзүңдөн – эзелки адат,
Ашка колун кичүүлөр кийин салат.
Бирөөнүн алдындагы тамакты алба,
Өз жактан ал, өзүңдү жакшы карма.
Оозуңа салганыңды шашпай чайна,
Ысык ашты –үйлөбө, жаман анда.
Тамакты жеген сайын мактап алгын,
Үй ээсинде сүйүнүч, кубаныч калсын.
Жол-жобосу дүйнөнүн мына ушундай
Эстей жүр, эл ичинде унуткарбай.
Ж.Баласагын.
1-тапшырма. Текстти окуп, мазмунун айтып бергиле. Тандап алган сүйлөмдөргө грамматикалык талдоо жүргүзгүлө
Кымыз.
Кымыз кишинин каны,
Эт кишинин жаны.
Жалгыз бээ жан сактайт,
Эки бээ эл сактайт.
Берээрге бешимде-кымыз,
Бербеске эртең менен-саамал.
Байтал минсе кулун жок,
Саамал ичсе-кымыз жок.
(эл казынасынан)
Кымыз – кыргыздын байыркы суусундуктарынын бири. Ал негизинен бээнин сүтүнөн жасалат.
Кымыздын дарылык касиети өтө чоң. Ал тамак сиңирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө жардам берет. Организмдин зат процессин оңдойт. Кымыз ичкендин көңүлү көтөрүлүп, ден соолугу чыңалат. Ошондуктан аны ар кандай ооруларга колдонууга сунуш кылышат.
Республикабызда кийинки кездерде кымыз менен дарылоо оң натыйжаларды берип жатат. Жайкысын Бишкек шаарынын соода тармактарында кымыз сатуу уюштурулган. «Шоро» фирмасы эң мыкты сапаттагы кымыз чыгарат.
«Кымыз – кишинин каны, эт – кишинин жаны» - деп элибизде илгертен айтылып калган накыл кеп бар. Көбүктөнүп мелт-калт куюлган кымыздын жаралышына эмнелер гана үлүшүн кошпогон. Ак мөңгүлүү тоолор, жайкалган жашыл шибер, мөл кашка суулар … .
Кыргыздар кымыз ичүү аземине чакырганда күнүмдүк тиричиликтерин коюп, санжырадан кеп салып, сагынычтарын басышкан, же болбосо айыл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди чечишкен. Демек, кымыз ичүү аземинин негизги маңызы – эрмектешип олтуруп эс алуу, акын-төкмөлөрдүн көңүл эргиткен ырларын, жүрөк кылын чертип үндөгөн миң кырдуу комуз, кыл кыяк, чоор, темир ооз комуз күүлөрүн , байыркы дастандарды угуу.
Кымыз жөнүндө
Кымыз тууралуу жазма маалыматтар байыркы дүйнөнүн көп элдерине белгилүү болгон. Биздин жыл санакка (эрага) чейин жашаган скиф уруулары кымызды
жамаатташ жашаган көчмөн элдерден үйрөнүшкөн. Азия менен Европадан келген саякатчылар көчмөндөр арасында болушуп, кымыз тууралуу жазып калтырышкан.
Кымыздын организмге пайдалуу экенине өзгөчө орус окумуштуулары көп көнүл бөлгөн. Орус окумуштуусу В.И.Даль 1843-жылы «Кымыз ичти муздатат, суусунду кандырат. Көнүлдү көтөрүп, денени магдыратып, жаныңды жыргатат. Кымызды бир жума ичсеъ, денеңе кадимкидей куч-кубат кошулуп, өзүндү сергек сезип, ден соолугун чыналып, эки бетине кызыл жүгүрөт. Эгерде кымызга көнүп алсан, бөлөк ичкиликке эч көнүлүң тартпайт»- деп жазган.
Атактуу орус окумуштуусу С.П.Боткин кымыздын даарычылыгын жогору баалап, аны көп чыгарууну сунуш кылган. Ал эми орустун белгилүү хирургу Н.В.Склифосовский операциядан соң көпкө тыңый албагандарга кымыз берсе болот деген.
7- тапшырма. Төмөнкү сөз айкаштарын кыргызча которуп, байланыштуу текст түзгүлө.
Традиции кыргызского народа; угощают сладостями; накрывается праздничный дастархон; сопровождается песнями и танцами; дают благословение; интересно проходит; приглашаются все родственники; с первыми шагами; специальный приз.
8- тапшырма. Төмөнкү макал-лакаптардын маанисин түшүндүргүлө.
Ток киши тамакты тандап ичет, ач киши табылганын ичет. Тамак үчүн асмандагы куш да торго түшөт. Ач кадырын ток билбейт. Аш көп болсо, каада көп. Ач тоюнат, сук тойбойт. Колунда токочу бар сүйгүнчүктүү. Кашыгы да май, чөмүчү да май.
-курут десе, куу баштан да шилекей агыптыр».(элдик сөз)
Элибиздин актан болгон эзелки оокаттарынын адимиси да, абзели да курут. Курут сүзмөдөн жасалат. Ал эч бузулбаган, ток, кубаттуу кургак оокат. Аны эзип, аш катык, көрүш кылат. Эзилгенине май салып, же каймак куюп, нан туурап, өзүнчө оокат катары да ичишкен. Айрым түрлөрүн күлазыкка кошчу. Ыраак жолдо, көчтө, узак катышта, ачарчылык жылдарында элди азыктанткан курут бүгүн да калк ичинде көп жасалат. Жакшы жасалган курут 7-8 жылга чейин тура берет. Алып жүрүүгө жеңил, бардык тарабынан көчмөн тиричиликке ылайыкташкан, эчен кылымдык тажрыйбадан сыналган курут, бүгүн да элибиздин оокаттануусунда зор мааниге ээ.
Быштак
Кыргыздардын илгерки оокаттарынын бири быштакты көбүнчө ууздан, ириген сүттөн, иримчиктен, кээде сүтөмүк айрандан жасашкан. Азыр болсо, атайын ачыткылары бар. Эжигей, иримчик (творог) сыяктуу эски оокаттар да быштактын тобуна кирет. Мындан сырткары быштак деп аталгандардын да түрлөрү бар. Аны жалаң нак сүттөн гана жасайт.
Куургак оокаттар
Дарактын күчү тамырда,
Тамактын күчү камырда.
(эл сөзү)
Кыргыздын кургак оокаттары жалаң нан азыктарынан гана жасалат. Арпа, буудай, жүгөрү, конок, тару, шалы, нокот сыяктуу дандан алынган ун-талкандар байыртадан бери эле калкыбыздын күндөлүк оокаттануусунда орчундуу орунду ээлеген. Негизги азыктардан болгон аларды сокуга чийкилей түктөп, кууруп алып, актап, жаргылчакка адырата тартып, тегирменге тартып акшак, ун же талкан кылышкан. Акшактан, түктөлгөн арпа, буудай , же жүгөрүдөн, акталган күрүч, тару жана коноктон, талкандан ар кандай аштар, ботколор ж.б. оокаттар жасалган.
Нан
«…Сенселе баскан жаныңдан,
Сейдене сепкен наныңдан…»
(эл ырынан)
Кыргыз нандары загыра менен буудай ундан жуурулуп, ачыган жана ачыбаган камырдан жасалат да, көчмөн казанга жана камырына карай, үч түргө бөлүп коюу ылайык:
1. Казан нандар: какшыган казанга жабылып, оттун табына бышкан нандардын баарын бириктирип «казан нандар» деп аташкан.
2. Көмөч нандар: нан бышыруунун эзелки түрү болгон: көмөч нандар ар кандай ундун ачылган камырынын көмөчказанга жасалып, чокко көмүү менен бышырылат. Көмөч нандар жумшак, кубаттуу жана ток болот.
3. Тандыр нан: тандырга жабылган нандардын бардык түрүн жөнүнөн тандыр нан деп коет. Тандыр нандар үчүн көбүнчө камырдын ачыганын пайдаланышат.
Май токоч
“Токоч-тоют,
Жарма-оокат”.
(эл сөзү)
Улуттук нандардын эзелкилеринин бири, абзели жана мыктысы -«май токочтор» деп аталат. Ага ар кыл боорсоктор, токочтор, каттамалар, куймактар кирет. Аталган кургак оокаттар жалаң ундун ачыган жана ачыбаган камырынан жасалат. Камыры түрдүүчө жуурулат; башкача айтканда, бири суйук, экинчиси жумшак, үчүнчүсү катуу. Аларды бышырыш үчүн, мурда сары май, ич май, кошмо майлар пайдаланылат.
Боорсок-кыргыздын шаан-шөөкөткө, мааракелерге арналган кургак сый оокаттарынан. Аны демейде да көп жасайт. Камыры жумшак жуурулат.
Боорсок көбүнчө ачыган камырдан жасалат. Өз ара кыйла түрлөргө бөлүнөт. Ал ток оокат.
Каттамалар. Камырдан жасалган кургак оокаттардын эн кадырлуусу- каттамалар. Ал каймак, сары май сүйкөлгөн ачыбаган жаңы камырдан жасалат.
12 –тапшырма «Нан -тамактардын ыйыгы» аттуу темада РАФТ ыкмасы менен иштегиле
Суусундуктар
«Суусунду сурап ичет.»
«Ысылыкка тай союп, Суусундукка чай коюп…»
(эл казынасынан)
Суусун деп эл оозунда суусаганды кандыруу үчүн ичиле турган муздак суусундарды айтат. Ага: аксерке, айран, жуурат, кымыз, көөрчөк, чалап, эзилген сүзмө, курут жана чулу, жарма, максым сыяктуу оокаттар кирет. Суусундар чаңкоону кандыруу менен бирге топуктуу келет. Анткени ал дан сүт азыктарынан, мөмө-жемиштердин кайнатмасынан, эттин шорпосунан жасалат. Айран, жуурат, коюутамак, акажан, паймарек, кымыз, көөрчөк сыяктуулардын бир мааниси суусун сынары болгон менен өз алдынча оокат.
Чай. Кыргыз калкынын күндөлүк оокаттарынын ажырагыс бир бөлүгү - суусун. Элдик ашпоздук өнөрүнүн тажрыйбасы менен тамак-атарды классификациялоонун жалпы эрежелеринен улам аны ысык, муздак суусундар деп экиге бөлүп кароого болот. Ысык суусун катары ар кыл чайларды атаса, муздак суусундарга, ширелер, шербеттер жана кыргыздын арашан суулары кирет.
Чай - атам замандан бери адамдар колго өстүрүп келаткан аруу өсүмдүктөрдүн бири. Ал тууралу алгачкы жазма маалымат мындан 3миң жылча илгери болгону илимге маалым.
Чай Европага 17 кылымдан баштап гана тарайт. Орус эли болсо аны 19 кылымдан тартып өзүнүн субтропикалык райондоруна өстүрө баштайт. Азыркы убакта Кара деңиздин боюнда, Крымда, Грузияда, Арменияда, Азербайжанда жана Өзбекстандын түштүк райондорунда чай өстүрүлөт. Өскөн жерине байланыштуу чайлар: грузин чайы,
армян чайы, азербайжан чайы, индия чайы ж. б. у. с. деп аталат. Алар да жогорку, биринчи, экинчи, үчүнчү сорт деп бөлүнөт.
Ааламдагы бардык элдер сыяктуу эле кыргыздар да чайды турмуш-тиричилигине, каада-салтына, чарбачылыгына, ашканасына жана оокаттануусуна жараша өзгөртүп, анын өз бетинче түрлөрүн иштеп чыккан. Орус окумуштуусу В.И.Кушелевский 1891-жылы жарык көргөн «Медициналык география үчүн маалыматтар жана Фергана областынын санитардык абалы» аттуу китебинде ак чайдын жасалышын (чайга сүт куюп, туз татытып, куурулган ун чалганын) жазып келип: «Мындай ак кошкон заттан болгон оокат чайдан көрө ашка окшош. «Ак чай» же «ширчай» деп аталган мындай оокатты кыргыздар эле эмес, көчмөндөрдүн көбү ичишет» деген. Мындан жүз жылча мурда жасалчу ак чай менен биздин эл бүгүн да оокаттанышат.
Куурма чайлар. Чайдан көрө ашка жакын. Анын негизи-коюу чай, куурулган ун, сүт (же каймак), таттуу (бал, кант, набат). Татымал катары туз, калемпир-мурч кошулат. Мындай ар кыл заттардан жасалган куурма чайлар элдик медицинада мүнөз оокат катары бааланып, айрымдарын көбүнчө суук тийгендерге атайлап жасашат.
Кара чайлар менен көк чай бир эле түп чайдын баркы. Айырмасы, кара чайды иштетип жатканда, узакка ферментациялап, ферменттин таасири аркылуу өзгөчө жол менен кайра иштеп чыгат. Натыйжада ал кочкул күрөң түстөгү, өз алдынча жагымдуу жыты, мүнөздүү даамы бар кара чайга айланат. Түсүнө, жытына карап биздин эл аны кара чай же кызыл чай деп атайт.
Көк чайлар. Республикабыздын дыйканчылык өрөөнүндө көк чайды көптөн бери такай ичишсе, тоолуу жерлерде майлуу оокаттан кийинки ысык суусун катары колдонушат. Канткен менен көк чай кыргызга кеңири белгилүү. Өзгөчө кыргыз чайкорлору аны эчактан бери жогору баалашат. Жашыл көгүш түстө көк чайдын кургагынын өз алдынча жыты бар. Демдегенде мүнөздүү бул жыты анкып, даамы адегенде аз гана ачуураактай туюлат.
Мөмө чайлар. Тоодо өскөн ар кыл татымал чөптөрдөн, жалбырактардан, ашынан, тамырынан, жер-жемиштеринен, мөмөлөрдөн кыргыз эли түркүн чайларды жасап, дарылыкка, суусунга ичкен. Аларды жалпы жөнүнөн мөмө чайлар деп атаган. Аны ысык жана муздак суусун жана оокат катары ичишкен. Айырымдарына чай куурайдын жалбырагын кошуп, жер жемиштердин ашынан кайнатышкан. Мындай чайлар жыттуу, витаминдүү келип, адамдын чаңкоосун кандырган, мөмө чайларга нан, жупка, боорсок сыяктуу кургак оокаттар, таттуулар кошо берилгени жакшы. Мөмө чайлардын түрлөрү: алма чай, өрүк чай, мөмө чай, жыттуу чай, кыям чай.
Кыргыздын улуттук оюндары.
1-тапшырма. Текстти окуп, айтып бергиле, суроолорду түзгүлө.
Элдик оюндар
Элдик оюндар элдик тарбиянын ажырагыс бөлүгү. Оюндар өспүрүмдөрдү элди, жерди, Мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке, чечкиндүүлүккө тарбиялоодо
мааниси зор. Азыркы кезде да элдик оюндар жаштарды турмушка даярдоо процессинин негизги фактору болуп келүүдө.
Оюндар көңүл ачууда, маданияттуу эс алууда, бош убакытты өткөрүүдө, денени чыңдоодо гана чоң мааниге ээ болбостон, өспүрүмдөрдүн руханий дүйнөсүн калыптандыруунун, аларга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн, улуттук маданиятты жакындатуунун жана өз ара байытуунун да каражаты болуп саналат. Оюндарды адамзаттын көп кылымдык маданиятын сактап келе жаткан кенч катары да бааласак болот. Анкени, оюндар элдин материалдык жана руханий чыгармачылыктарынын бардык тармактарын камтыйт.
Оюн - адамдын ишмердүүлүгүнүн бир түрү. Андан ар кандай ишмердүүлүккө тиешелүү болгон өзгөчөлүктөр, максатка умтулуучулук, оюндун пайдалуулугу көрүнөт. Оюн баланын айлана-чөйрөнү тез таанып билүүсүнө, эмгекке кызыгуусун арттырууда да өтө маанилүү. Ошондой эле окуу процессинде өздөштүрүүгө кыйын болгон нерсени оюн учурунда оңой эле өздөштүрүүгө жардам берип, баамчылыкка, кыраакылыкка тарбиялайт.
2-тапшырма. Төмөнкү оюндарга берилген маалыматка кошумча киргизгиле.
Улак тартыш чоң тойлордо өткөрүлөт, бул оюнда жигиттер шамдагайлыгын, күчтүүлүгүн көрсөтөт.Жигиттер күрөшкө чыгып, өзүнүн кандай машыккандыгын көрсөтүп, күчтүүсү жеңип чыгат. Ат чабышта тапталган күчтүү, күлүк аттарды жарыштырат.Эң мыкты ат байге алат. Оодарышта аттын үстүндөгү адамды оодарып жыгыш керек. Жигиттердин эптүүлүгүн , күчүн көрсөтөт. Кыз куумай оюнунда жигит кызды кууп жетиши керек. Жетпей калса кыздан таяк жейт. Бүркүтчүлөр бүркүттөрдү үйрөтүп, ууга чыгышат. Жакшы үйрөтүлгөн бүркүт абдан күчтүү ,шамдагай болот, ал карышкыр, түлкү, коен жана башка жаныбарларды алат. Тогуз коргоол оюнун жаш-кары күндү кыскартуу үчүн ойношкон. Бул оюн учурунда кызыктуу окуялар, атадан калган улуу сөздөр айтылып, күлкү тамаша менен күн өткөн. Бардык оюндар шаңдуу өтөт. Боз үйлөр тигилип, селкинчектер салынып, ыр, күлкү, бий, тамаша көп болот.
3-тапшырма.Төмөнкү сөздөрдү толуктап , сөз айкашынын байланыш жолдорун аныктагыла.
Күлүк …. , кызыктуу …, … байге, … тойлор, … маанай,…. оюн, элдин …, … сөздөр, … аксакалдар.
4-тапшырма. Өзүңөр билген жана жаккан улуттук оюндар жөнүндө айтып бергиле.
5-тапшырма. Оюндардын түрлөрү боюнча ойноо жолдорун айтып бергиле.
Акыл оюндары: тогуз коргоол, айтыштар, жаңылмач, табышмак ….
Ат оюндары : ат чабыш, кыз куумай, улак тартыш….
Кыймыл оюндары : аркан тартмай, жашынмак, жоолук таштамай, селкинчек...
Аң уулоо оюндары: аңчылык, бүркүт салуу, куш салуу…
6-тапшырма Оодарыш жана ат чабыш оюндары боюнча окшоштуктарын, айырмачылыктарын белгилеп, Венн диаграммасын түзгүлө.
Ат чабыш.
Ат чабыш – байыркы замандан бери келе жаткан кыргыздардын эң кызыктуу оюндарынын бири. Байгеге кошулчу аттардын саны такталып, күлүктөр сапка тизилет. Чабылган аттарга жолдон ат кошуп койбос үчүн жолдун марага жакын жерине атайын кишилер болот. Аттарга берилүүчү байгелер калыс адамдын карамагында болуп, жеңгендерге салтанаттуу түрдө тапшырылат.
Оодарыш оюну.
Кыргыз элинин эң байыркы ат оюндарынын бири – оодарыш оюну. Кыргыздар жылкыны унаа катары гана пайдалана билбестен оюн-зоок, көңүл ачуу, күч сынашууда да минип пайдаланышкан. Оодарышка уландар кичине кездеринен эле көнүгүшкөн.Оодарышка чыккандардын күчү , аттарынын күчү барабар болушу керек. Оюнга катышкандар бири-бирин ат үстүнөн оодарып жерге түшүрсө жеңишке ээ болот.Ошондуктан оодарыш деп аталат.Оюн ашта, тойдо, майрамдарда ойнотулуп келе жатат, жеңгендерге салт боюнча байге берилет.
Азыр оодарыш боюнча ар кандай мелдештер өткөрүлөт жана разряддар берилет.1958- жылдан баштап бул оюн бүткүл союздук ат спортунун мелдештеринин программасына кирген.Кармашуу диаметри кырк метр болгон тегерек аянтчаларда ойнотулат.
7-тапшырма. Төмөнкү макалдарды эстеп калгыла.
Ат – адамдын канаты. Аттын бары тулпар болбойт, куштун бары шумкар болбойт. Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны. Ат тойгон жерине качат, адамзат туулган жерине качат. Атты достой сүйсөң, душмандай минесиң. Ат айланып, казыгын табат.
8-тапшырма. Жаңылмачты окуп, тилиңерди жатыктыргыла.
Үзүлүп кетип үзөңгү ,
Үсөн ооп түзөлдү.
Үсөн күчтүү болбосо,
Үзөнгүнү үзөрбү?
Кырк кыл куйрук,
Кырк кызыл куйрук
Кырк кыл куйрук ичинде,
Ылгый кызыл кыл куйрук.
9- тапшырма. Сөздөрдү которуп, татаал сүйлөм түзгүлө.
1) Весна, ярко, светит, люди, одежда, снимать, солнце, теплая.
2) Кыз куумай, игра, это, из , спортивных, к , игр, одной, увлекательных, относится.
3) На уроке, учитель, диктовать, упражнение, ученики, расставлять, запятые.
10- тапшырма. Макал-лакаптарды окуп, маанисине карата аңгеме жазгыла.
1) Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан сый көрөсүң.
2) Ыр менен күлкү - жашоо мүлкү.
3) Ырчынын тилинде мурчу болот, сөзүндө курчу болот.
11- тапшырма. Текстти окуп БББ ыкмасы менен иштегиле. Биринчи тема боюнча билгениңерди «Билем» деген бөлүккө жазгыла да, текстти окугандан кийин калган эки бөлүктү толтургула.
Көк бөрү.
Кыргыз элинин ат үстүндө ойнолуучу спорттук оюндарынын бири.
Көк бөрү тегиз жерде ойнотулат. Оюнга 10-15 жаштагы эркек балдар катышат. Оюнчулар оюнга өздөрүнөн калыс шайлашат. Калыста эчкинин чылгый териси болот. Ал «Көк бөрү» деп аталат. Деги эле, «Көк бөрү» термининин келип чыгышы илгерки күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү (карышкырды) чаап алып, талашып-тартышып ойношкондугу менен байланышкан. Азыркы мезгилде бул оюндун шарты учурга ылайыкташтырылган. Эгер көк бөрүгө 17 жаштан өткөн карылуу жигиттер катышса, башы кесилген улак, айрым учурда торпок да тартылган. Көк бөрү тартылуучу жер, мара белгиленет.
Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлөт да, атчан келип, колундагы көк бөрүнү оюнчулардын ортосуна таштайт. Оюнчулар ат менен жөөлөшүп келип, алардын ичинен эң мыкты чабандеси көк бөрүнү эңип алып, качып жөнөйт. Ал көк бөрүнү марага таштоого аракеттенет.
Оюндун жүрүшүндө кайсы жаат көк бөрүнү марага таштаса, ошол жаатка бир упай берилет. Калыс упайларды каттап турат. Аягында упайлар эсептелинип, кайсы жаат көп упайга ээ болсо, ошол жаат жеңишке жетип, оюнду утат. Бул оюн «улак тартыш» деп да аталат.
12- тапшырма. Кыз куумай жана тогуз коргоол оюндары жөнүндө айтып бергиле.
14-тапшырма. Текстти орус тилге которгула
«Аркан тартмай»
Кыргыздын бул оюнун байыркы замандан бери эле эркектер кщч сынашуу максатында ойноп келишкен. Оюнга канча киши катыштыруу оюнчулардын өз эркинде. Оюнду эки жаат болуп ойношот. Кишилердин саны эки тарапта бирдей болууга тийиш. Оюндун эрежеси мындайча:
Бири-биринен эки метр аралыкта эки сызык сызылат. Алардын дал ортосуна дагы бир чийин сызылат. Оюнчуларга эки учу түйүлгөн аркан берилет. Аркандын ортосу ортоңку чийинде жатыш керек. Калыс белги бергенде, эки тарап аркандын эки учунан кармашат. Аркандын ортосун калыс ортоңку чийинде таманы менен басып турат.
Эки тарап аркандын эки учунан бекем кармап, даяр болгон кезде калыс аркандан бутун тартып алат да:
- Тарткыла! – деп буйрук берет. Ошентип арканды тартышуу башталат. Кайсы тарапын эң биринчи кишиси ортоңку чийинден өтүп кеткенге чейинки аралыкка тартылса, ошол тарап утулган болуп эсептелет.
Кыргыз элинин улуттук майрамдары.
1- тапшырма. Билип алгыла.
Кыргызстанда өткөрүлүүчү майрамдар:
1-январь – Жаңы жыл
8- март - Аялдардын күнү
1- март - Эмгекчилер күнү
9 - май - Жеңиш күнү
Улуттук майрамдар:
5- май - Кыргыз Республикасынын Конституция күнү
21-март - Нооруз майрамы.
31 – август- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү.
Орозо жана Курман айт
2-тапшырма.Төмөнкү сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.
Куттуктоо, каалоо, оюн- тамаша , белгиленди, кут болсун, таарыныч, бак-таалай,
3-тапшырма. Диалогдун негизинде сүйлөшкүлө.
- Марат, майрамың кут болсун! Кайдан келе жатасың?
- Ырахмат! Сизди да куттуктайм!Мен борбордук аянттан келе жатам.
- Майрам кандай өтүп жатат?
- Аянтта оюн- тамаша өткөрүлдү, ырлар ырдалып, ар улуттук бийлер бийленди. Аябай кызыктуу болду.Элдин маанайы көтөрүңкү…
4-тапшырма . Жакын адамыңарды түрдүү кырдаалда куттуктагыла: майрамы менен; туулган күнү менен ; кесиптик майрамы ; үйлөнүү тоюу; баланын төрөлүшү менен.
5-тапшырма. Текстти окугула
Нооруз - жаз майрамы.
Нооруз- жаз же көктөм майрамы, фарс тилиндеги «нов» - жаңы, «руз»- күн деген сөздөрдөн алынган.
Нооруз- жаркыраган жаздын , жаштыктын, күжүрмөн эмгектин, жакшы үмүт- тилектин, бейпилчиликтин жана даамдуу дасторкондун майрамы.Бул күндү жаз майрамы катары чыдамсыздык менен күтүшөт.
Элибизде эски жыл аяктап, жаңы жыл келген күн майрамдардын салтанаттуусу.Буга атайын даярдыктар көрүлүп ,ырым-жырымдар жасалат.Мисалы, карылар, байбичелер, жаштар жаңы кийимдерин кийишип, бири-бирине каалоо тилектерин айтышат.Ар бир үй-бүлө
Нооруз майрам, ырыс майрам
Бабалардан мурас майрам
Нооруз менен жер ойгонот
Жер жүзүндө эл ойгонот
Келди Нооруз , жер энебиз нан берсин
Жериме көп жер жайнаган мал берсин
Калкымдын пейли ток болсун
Каргаш оору жок болсун!
Алас – алас – алас.
Алас, алас, алас
Ар балээден калас
Эски жыл кетти
Жаңы жыл келди.
Айдан аман, жылдан эсен бололу!
Жарык күндү теңир берди
Жакшылыкты кеңир берди
Алас, алас, алас
Оозубуз нанга толсун
Орообуз данга толсун
Эски жыл колдосун!
Жаңы жыл жалгасын!
Алас,алас,алас…деп үйлөрүн, үй-бүлө мүчөлөрүн арча түтөтүп аласташат.
7 түрдүү даамды кошуп көжө жасашып, боз үйлөр тигилип, короо-жайлар тазаланып шаңга бөлөнүшөт.Ар бир үй колунда болгон даамдуу , эң сыйлуу тамак-ашын Ноорузга арнаган.
Кыргыздар майрамды чоң салтанат менен өткөрүшчү,ага бир гана айыл катышпастан, бардык кыргыз уруулар биригишип, чыр- чатак, бири-бирине болгон таарынычтарын кечиришкен.Кечкисин ар түрдүү улуттук оюндар ойнолуп, ат чабышкан.Балбандар күрөшкө түшүшүп, мелдештерди өткөрүшкөн.
Жаңы жылга карата даярдалган тамактардын ичинен эң сыйлуу, өтө ширелүү тамактардын бири болуп сүмөлөк жана көжө саналат. Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө ар кандай уламыштар бар. Алардын бири мындайча баяндалат.
Илгери өткөн заманда жаркыраган жаздын алгачкы айында калкты ачарчылык каптайт. Эл арасында ачкадан каза болгон адамдардын саны көбөйөт.Ачка болуп ыйлаган балдардын үнү басылбайт. Энелердин айласы кетип, аргасы түгөнөт. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт эмеспи. Акырында бары ойлонуп олтурушуп ар кимиси колунда болгон тамак-аштарын ортого чыгарып бир тамак жасоону чечишет. Бирөөсү бир чымчым ун, экинчиси бир кашык май, үчүнчүсү бир ууч талкан, дагы бири үч-төрт өрүктүн кагын ж.б. чогултат. Көпчүлүк чогулткан тамак-аш чоң казандын жарымынан болот. Ага толтура суу куюп, от жагып кайната башташат.
Ошентип, казан кайнайын деп калган учурда кызыл чиедей тогуз баласын ээрчиткен бир аял келет. Ал от жагып отурган аялдарга кайрылып, балдарынын ачка экендигин айтып ыйлайт: - « Казаныңарга кошоор эч нерсем жок. Ушул тогуз тоголок таш балдарымдын ырыскысы болсун. Казаныңарга кошуп кайнатып койгула. Калкыма токчулук менен бейпилчилик, береке келсин,»- деп жүз аарчысына ороп келген таштарын таза жууп казанга салат.
Акырын жагылган отто казан жай кайнай берет. Чарчаган ачка болгон балдар ыйлап жатып уктап калышат. Казан таң аткыча кайнайт. Анын жыты буркурап, жегиликтүү, даамдуу, топуктуу жана берекелүү тамак болот. Калк ачарчылыктан аман калат. Ошол жылы элдин тилеги кабыл болуп, жаз жакшы болот. Күзүндө түшүм мол болуп , токчулук келет.
Бүгүнкү күндө да сүмөлөктү бышырууда казанга таш же жаңгак салып кайнатышат. Ал тамакты узакка бышырууда жеңилдик берет деп айтылат.
Байбичелер казанды аралаштырган сайын : - « Ушул көктөм элибизге токчулук, бакыт-таалай , молчулук алып келсин . Ден- соолуктун жылы болсун,» - деп тилек айтышат. Ошол күндөн ушул күнгө чейин элди ачарчылыктан сактап калган касиеттүү сүмөлөк «ыйык» тамак катары бааланат.
Жаңы жылдык дасторконго сүмөлөктөн баштап көжө, боорсок, сары май ж.б. улуттук тамак-аштар коюлат.
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери Нооруз майрамы өзгөчө даярдык менен өткөрүлөт. Күн менен түндүн теңелген чын курандын жыйырма бири жаңы күндү , жаңы жылды билдирет. Кыргыз эли бул майрам-ды жаңылануу, ич дүйнөнү тазартуу майрамы катары майрамдап келе жатышат.
6- тапшырма. Суроолорго жооп бергиле.
1. Эмне үчүн Нооруз майрамын «көктөм майрамы» деп аташат?
2. Умай эне деген ким?
3. Ноорузга кандай даярдыктар көрүлөт?
4. Майрамда кандай ырым-жырымдар, тамак-аштар болот?
5. Сүмөлөк, көжө жөнүндө кандай уламыштарды билесиң?
7- тапшырма. Тексти окуп чыгып түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле.
Корей элинин Жаңы жыл майрамы.
Байыртадан бери кытай жана корей элдери жаңы жылды Ай календары менен белгилеп келишкен. Жаңы жылга даярдык майрамга чейин эле башталат. Ар бир үй-бүлө үйлөрүн тазалашып, кырсыктардан, жамандыктан сактайт деп эсептешип, үйлөрүнө ар кандай сүрөттөрдү илип кооздошот.
Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө арналып жаңы жылда жаңы кийим тигилет. Бул – жаңы турмуштун, таза ден-соолуктун белгиси болгон. Эски жылдын акыркы күнү баштаган иштеринин аягына чыгып, айрыкча карыздарынан кутулууга аракет жасашат. Кечинде жаңы жылды тосоор алдында адамдар бир жолу жүгүнүшөт – бул өткөн жылдын акыркысы деп эсептешет. Муну «эски жыл менен коштошуу» деп аташат.
Кеч кирери менен ар бир үйдө кагаздан жасалган кооз фонарлар жаркырап күйө баштайт. Фонардын ичиндеги кичинекей биликтин күйүшүнө карап , келечек жашоосуна төлгө ачышат. Ар бир адам жаңы жылды уктабай өткөрүүгө аракет жасайт. Бул ырым «Жаңы жылды кайтаруу» деп аталат. Майрам түнү ким уктап калса, каш- кирпиктери агарып кетти деп, уктап калгандарга ундан сээп коюшат . Ошентип, уйкучу киши элге күлкү болуп, уят болот.
Корей элинде жаңы жылдын биринчи күнү өзгөчө маанилүү.А нткени, бул күнү ар бир үйгө өтүп кеткен ата-бабалардын арбагы келет деп эсептешет да, эртең менен эрте туруп, арбактарга атап коюлуучу тамак-ашка толгон дасторконду атайы белгиленген тартип менен жасашат. Мында эттен жасалган тамактар чыгыш жагына, жемиштер, күрүч тамактар, сорполор ортосуна, ал эми калган тамактар бош орундарга коюлат. Бул жөрөлгөгө эркектер гана катышат. Мындан кийин бүт үй-бүлө дасторконго тегерете отурушуп, көңүлдү тамак иче башташат. Бири-бирин майрамы менен куттукташып, белек тартуулашат. Конокторду тосуп, мейманга барышат.
8- тапшырма. Кыргыз жана Корей элдеринин Нооруз майрамы жөнүндө Венн диаграммасын түзгүлө.
Корей
элинин
жаъы жылы
9- тапшырма. Чекиттин ордуна ылайыктуу сөздөрдү жазгыла.
Жаңы жылдык дасторконго … … коюлат. Биз апаларды … менен куттуктайбыз. Майрам күндөрү элдердин … көтөрүңкү болот. …- … улуттук тилибиздин күнү. 31- августта кыргыз эли мамлекеттин …. белгилешет.Талас өрөөнүндө … күмбөзү бар. … …. майрамында үйлөргө балаты коюлат.
10-тапшырма. « Орозо» дегенди кандай түшүнөсүңөр? Текстти окуп, мазмунун айтып бергиле.
Орозо айт.
Орозо айт мусулмандардын улуттук майрамы. Майрам үч күнгө созулат. Орозо күндө тамеки тартууга, жаман сөздөрдү сүйлөөгө суу ичкенге да болбойт. Орозо кармоо ден-соолукту сактоо, тазалоо болуп саналат.Отуз күндүк орозону кош бойлуу аялдардан, оорулуу, жол жүргөн адамдардан башка баардык мусулман калкы кармайт. Кыргыздарда орозодо жаразаман айтышкан. Жаразаман түнкүсүн айтылат. Орозо бүткөндө боорсор бышырылып, мал союлуп, куран окутулат. Айт майрамында «Айт маарек болсун» -деп бири-бирин куттукташып, конокко барышат.
11-тапшырма . Тексттен негизги ойду билдирген сөз же сөз айкашын таап , төмөнкү структура боюнча иштегиле.
1. --------------------- тема (зат атооч)
2. --------- ---------- теманы сүрөттөө (эки сын атооч)
3. --------- --------- --------- теманын аракети (үч этиш)
Кыргыз
элинин
жаъы жылы
окш
оштуктары
4. --------- --------- --------- ---------- төрт сөздөн турган сүйлөм.
5. ---------------------- темага синоним.
12-тапшырма. Текстти сөздүктүн жардамы менен которгула.
Курман айт.
Курман айт – праздник жертвоприношения, где почитая умерших, просят здоровья и благополучия живым. Этот праздник длится три-четыре дня. В этот день вспоминается событие, описанное в Коране, когда Ибрагим – пророк, духовный предок Мухаммеда и мусульман, был готов принести в жертву Аллаху своего единственного сына. Но в это время с неба спускается белый баран, и он в жертву приносит его.
Верующие режут овец, ягнят, мясо раздают бедным, готовятся праздничные угощения. В ритуал праздника входит особая молитва. В эти дни принято посещать могилы предков, идти в гости, поздравлять с праздником, встречать гостей, прощать и просить прощения, угощать друг-друга.
13- тапшырма. Төмөнкү сөздөр менен сүйлөм түзгүлө, эки сүйлөмгө грамматикалык талдоо жүргүзгүлө:
Жөрөлгө, окуя, оюн-зоок, эне, каалоо, мээримдүү, эскерүү, ак өргөө.
14-тапшырма. Кырдаалдар боюнча диалог түзгүлө.
1) Туулган күнүңдү өткөрүү майрамы жөнүндө;
2) өзүңө жаккан майрам жөнүндө;
3) эс алууга чыгуу жөнүндө.
15-тапшырма. Ырды көркөм окугула. Шерине жөнүндө эмне билесиңер?
Шерине.
Кең дасторкон жайылып конок күтүп,
Жадыраймын толкундап канат бүтүп.
Ак тилектүү адамдарды эңсеп тосом,
Ак өргөөдөн даам сызгыла көңүл сүйүп.
Чакырдык достор шернеге,
Күлкү ток күндөн келгиле.
Ачабыз эшик сый менен
Келгиле аппак өргөөгө.
Бул шерине кыргыз сыйы, элдин салты,
Күн артып өсүп барат атак-даңкы
Шат күлкү таң-тамаша, талаш-тартыш
Жалындап күч алууда сөздүн баркы.
Кылымдарга кыргыз сактап ушул салтты,
Күүлөр таңшып ,нечен суулар акты
Жаңылыктын жарчысындай шерне куту,
Адамдардын көңүлүнө күлкү чачты.
Элдик кол өнөрчүлүк.
Элдик кол өнөрчүлүк - өткөн мезгилдин байыркы көркөм мурастарынын бири. Ал турмуштук тажрыйбадан келип чыккан, элдин тиричилиги, үрп – адаттары, салттары менен тыгыз байланышкан.
Байыркы замандан бери кол өнөрчүлүктүн мааниси чоң болгон. Колунан көөрү төгүлгөн элдик чеберлердин жасаган буюмдары, аспаптары тиричилик муктаждыктарды, негизинен үй – бүлөнү канаттандырган. Кол өнөрчүлүктүн дагы бир өзгөчөлүгү кичине эле каражат менен чоң көркөм маанилүүлүккө жетише алышкан, анткени алар элдик ыкмаларды, өнөрдүн түрлөрүн так сакташкан.
1-тапшырма. Төмөнкү сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.
Өнөр, уста, буюм, аспап, тажрыйба, шакек,зергер.
2-тапшырма. «Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү» - деген темада өзүңөрдүн билгениңерди жазгыла да, БББ таблицасын толтургула.
Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү.
Көркөм кол өнөрчүлүк – калк казынасы, атадан балага, энеден кызга өткөн мурас. Кыргыздын элдик уздары жыгачтан, чийден, кийизден, булгаарыдан жасалган кооз буюмдарын, өрмө жана сайма өнөрлөрүн мурас катары калтырышкан. Кыргыз эли өзүнүн жашоо тиричилигинде кийизден жасалган буюмдарды кеңири колдонгон. Кийизден ар кандай кийим-кече, төшөнчүлөрдү,ала-кийиз, шырдактарды жана башка буюмдарды чеберчиликте оймо-чиймелер менен көркөмдөп, кооздоп жасашкан.
Үй өндүрүшүнүн эзелки бир түрү – килем токуучулук болуп саналат. Килемдерди жерге салышкан, жүк жыйган такталардын,сандыктардын үстүн жаап коюшкан.
Орто Азиянын көчмөн, жарым көчмөн калктарынын тарыхында чий чырмап, камыш согуп, килем токуучулук өнөрү байыртадан белгилүү. Оюу-чийме түшүрүлүп чырмалган чий өзүнчө эле килемди элестетет. Килемдерди боз үйгө илишкен, жерге салышкан.
Саймачылык – кол өнөрчүлүктүн кеңири тараган түрүнүн бири. Кыргыз аялдары үй тиричилигине керектүү буюмдарын - туш кийиздерди, кийим-кече, ат жабдыктарын саймалап кооздошкон.
Өрмөчүлүк – белгилүү орунду ээлеген өнөрдүн бири болуп саналат. Койдун жүнүнөн ийрип жип жасап, өрмөккө таар согуп, боз үйгө керектүү боо-чууларды, сызмаларды токушкан.
Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн эң байыркы түрүнө темир устачылык жана зергерчилик кирет. Темир усталар курал-жарактарды (айбалта,найза…), айыл чарба шаймандарын, жыгачты иштеткенге ар түрдүү куралдарды жасашкан. Зергерлер күмүш, алтын ж.б. металлдан ар түрдүү жасалгаларды жасап, аларды бермет, асыл таштар, түстүү айнектер менен кооздошкон.
Териден жана булгаарыдан жасалган буюмдар көчмөн турмуштун шартында кеңири колдонулган. Аң жана үй жаныбарлардын терилеринен кийим-кече, бут кийим, кур, аяк кап, идиш-аяктарды( саба,чанач,көөкөр ж.б.) көлдөлөң,ат жабдыктарды жасашкан.
Жыгач усталар айыл чарба шаймандарын, боз үйлөрдүн, бешик, ыр-күү ас-паптарын, жип ийригенге ийиктерди даярдашкан. Кол өнөрчүлүктүн бардык түрүнө таланттуулук мүнөздүү. Алар элдин ой- тилегин, тарыхын, маданиятын чагылдырышкан.
Сөздүк: ийик – веретено, көлдөлөң – подстилка из козьей шкуры, өрмө - плетеный,чий – высокая жесткая степная трава(циновка).
3-тапшырма. Сөздөргө туура келген жөндөмө мүчөлөрүн койгула.
Кыргыз элдик өнөр - ата-баба… калтырган мурасы. Тиричиликке зарыл болгон буюмдар… өз колдору менен жасашкан. Кыздар… сөйкө, шакек, билерик сыяктуу
буюмдарын зергерлер жасайт. Саймалар… оймо - чийме динамикалуу. Боз үй… аялдар тиккен. Эркектер түндүк көтөрүүгө жана үзүк жабу… жардам беришкен.
4- тапшырма. «Искусство музейи» деген темада кластер түзгүлө
5- тапшырма. Сөздөрдү иретке келтирип сүйлөм түзгүлө.
Боз үй – кыргыз элинин байыркы мезгилден бери колдонулуп келе жаткан турак жайы. Ал – элдин жашоо шартына ылайыкталган жөнөкөй, жеңил, көчүп конууга жана тигип- чечүүгө ыңгайлуу көркөм үй. Аны чечип бүктөп койсо, бир төөлүк гана жүк болот, тигип койсо адам жашай турган үйгө айланат. Боз үйдүн өзгөчөлүгү – бир да мыктын колдонбогондугунда.
Дасыккан уста боз үйдүн жыгачын жыйырма беш күндө жасайт, боз үй болсо чейрек кылым чыдайт. Боз үй негизинен жыгач, кийиз, чий, боо-чуудан турат. Боз үйдүн бардык касиетин бириктирип, аны үй катары кармап турган борбор - бул түндүк алдындагы от жагылуучу коломто. Коломтонун ары, босогонун карама-каршысында сандык коюлуп, такта орнотулуп, килем, ала-кийиз, жууркан - төшөк жана башкалар жыйылат.
Жүк алды төр болот, анда аксакалдар, сыйлуу меймандар олтурат. Төрдүн оң жагы – чыгдан, ашкана – эпчи жак деп, ал эми сол жагы – эр жак, ыпча деп аталат. Эпчи жагына аялдардын буюмдары коюлат жана чыгдан (ашкана чий) тартылып, анын ичинде тамак-аш, идиш-аяк сакталат. Эр жагындагы керегеге ат жабдыктар, эркекке тиешелүү аспаптар, буюмдар коюлат.
Боз үйдүн жыгачына - түндүк, уук, кереге, босого-таяк, каалга, бакан; кийизине - үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик жабуу; боо-чууга : эшик, түндүк, жел, канат, үзүк, турдуук, кырчоо, уук тизгич ж. б. ; чийге – канат чий, чыгдан, чыны кап ж.б. кирет.
Боз үйдүн көлөмү керегенин канатынын санына жараша болот. Эң кичине боз үй төрт канат же 40 баштуу болсо, эң чоңу он эки канат же 120 баштуу болот. Баш – бул ууктардын саны. Боз үйдүн орточо диаметри беш метр болот.
7-тапшырма. Текст боюнча суроолорду түзгүлө.
8-тапшырма. а) Тексттеги маалыматтарга таянып, дептериңерге төмөнкү диаграмманы толтургула; б) боз үйдүн сүрөтүн тарткыла
Жыгачы кийизи чийи
Боо - чуусу
Ички буюму Ички бөлүнүшү
9-тапшырма. Сүйлөмдөрдү кыргызча которгула.
Установление юрты начинается с установки түндүка. Кыргызы были кочевым народом, поэтому юрты были приспособлены к этому образу жизни. Юрта- это история народа, священный памятник наших предков. В середине юрты находится коломто - священное место в юрте.
10-тапшырма. Тексттин мазмунун айтып бергиле жана кыргыздын оймо – чиймелерин кагазга түшүргүлө.
Оймо-чийме дүйнөсү.
Кутман жерибиздин Ала-Тоосун аралап аккан өзөн суулары, Ысык-Көл дөй тоо бермети, көк жашыл тукаба жамынган жайлоолору, кокту-колоттору тоо боорун каптап өскөн карагай - арча токойлору, ак мөңгүлүү чокулары элибиздин энчисине туура келген байлык болуп эсептелинет.
Табият тартуулаган ушундай кооздукта кыргыз баласы сезимтал өсүп, жаратылыш менен жуурулушуп, руханий дүйнөсүн кылымдар бою байытып келет. Боз үйү, оймо-чиймеси, асем буюмдары, кийген кийимдери не деген керемет.
Кайсы буюм болбосун оюулар менен кооздолгон. Оюулардын ар бири чечмеленет, ар бири өз алдынча мааниге ээ. Мисалы, «ак-кара оюм» - жаман-дыктан сактоочу, «суу оюм»- өмүрдүн, жашоо- тиричиликтин жарчысы болуп саналат. «Мүйүз» – байлыктын белгиси, «кыял» - жаштыктын, «тумар» жаманчылыктан алыс жүрүүнүн, аманчылыктын белгиси.
11-тапшырма. Жогорку тексттеги аныктоочторду тапкыла
12- тапшырма. Сүйлөмдөрдү толуктагыла жана айкындооч мүчөлөрүн
Боз үй.
белгилегиле
Боз үйдүн көлөмү … канатынын санына жараша… . Кыргыз аялдын иштүү сүн …, эркектин чеберин … дейт. Биз элибиздин … менен сыймыктанабыз. Ар бир кыргыздын үйүндө … , … бар. Комуз - угуучулар арасында эң кеңири тараган … .
13 - тапшырма. Төмөнкү берилген сүйлөмдөрдү ырааттуулукка келтирип байланыштуу текст түзгүлө да, тема койгула.
1. Кыргыз элинде: «Ат- адамдын канаты»-деген макал бекеринен айтылбаса керек. Төрт түлүк малдын ичинен кыргыздар жылкыны жогору баалашкан. Көчмөндүү турмушунда жылкынын тулпарларын минишип, бээ байлап, кымыз ичишкен.
2. Күлүк аттарды таптоодо сынчылардын,саяпкерлерлин мааниси зор. Эл арасында «Толубайдай сынчы бол,Токтогулдай ырчы бол» деген сөз айтылып жүрөт. Толубай сынчынын жылкыны бир көргөндө эле сынап айткандыгы сөзсүз туура чыкчу экен.
3. Илгертеден эле ат менен көңүл ачуу оюн-зооктору элдин турмушу,салт-санаасы менен тыгыз байланышып олуттуу орунда турган.
4. Элдик оозеки чыгармаларында баатырлардын өмүрү алардын минген тулпарларына тыгыз байланыштуу болгондугу бардык эпостордо айтылат.
14-тапшырма. Төмөнкү макалдардын маанисин түшүндүргүлө
1-тапшырма. Сөздөрдүн экинчи маанисин сүйлөм аркылуу бергиле.
Ат минди. Кой сойду. Кырк сом. Күбө жебеди.
2-тапшырма. Омонимдерин тапкыла. Как, кайчы, асыл, ай
3-тапшырма. Төмөнкү сөздөргө синоним таап, алар менен сүйлөм түзгүлө.
Акыл, кубаттуу, кыштак, акырын, чоң, урмат.
4-тапшырма. Антоним катышкан макал – лакаптардан мисал келтирип, маанисин айтып бергиле.
5-тапшырма. Сүйлөмдөрдү синонимдер менен толуктагыла.
Айнура акылдуу, ..., ... кыз. Дайыма чындык, ..., ... үчүн күрөшүү керек. Мага Элнуранын ачык – айрым,..., ... мүнөзү жагат. Өткөн ишке өкүнбө, ...
6-тапшырма. Антонимдерди окуп, кайсы сөз түркүмүнө кирерин аныктагыла.
Кең – тар, тааныш – бейтааныш, алуу – берүү, чындык – калп, өйдө - ылдый, өмүр - өлүм, орусча – кыргызча, кубаныч – кайгы, кел – кет,суук – жылуу, ак –кара.
7–тапшырма. Төмөнкү фразеологизмдер менен сүйлөм түзүп, маанисин айтып бергиле.
Топурагы жеңил, ооз көптүрүү, түтүн булатуу, сиркеси суу көтөрбөө, териси
тар, сак кулак.
8-тапшырма. Белгиленген сөз же сөз айкаштарын фразеологизмдер менен
алмаштыргыла.
Абдан кыйналып, таң атканча уктабадым. Ал ар нерсеге эпчил, уста адам.
Татына бул кабарды укканда абдан сүйүнүп, жетине албады. Гезит окуп,
телевизор көргөндөн башка кылаар иши жок. Жайыл жумушту тез бүтүрдү. Кубан
жумушун так жана жакшы аткарат. Асель – татынакай акылдуу кыз.
Эссе - жазма иштин бир түрү, жекече ойлорду билдирген анча чоң эмес
өлчөмдөгү жана эркин композицияда жазылган дилбаян.
РАФТ – «Роль – Аудитория – Форма – тема» - студенттердин чыгармачыл жазма иштеринин бир түрү. Кадамдары: 1. Тема.
2. Роль – текст кимдин атынан түзүлөт? Кимдин ролун аткарам?( студент, жазуучу,президент,турист, атуул )
3. Аудитория – сөзүбүз кимге айтылат? Кайсы дарекке багыттайбыз? Кимге кайрылабыз?( мекендешибизге, досторго, ата-энеге, кошунага…)
4. Форма – кандай, кайсы формада сүйлөйбүз? Кандай сөздөрдү, айтылышты тандайбыз? ( кайрылуу, кат, аңгеме, чакырык…)
5. Тема – конкреттүү эмне жөнүндө сүйлөйбүз? Эмнени айткыбыз, билдиргибиз келет?
6. Эссе жазуу.
Кубик - студенттердин кубулушту, теманы таанып –билүүнүн алты деңгээлин өтүү кадамдары менен чектелет. «Кубик» ыкмасы боюнча иштөө Б.Блумдун таксономиясынын таанып–билүү максаттарынын алты категориясына негизделген.
Кадамдары: 1. Теманы тандоо.
2. Кубик менен таанышуу. Мугалим сабакка ар бир тарабына белгилүү тапшырма жазылган кубик даярдайт.
3. Тайпадагы студенттерди чакан кичи топко бөлүп, кубиктин жактарында жазылган суроолорго жооп берүү менен эссе жазуу сунушталат.
3. Ассоциация бер. ( Бул эмне менен байланышкан, эмнени эске салат?)
4. Талдоо жүргүз. ( Бул кантип жасалды? Эмнеден турат?)
5. Колдон. (Муну катип колдонууга болот?)
6. «Ооба» жана «Каршы» аргументтерин түзгүлө.
Эки бөлүктүү күндөлүк - текст менен иштөөнүн интерактивдүү ыкмасы. Күндөлүктү толтуруу үчүн атайын убакыт талап кылынат.
Окулган нерсеге карата студенттин түздөн – түз реакциясын ачып көрсөтүү үчүн жана сөзсүз түрдө аудиторияда өткөн жана белгилүү иретте кийинки талкуу үчүн негиз катары пайдаланылат.
Кадамдар: 1. Мугалим студенттерди тексттин башынан, ортосунан, аягынан бир нече цитаталарды тандоону сурайт (тексттин көлөмүнө жараша). Цитата узун болбошу керек, (фраза,сөз же бир сүйлөм).
2. Цитатаны күндөлүктүн сол тилкесине жазуу керек.
3. Бардык комментарийлер оң тилкеге жазылат.
4. Биринчи цитатаны окуп, комментарий берүүнү сурайт
5. Окулган цитатага окшош же жакын цитаталар окулат жана комментарийлерин угабыз. Бир эле цитата студенттер тарабынан ар түрдүү берилиши мүмкүн.
6. Кийинки цитатага өтүү жана көрсөтүлгөн үлгү боюнча андан ары талкуулоо.
И. Низовская. « Сын ой жүгүртүүнү өстүрө турган
окуу жана жазуу».
Өз алдынча иштөө боюнча кошумча тексттер
Ала-Тоо
Кыргыз жергеси, кыргыз тоолору Ала-Тоо деп аталат. Анткени, элибиз мекендеген аймак тоолуу келип, жылдын ар мезгилинде башынан ак кар, көк муз кетпеген тоо чокулары көрүнүп турат. Ала-Тоого арналган ырларда «ак элечек кийген же ак калпак кийген тоолор» деген элестүү саптар да кезигет. Акын Жоомарт Бөкөнбаев «Жайы-кышы кетпеген, кары сонун Ала-Тоо» деп сүймөнчүлүк менен мүнөздүү сүрөттөгөн.
Ошентип, биз турмуш-тиричилик өткөрүп, жашап жаткан мекенибиз, Ала-Тоонун жаратылышы менен бай жана ар түрдүү. Ак кар жамынган тоолору, көк майсаң жылга-жыбыт, өрөөн-өрүштөрү, чамынып аккан дарыялары, көк кашка тунук көлдөрү, түрдүү жапайы жаныбарлары менен канаттуулары, арча, карагайлуу, жаңгактуу токойлору жана табигый кен байлыктары – Ала-Тоонун түгөнгүс берекеси.
Жайлоо
Кыргыздар илгертен мал баккан көчмөч эл болгон. Кышкысын тоо этегиндеги кары азыраак, буйтка жерлерде кыштап чыгышкан. Кар кетип, жерге чөп чыкканда, кыштоодон жаздоо жайытка – жакыныраак белестерге көчүп чыгышчу. Ал эми жаздоонун чөбү саргая баштаганда тоо арасындагы алыскы жайыттарга – жайлоого көчүп кетишчү. Бул мезгилде жайлоого кеткен жолдор маараган кой-эчкиге, мөөрөгөн уйга, туйлаган жылкыгы толгон.
Жайлоо берекеси төшүлгөн мезгил июндан – сентябрь айынын ортосуна чейин. Аба таза, күн салкын. Сыдырым жел согуп, тунук кашка суулар мөлтүрөйт, туштарап көк жамынып турат.
Эл жайлоого андагы чөп жетилерде көчүп барат, оту азая баштаганда кайра кайтат. Жайлоо – мал үчүн абдан мыкты жайыт. Жайылган мал даң салып, чөптүн күчтүүлүүгүнөн бат ирденип семирет. Ошол алган азыгы күз, кыш айларында да салмагын жоготпой турушка кубат болот.
Жайлоодо чөптүн аш болумдуу түрлөрү көп. Сабагы дандуу ак сокто, кыяк, сабиз чөп, түлкү куйрук, ичке жалбырактуу жылгын малды бат семиртет. Көп жайлоолордо көбүнчө жыты аңкыгын бетеге, тулаң жана шыбак өсөт.
Кыргызстанда Арпа, Ак-Сай, Сырт, Чоң-Алай, Суусамыр, Соң-Көл, Кара-Кужур, Каркыра, Чаткал, Көк-Ойрок, Көк-Арт деген атактуу жайлоолор бар.
Мурунку учурда жайлоого жетүү кыйын болгон. Жалгыз аяк жол менен кээде тик өйдө, кээде сыйгалак ылдый жүрүп олтуруп, араң дегенде жетишчү.
Жайлоо – табигат тартуулаган байлык.
Жаңгак
Жайкысын кыргыз жергесинин Арстанбап, Аркыт деген ажайып жерлерине барып калсаңар, алыстан андагы түздүктөрдү, тоону көздөй жогорулаган коктуларды тегиз жаап, көлөй тармалданып билинер-билинбес толкуган жашыл аймакты көрөсүңөр. Жакындап келсеңер, уңгу сөңгөгү кучак жеткис, заңгырап асманга бой керген, бутактары туш тарапка барпайып, дүпүйгөн зор жаңгак дарактардын арасында турган болосуң. Бул жаңгак токою.
Кыргызстанда жаңгак дарактарынын көпчүлүгү Арстанбап, Көгарт, Жаңы-Жол жана Өзгөн аймагында кезигет. Жаңгак токойлорунун дүйнө боюнча эң ирилери Кыргыстанда. Жалпы аянты 276 миң гектарга жетет. Жапайы жаңгак ошондой эле, Кичи Азия, Балкан жарым аралы, Иран жана Кытайда кездешет.
Азыркы кезде табигый токойлордон жаңгактын бири-биринен мөмөсү менен айырмаланган 900 түрү табылган. Жалбырактары жазы, жыттуу келип, кеч ачылат. Кечирээк гүлдөп, кеч түйүлгөндүктөн кай бир жылдары үшүк алып, мөмө байлабай да калат. Жаңгак 7-8 жылдан кийин түшүм бере баштайт. Түшүм бара-бара көбөйөт. 100-120 жылдык дарактан 80-90 кг, кай бир учурда 200-250 кгга чейин түшүм алынат.
Жаңгак ным жана жылуулукту сүйгөн өсүмдүк. Ным жетиштүү жерлерде бийик, көркөмдүү болуп өсөт. Таштуу кургак сайларда жана күнгөй беттерде жаңгак бадал сымал бутактанып жерге жакын өсүп, анча бийик көтөрүлө албайт.
Токойдо жаңгактын жерге түшкөн мөмөсүнөн шарты туура келсе, жаңы көчөттөр өнүп чыгат. Азыркы кезде жаңгакты өстүрүү, көбөйтүү, жаңы жерлерге тигүү ишин токой чарбалары жүргүзүүдө.
Жаңгактын мөмөсү данектүү, тоголок же сүйрү. Данеги тамак заттарына өтө бай. Аны менен адам жана жапайы жандыктар да (доңуз, кирпи, кашкулак жана башка) азыктанышат. Данектин 45-70 проценти май, 8-21 проценти белоктон турат. Жаңгактын данеги – өтө жогорку калориялуу азык. 1кг данеги 8000-8500 калорияга чеийин энергия берет. Ал А, В витаминдерине бай. Чала бышкан көп, андан кыям кайнатууга болот.
Жаңгак кулинария жана кондитер өндүрүшүндө кеңири колдонулат. Кыргызстандагы жаңгактардын данегинин майлуулугу да өтө жогору. Маселен, биздеги жапайы токойлордогу өскөн жаңгактын данегиндеги май орто эсеп менен 70,8 процентке барабар болсо, Францияда эгилме жаңгактын майлуулугу орточо 55,5 проценттен ашпайт.
Жаңгак өтө пайдалуу. Анын жалбырагынан жыттуу заттар жана С витамини алынат. Кабыгы боѐк катары колдонулат. Сөңгөгү өтө бышык, кооз келип баалуу эмеректерди жасоого жумшалат. Жаңгак медицинада дары-дармек жасоодо да пайдаланылат.
Арча
Арча жыттуу, пайдалуу дарак же бадал түрүндөгү өсүмдүк. Ал дайыма көк-жашыл болуп, жаратылыштын көркүнө көрк кошот. Арча жаратылыш шартка жараша бирде
коюу, бирде суюк өсөт. Адамдар аны абаны тазартуу жана дары-дармек жасоо үчүн да колдонушат. Кыргыздар байыркы убактан эле арчадан түрдүү турмуш-тиричилик буюмдарын (бешик, айырмач, идиш-аяк ж.б.) жасашкан. Арчанын кооздугу адамдарды суктандырат.
Арча токою Кыргызстанда 316, 7 миң гектар аянтты ээлейт. Ал таштак жерлерге да өсөт, кургакчылыкка чыдамдуу келет. Жер кыртышын кыян-селден сактоого жардам берет. Ал деңиз деңгээлинен 1000 метрден 3600 метрге чейинки бийиктикте өсүп, 1000 жылга чейин жашайт. Арчанын бизде беш түрү кенен тараган: сары, кара, өрүк арчалары дарак түрүндө өсөт; бадал жана жапалак арчалар бадал болуп өсөт. Бадал арчалар республикабыздын бардык тоолорунда кездешет. Арчанын жалбырактары майда, бутактары ичке келип, уругу тобурчактын ичинде өнөт да, күзүндө бышат. Уругун жерге сепсең, бир жылдан кийип өнүп чыгат. Арча өтө жай өсөт. Анын көчөтү 4,5 жылда 10-15 смге араң жетет.
Ош областынын Ноокат районундагы Кыргыз-Ата арча токою дүйнөгө белгилүү. Анда арчаны изилдөөчү атайын станция бар. Арчанын жыгачы катуу жана бекем болот. Аны көбөйтүү үчүн атайы питомниктер уюштурулуп жатат. Жаратылыштын көркү болгон арчаны көбөйтүү жана сактоо баарыбыздын милдетибиз.
Арстанбап
Дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири Арстанбап десек жаңылбайбыз. Жыш токой жамынган тоолору, шылдырап аккан мөлтүр тунук суулары, көңүл сергиткен таза, салкын абасы, буруксуган жыттуу гүлдөрү, дарылык касиетке ээ сансыз чөптөрү, айлананы көркүнө чыгара кубулжутуп сайраган түркүн куштардын үндөрү Арстанбапка ажайып көрк берет. Мына ушундай табигый кооз ажайып жай Кыргызстандын Фергана тоо кыркаларындагы Бабаш-Ата бийик тоосунун түштүк этигинен орун алган. Арстанбап – табигый мөмө-жемиш токоюнун мекени. Деңиз деңгээлинен 1500-1800 м бийиктикте.
Бийиктеп түрмөктөлүп түшкөн шаркыратмалар жаратылыштын ажарын ачып, көркүнө көрк кошконсуйт. Бабаш-Ата шаркыратмасы 200 м, ал эми Арстанбап шаркыратмасы 50 м бийиктиктен агып түшөт. Арстанбаптын аймагы чоң жана майда көлдөргө да бай. Табигый мөмө-жемиш токою 37 миң гектар жерди ээлеп, ал бул өрөөнгө көрк гана бербестен, адамга ыракат тартуулайт, анда дарылык касиетке ээ өсүмдүктөр арбын. Арстанбап дүйнөдөгү эң чоң табигый жаңгак токою. Жаңгак дарактарынын бийиктиги 20-25 мге жетет. Кош түптөнүп, төрт, алты айрык өскөндөрү да бар. Эң эле жарашыктуу, кочкул жашыл жалбырактуу дарактарынын кээсинин бутактары жыш өскөндүктөн чатырга окшоп, күн нурун өткөрбөйт. Жаңгактан жакшы самын, лак, туш, типографиялык боѐктор чыгарылат.
Арстанбап жаңгактын кени болуу менен ал негизинен аралаш токой массиви болуп саналат. Анда алма, алча, мисте, бадам, жүзүм, ызырык, карагат, алмурут өсөт. ал эми жаңгакка жанаша өскөн бадалдар, мырза терек, тал, моюл, кайың, ак чечек, караган, чычырканак, шилби, арча, карагай аралаш токойдун байлыгын түзөт. Өрөөн толгон кызыл-тазыл гүлдөр көз жоосун алат. Түркүн чөптөрдүн түрлөрү сансыз. Алардын ичинде сейрек учуроочу мароо, жапар чөп, сабиз чөп, көк чөп өңдүү дарылык касиетке ээ өсүмдүктөр жолугат.
Арстанбапты түрдүү жаныбарлар жана канаттуулар мекендейт. Элик, аркар-кулжа, суусар, чил, кекилик жана күрөң аюу, илбирс, сүлөөсүн, кундуз, ылаачын, шумкар, кыргоол, тоодак, безбелдек уялап, асманда бүркүттөр шаңшып учат. Булардын көпчүлүгү Кызыл китепке жазылган. Арстанбап альпинисттердин жана туристтердин сүйүктүү жери. Алар үчүн мейманкана, ашкана, китепкана жана маданий дем алуучу жайлар курулган.
Жаңылмач
Жаңылмач – сөз оюну. Бири - бирине окшош куюлушкан сөздөрдү такалбай, шар, так айтуу. Бул оюн бир чети кызыктуу болсо, экинчи жагынан балдарды өз эне тилинде так жана уккулуктуу сүйлөөгө үйрөтүп, алардын сөз байлыгын көбөйтөт.
Жаңылмач айтылышы уйкаш, үндөш сөздөрдөн ыр сыяктанып куралат. Мисалы:
Асманда эки айры куйрук:
бири ак кыска айры куйрук
бири кара кыска айры куйрук.
Кара кыска айры куйруктун жолун тосот
Ак кыска айры куйруктуу айры куйрук.
Ак кыска айры куйруктун жолун тосот
Кара кыска айры куруктуу айры куйрук.
Кыргыз элинде көбүнчө мал чарбасына, айбанаттарга байланышкан жаңылмачтар көп. Анткени байыркы бабаларыбыз мал баккан көчмөндөр болушкан, айбанаттардын кебете-кешпирин, жүрүм-турумун жакшы билишкен. Мисалы, төмөнкү эки жаңылмач кой тууралуу.
Белестеги беш кашка кой,
Бешөө беш башка кой.
Бешаласы кунан кой,
Бешаласы дөнөн кой.
Маң-маң кашка коюм,
Бешөө беш башка коюм.
Тиши ушак коюм,
Буту тушак коюм.
Кыргыз тилинде өтө көп жаңылмачтар бар, баарын билишиң да кыйын. Бирок аракеттенип, ар түрдүү жаңылмачтарды жаттап жүрсөң гана жаңылмач айтуу мелдешинде курбуларыңды жеңе аласың.
Айтыш
Кыргыздын элдик чыгармачылыгында «айтыш» өзгөчө орунду ээлейт. Адатта ар бир жыйын, салттуу окуя акындардын айтышуусуз өткөн эмес. Акындар эл аралаганда
топтошуп же шакирттерин кошо ала жүрүшүп, калайык-калк алдына алым-сабак айтып чыгышкан. Акындар айтышууга абдан даярданышчу. Кээде алар даярдыксыз бири-бирине кезек таштап, суроо коюп, ага чукугандай сөз менен жооп беришкен. Ошентип, акындардын төкмөлүк өнөрү биздин мезгилге чейин жетти. Өткөн доордо айтыштар мазмуну боюнча алым-сабак жана кайым айтыш (кордошуу), суроолуу жана табышмак айтыш болуп төрт түргө бөлүнгөн. Айтышка чыккандардын арасында илгери теңсиздик заманда бай-манаптардын ырчылары да болгон. Ошондой ырчылардын бири Арзыматка Токтогулдун: «Мадырайган соргогум
Мени жакырсың деп кордодуң,
Жакыр да болсом мен өзүм
Жандан чыккан жоргомун» –
деген жообу айтыштын бир түрүн эске салат.
Жаңы доордо айтыштын жогорку төрт түрү негизинен сакталып калып, бирок коомдун шартынын өзгөрүшүнө ылайык айрым айтыштардын мазмундары өзгөрүп, жаңы мүнөзгө ээ болду. Мисалы, мурда бири-бирин кордогон кайым айтыш азыр колдонуудан чыгып, жолдоштук азил, тамаша, сын катары колдонулат. Совет коомунун тушундагы айтыш өнөрүнүн теңдешсиз устаттары Токтогул, Эшмамбет, Барпы, Коргол, Алымкул, Калык, Осмонкулдар ар качан калктын мүдөөсүн, тилегин жакташып, жаңы замандын жарчысы болушкан. Алар турмушта орун алган ар кандай кемчиликтерди куйкум сөз менен куйкалашып, ар кандай жалкоолукту, жатып ичерликти мыскылдап ырдашкан.
Айтышты улантышкан ырчылардын соңкулары – Ы. Борончиев менен Т.Шабданбаев. Алар эмгек кайнаган чарбаларда болушуп, көргөн-билгендерин кечки концертте ырдап чыгышчу. Т. Тыныбековдун төкмөлүк шыгы да айтыш ыкмасында даана ачылган. Түбөлүктүү элдик өнөрдү учурда Э.Турсуналиев, А.Айталиев, Т.Абдиев, З.Үсөнбаев сыяктуу таанымал артисттер улантып жатышат.
Бешик ыры Бешиктеги наристе мукам ыр менен кошо термелет. «Алдей, алдей, ак бөпөм, ак
бешикке жат, бөпөм» деп башталат элдик бешик ыры. Бешик ыры байыртан эле ырдалып келет; ал дүйнөнүн ар бир элинде бар. Мында үн менен ырдын ырганы, күүсү бешиктин термелиши менен үндөшүп, бир калыпта солгун ырдалат.
Бешик ырынын милдети – наристени сооротуп, уктатуу. Бешик ырында ата-эненин, ага-эженин балага болгон мээрими, сүйүүсү күчтүү
сезилет. Алдей балам, ак балам, Ак бешикке жат, балам, Айланайын көзүңдөн, Атасына нак балам. Айланайын чырагым, Колго бүткөн курагым. Жакадагы кундузум, Асмандагы жылдызым, - деген ыр ошол мээримдин, сүйүүнүн нагыз мисалы. Бешик ыры аркылуу ата-эне чүрпөсүнүн келечеги жөнүндө изги ой-тилегин,
кыялын, санаасын айтат. «Акын болор бекенсиң», «Бешиктеги баланын бек болорун ким
билет» деген сыяктуу ыр саптары – ошол изги тилектин анык белгиси. Бешик баласы эр жете эл-журтуна кызмат өтөөгө тийиш.
Ат чабыш
Ат чабыш байыркы замандан бери эле кыргыздын эң кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли төрт түлүк мал өстүрүүнү кесип кылып келген. Алардын ичинен жылкы өзгөчө орунду ээлеген. Кыргыз турмушунда жылкы минсе – ат, жүк тартса – унаа, сааса- саан болуп кызмат кылган, сойсо чүйгүн эт болгон. Жылкынын төкмө жорголору, коо бузар күлүктөрү өтө жогору бааланып, аларды байгеге кошушкан. Кыз узатып, уул үйлөнткөндө, той-аш бергенде ат чабылып, тогуздап байге сайылган.
Чабыла турган күлүктөрдүн көкүлдөрү шүйүлүп, куйруктары түйүлгөн. Күлүктөрдү 8-14 жаштагы чыйрак балдар чапкан. Ат чапчу балдардын башына жоолук байлап, тердеген аттын көзунө жуккан чаңды сүртүш үчүн колуна ак чүпөрөк беришкен.
Аттар айдалар алдында чубатууга салынып, байгеге кошулчу аттардын саны аныкталган. Анан эки же үч ат айдоочу адам дайындалып, алар ат чапкан балдарды белгилүү жерге жеткирет да күлуктөрдү сапка тизип, жарашып жөнөөгө белги берген. Ат чапкан балдар адашып, тетири жолго түшүп кетпес үчүн, эки айрык, үч айрык жолдордун тоомдоруна нускоочулар, жандоочтор коюлуп, алар ат чапкан балдарды туура жолго салып турушкан.
Аттарга сайылган байгелер калыс адамдын карамагына берилип, ал даекчи деп аталган. Чабылган аттарга жолдо ат кошуп койбос үчүн, жолдун марага жакын жерлерине кароолчулар коюлган.
Аттар сүрөлүп да, сүрөлбөй да чабылган. Түпкү сүрөөлгө барган ат сүрөгүчтөр чуркап келе жаткан күлүктү капталдан качырып сүрөбөстөн,, атты алдыга өткөрүп жиберип, аркасынан кууп жетип сүрөшкөн.
Кыргыз жомокторунда, айрыкча «Манас» эпосунда ат чабыш жана ашкере күлүк тулпарлар жөнүндө көп айтылат. Анда Кошойдун Керкабыланы, Манастын Аккуласы, Алмамбеттин Сараласы, Чубактын Көктекеси, Жолойдун Ачбууданы, Ажыбайдын Карткүрөң, Коңурбайдын Алгарасы, Семетейдин Тайбуурулу, Күлчоронун Суркоѐну жана башка күлүктөр тууралуу кеңири баяндалат. Азыр да салтанаттуу майрам күндөрдө ипподромдордо ат чабыш болуп турат.
Боз үй
Элибиниз эзелтеден ыйык тутуп, ата-бабадан калган мурас катары ардактап тигип
келген баз үйдү силер, балдар, албетте билесиңер. Боз үй жалпы эле көчмөн элдердин негизги ысыкта саябандоочу; сууктан калкалоочу, жашоо турмушу өтүүчү турак-жайы болгон. Боз үй азыр да малчылардын үйү. Ал ар кандай майрам, салтанаттарда да тигилип жүрөп.
Боз үй – көркөм, тигип-чечүүгө жана көчүп-конууга ыңгайлуу жөнөкөй жана жеңил. Аны чечип туруп бүктөп койсо, бир төөлүк гана жүк болот, тигип койсо, адам жашай турган үйгө айланат. Боз үй кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн эң мыкты чыгармасы. Боз үйдүн эң мыктысы өргөө деп аталат. Ага от жагылбайт, чыгдан тартылбайт.
Боз үй негизинен жыгач, кийиз, чий, боо- чуудан турат. Боз үйдүн жыгачына түндүк, уук, кереге босого, каалга, бакан кирет. Боз үйдүн
төбөсүндөгү жарык кирүүчү жана түтүн чыгуучу тегерек жыгачы түндүк деп аталат. Түндүк менен керегени бириктирүүчү чабак жагычтар уук деп аталат. Боз үйдүн уук
бекитилүүчү таяныч жыгач жасалгасы кереге деп аталат. Кереге бири-бирине кайчылаштыра көзөлүп көктөлгөн таякчалардан жасалат. Керегенин санына жараша үй канатка бөлүнөт. Мисалы, үй төрт керегеден тигилсе, төрт канат үй, алты керегеден турса алты канат үй делет. Боз үйдүн көркү менен көлөмү керегенин жайылышына жараша болот. Боз үйдүн эишигинин эки жан жагына босого бекитилет. Алардын төмөнкү учу жер босого, жогорку учтары баш босогого ашталат. Босогого чакан каалга жасаса да болот. Эшик сырты кийиз менен капталган чий эшик менен жабылат. Боз үйдүн түндүгүн көторүүдө жана кийиздерин көтөрүп салууда колдонулуучу бир учу ача жыгач бакан же түндүк бакан деп аталат.
Боз уйдүн кийизине үзүк, туурдук, тундук жабуу кирет. Үзүктөр ууктун үстүнөн жабылат, туурдуктар керегинин сыртынан каланат. Түндүк жабуу түндүктүн үстүнө жабылат.
Боз үйдүн чийине канат чий, чыгдан, эшик чий кирет. Канат чий чырмалып же чырмалбай актай эле согулат да, кереге менен туурдуктун ортосуна каланат. Чыгдан чий көбүнчө оюм түшүрүлүп чырмалат. Ал тамак-аш, казанаяк коюу үчүн боз үйдүн эпчи жаккы бөлүгүнө калканч катары коюлат.
Боо-чууга баш чалгыч, уук тизгич, кереге чалгыч; эшик боо, туурдук боо, үзүк боо, желбоолор, жабык баш боо, канат боо, түндүк жабуунун боосу кырчоо кирет. Алар оюу салынып, түрлөнтүп да өрүлөт. Эми ушул бөлүктөр кандайча жайгаштырылып, боз үй тигилет? Адегенде шамалдан ыктоо, түз, сууга жакын таза жер тандалат. Түр керегеси жайылып ага улай канат керегелер тегерек тарта коюлат да, алар бириккен жерлер саканактары аркылуу ашталып бекем таңылат. Керегенин учтарына босого таяктар бекитилип, кереге чалгыч салынат. Анан түндүк көтөрүлүп, анын көзчөлөрүнө уук саылып, экинчи учу (ууктун алаканы) керегенин башына байланат. Уукка уук тизгич чалынат. Андан кийин баш менен тегирич жабылат. Андан соң канат (чий) керегеге курчалып, чартынан туурдуктар каланат. Ууктун үстүнө үзүктөр салынып, акырында түндүк жабуу жабылат.
Үй тигилип бүткөн соң анын ички жасалгасын да орду менен жайгаштыруу ага көрк кошот. Боз үйдүн так ортосу коломто, эшиктин бет мадайы төр, эшиктин жаны улага, киргендеги сол тарап эр жагы (ыпча деп да аталат), оң тарап эпчи жагы деп бөлүнөт. Боз үйдүн эшигин ачып, босогосун аттап кирер менен эле төрдөгү жыйылган жүккө көз түшөт. Керегедеги не бир түрлөнүп сайылган туш кийиз, түркүн оюм түшүрүлүп жасалган жердеги шырдак, ала кийиз, көлдөлөндөр көз жоосун алат. Эпчи жагында алабакан, чыгдан жайгашкан, кереге баштарына аяк кап, чыны кап илинген. Сабада шырылдап кымыз ачып турат. Анын жанында көөкөр, көнөк, көнөчөктөр койкоѐт. Эр жагына эркек кишинин кийими, куралы, ат жабдыктары илинип коюлган. Улаганын бир тарабында ээр токум, эгин салынган кап, экинчи жагында отун турат.
Ителги
Ителги – жырткыч куш, кыргыз уламыштарында «тегирмен ташын тээп сындырган» деп айтылып, аты аңыз кепке айланган. Чынында ал улар, кыргоол, кекилик, чил, каз, карга сыяктуу канаттууларды жогортон күз илээшпес ылдамдыкта шукшурулуп келип тээп түшүрөт. Тепкисинин катуулугу ушунча – ал канаттуунун бир жерин сөзсүз үзө тебет. Ителги асманда айланып учуп жүргөндө башка канаттуулар эле эмес, бүркүт да даап уча албайт.
Ителги – чоң куш, анын денесинин узундугу 42 – 60 см, канатынын жазыдыгы 105 – 130 см, салмагы 820 – 1100 граммга жетет. Ургаачысы эркегинен чоңураак болот. Жонунда бозомтук күрөң, боорунда агала жүнү бар.
Ителги Борбордук Европада, биздин өлкөдө Волга бою, Сибирь, Краснодар крайы, Алтай, Орто Азия, Казакстан тоолору менен токойлуу талааларын мекендейт. Аны Кыргызстандын дээрлик бардык аймагынан кездештирүүгө болот.
Ителги аскага, жар бооруна, жыгач башына уялайт. Бирок уяны өзү салбайт,кытан, карга сыяктуу канаттуулардын эски уяларын пайдаланат. Март айында 3-5 жумуртка тууйт. Жумурткасын 30 күнчө басып балапан чыгарат. Балапандары 40-45 күндө жетилип учуп чыгат.
Ителги зыяндуу кемирүүчүлөрдү жеп, токой жана айыл чарбасына пайда келтирет.
Мүлүшкөрлөр аны таптап коѐн, илбээсин, кала берсе жейрендерге да аңчылык кылышат. Кыргыздар эзелтен ителгини улуттук оюндарда да пайдаланып келген.
Жоолук таштамай
Жоолук таштамай жаштардын өтө кеңири таралган оюну. Улан-кыздар көбүнчө айлуу түндү көк майданга жүйүртө басып тегерете тартып отурушат. Жанаша отургандардын аралыгы эки кадамдай алыстыкта болууга тийиш.
Оюнду башкарган бала жоолукту эшип, токмок жасайт да, отургандарды тегерене жүгүрүп бара жатып, бирөөнүн аркасына билдирбей акырын таштап кетет. Эгер ал киши артына жоолуктун ташталганын билип калса, жоолук таштаганды өз ордун тапканча кубалайт, таштаганын байкабай калса, жоолук таштоочу айланып келип жоолукту алып, байкабай калган баланын өзүн тегеректи айланта кууп өз ордуна келтирет. Отурганча жетсе, чапкылап калат, андан кийин кайра тегеректи айланып, башка бирөөгө таштайт.
Оюндун эрежеси боюнча отургандар аркасын кароого тийиш эмес. Бирөөөнүн артына ташталган жоолукту жанындагысы айтып койсо, ал айып тартат.
Эрежени бузган бала тогуз токмок айыпка жыгылат. Айыптан кутулуш үчүн ал ырдап же комуз чертип, бийлеп же куудул сөз сүйлөп, элди күлдүрүп кутулат. Жоолуктун ташталганын билиш үчүн арка жагын колу менен сыйпалап билиш керек. Эгер жоолук алыс ташталса же эки кишинин аралыгына арабөк ташталса, анда ташталды деп эсептелбейт. Эрежени бузган киши айып тартат. Жоолук таштамай өтө кызыктуу оюн, адамды тез кыймылдоого, шамдагайлыкка, сезгичтикке машыктырат.
Эреже боюнча жоолук таштамай оюну күндүз ойнолбойт. Эгер күндүз ойноого туура келсе, анда тегерек тартып отургандар бири бирине жакын отурууга тийиш, ансыз жоолукту байкатпай таштоо өтө кыйын.
Аркан тартыш.
Аркан тартыш – эки тараптан бирдей санда чыккан балдар же жигиттер белгиленген сызыктын эки жагына чубай турушуп, баары бир арканды кармашып, бирдей мезгилде өз тарабын көздөй тартышкан мелдеш оюну.
Калыс адам белги берери менен аркан тартыш башталат. Каршысындагы оюнчулардын алдыңкысын белгиленген чек сызыктан өткөрө тартса, сүйрөп кеткен тарап утат. Мындай оюн күрөш, оодарыш сыяктуу чоң жыйындарда, тойлордо, аштарда өткөрүлөт.
Санташ уламышы.
Санташ дөбөсү жөнүндө эл оозунда мындай бир уламыш бар:Темирлан 15 кылымдын акыркы чейрегинде Самаркандан биринчи жортуулга чыгып, Кытайдын Ние провинциясында бара жатканда Ысыккөл өрөөнүндөгү тоо арасындагы өткөөл – Санташ аркылуу өткөн. ушул жерге жакындаганда аскерлердин алдында бара жаткан Темирлан ар бир жоокерге бирден таш алып, белдин этегине чогултууну буюрат. Найтыжада эки жерде: бири чоң, бири кичирээк таш дөбө пайда болот. Бул эки дөбөдөгү таштардын саны Темирлан аскерлеринин санына туура келген. Темирлан аскерлери менен жоортуулдан кайтканда кайрадан Санташ аркылуу өтүшөт. Темирлан аскерлерине дөбөдөгү таштардан бирден алууну буюрат. Таш дөбөлөр абдан кичирейет, бирок түгөнбөйт. Демек,Сашташта жаткан таштардын саны канча болсо,ошончолук аскер жоодон кайткан эмес экен. Ошондон бери бул жер Санташ аталып калган. Ал он миңдеген таш дегенди билдирет.
Уламыш- легенда
Чейрек- четвертая часть,четверть
өткөөл - горный проход
жортуул – грабеж,налет
Чоң- Туз айылы жөнүндө
Илгери кыргыз эли көчмөн калк болуп, ага ылайыктап жасап алган боз үйлөрүн чече салып,минип жүргөн аттарына жүктөй коюп, бир жерден экинчи жерге, малга жайлуу,элге жайлуу жерге конуп- көчүп турчу экен. Алардын эр көкүрөк азаматтары элин коргоп жана элин аң уулап багып турган. Ал эми созулган кыргыз кыздары жүктүн бурчунан чыкпай иш десе иш кылып,аш десе аш кыла билген акыл-эстүү,адептүү болушуптур.
Күндөрдүн бир күндөрүндө,малга жайлуу,тоосу бийик,бетегеси белден буралган,тунук кашка сууга мол жерге барып конуп калышат. Тегереги тоо менен тосулуп тургандыгы да элди кубантат экен. «Элге да,малга дажайлуу мындай жерди дагы кайдан издейбиз, эми ушул жерге эле кыштап да чыксак болчудай ,же мүмкүн ушу жерди жердеп калсак эмне болот?» - деп өз ара кеңешишет. Көчүп конуудан тажаган эл ушул жерди мекендемек болушат. Ал убакта ууру- кескинин жоктугунанбы же элдеги ыймандын күчтүүлүгүнөнбү, айтор малды тоо ашырып айдап жиберип,бала-бакыра жиберип кайра айдатып алышчу экен.
Бир күнү баягы тоо ашырып айдап жиберген мал келбей калат. Айылдын эли,эртең келер деп камырабай жатып алышат.Анын үстүнө эр азаматтары аң уулоого кетип айылда кары- калтаң ,кыз кыркын эле калган болот.Арадан 5-6 күн өтүп кетет. Эр азамматар келгенден кийин аларга малдын дайнын айтышып, «силер жолдон учураткан жоксуңарбы?» - деп сурашат.
Бирок,ошол учурдагы жашаган элге мүнөздүү болгон дагы бир нерсе бул, малдарын өздөрү деле алыска айдап жиберип анда- санда барып карап коюшчу экен. Дагы арадан убакыт өткөрүп айылдын 5-6 жигити,баягы кеткен малды издеп келүү үчүн аттанат.Тияк-биякты карашат, жок. Эми,алысыраак жактан карамай болушат.Бир күнү мал издегендердин арасынан бирөө «Мобул жакка кеткен окшойт» - деп малдын изин
көрсөтөт.Баары ошол жакка жөнөшөт.Ал убакта ээн жаткан малды айдап өзүнүн малына кошуп алса,энинен таанып бөлүп албаса мал ошол кошуп алгандыкы болуп калчу.
«Эмне болсо да ,бара көрөлү» -дешет. Малдын изи менен жүрүп олтуруп өздөрүнүн малынын үстүнөн чыгышат.Малдын баары түгөл,айдап жөнөшөт. Бирок,быягынан айдаса,тыягынан качып эле баягы өздөрү оттоп жүргөн жерге келишет.Айран- таң болгон жигиттер айыл аксакалдары менен барып кеңешмек болушат.Бирөө айылга жөнөйт.Ал келип айылды чогултуп болгон окуяны айтып берет. Эл – журт кеңешип, ошол жайлуу жерге көчүп жөнөшөт. Колдо бар бирин –эки малга жүктөрүн артып,өздөрү жөө - жалаңдап отуруп эки конуп,үчконуп олтуруп,баягы мал турган жерге келишет.
Айылдагы акылман адамдар эки жакты байкап карап көргөндөн кийин жердин малга гана эмес,элге да жайлуу экендигин баамдашат. Себеби, бул жерде туздун кени бар экен. Жердин атын «Чоң- Туз» деп аташат да ошол жерге отурукташып калышат. Ал жерде туздун кени көп болгондуктан, биздин күнгө чейин жетип,ал жерге санатория курулуп,астма оорулуу,бронха өпкө оорулуу адамдар барып дарыланып турушат.
Студенттердин Эл аралык күнү.
Жаштардын Эл аралык тилектештигинин күнү фашизмге каршы күрөшкөн өлкөлөрдөгү студенттердин Эл аралык жолугушуусунда Лондондо 1941–жылы уюштурулган. Бул күн (17–ноябрь)–каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан Чехословакиялык батыр студенттердин эстелигин түбөлүк сактоо үчүн белгиленген. Анткени, Чехословакияны оккупациялап алган фашисттик немец баскынчылары 1939– жылы 17–ноябрда Чехословакия студенттер союзунун жетекчилигин камап, атып, жогорку окуу жайларын жаап, миңден ашык студент жана окуучуларды концентрациялык лагерге айдаган.
Студенттердин Эл аралык бирикмеси 1946 – жылы августа Прагада студенттердин бүткүл дүйнөлүк конгрессинде негизделген. Ал 90 өлкөнүн студенттик уюмун бириктирет.
Адамдын мүчөл жылдары.
Кыргыз элинде адамдын 12 жашын бир мүчөл деп аташат. Мүчөлдөгү жылдардын ар бири төмөндөгүдөй аталат:
12 жашка толгондо бир мүчөл жыл болот. Экинчи мүчөл жыл – 24 жаш, ошентип улам 12 жыл өткөн сайын адамдын жашына бир мүчөл жаш кошула берет. Ата – бабаларыбызда жыл сайын туулган күндү белгилөө болгон эмес, алар мүчөлдү гана белгилешкен.
Айлардын кыргызча аталышы: Январь – бирдин айы, февраль – жалган куран, март – чын куран, апрель – бугу, май – кулжа, июнь – теке, июль – баш оона, август – аяк оона, сентябрь – тогуздун айы, октябрь – жетинин айы, ноябрь – бештин айы, декабрь – үчтүн айы.
Манастын бала чагы
Окуя Алтай жеринде өтөт. Ал жерге Акбалта, Жакып баштаган кыргыздар баскынчы душмандын кесепетинен жер ооду болуп сүрүлүп барган. Кыргыздар калмактын малын багып, эчкинин тоңгон майын жеп күн көрүшөт. Калайык Акбалтанын акылы боюнча кетмендеп жер кертип, эгин айдашат жана эгинди майга алмаштырып алышат. Ошентип, кыргыздардын турмушу оңолот, арыгы семирет, ачынган курсак тоюнат. Калк мекенин сагынып тунжурап турган кезде Манас төрөлөт. Баланын кара көк жалы бар. Кара чаар жылан капталында, көсөө куйрук көк арстан оң жагында чамынат.
Манас -маңдайы жазы, башы кууш, жар кабак, кочкор тумшук, кош кирпик, эрди калың, көзү үңкүр, кең көкүрөк жайык төш, жолборс моюн, жоон билек. «Ушул бала чоңойсо, баарыбызды беките турган бел болот, душмандан кекти алган эр болот. Үзүлгөн уланат, чачылган жыйналат»,- дешет. Душманыбыз Эсенкан «Кыргыздан Манас чыгат, аны жок кылгыла»,- деп туш- тушка кабар таратат. Манас 12ге келгенде билбегенди билгизип, туйбаганды туйгузат. 14 жашка чыкканда «Кабылан Манас» аталат.
К.Карасаев.
К.Карасаев Ысык – Көл областында Токтоян айылында 1901 – жылы туулган. Ал өзүнүн талыкпаган эмгегинин натыйжасында атагы алыска кеткен илимпоз болгон.
К. Карасаев бала кезинен араб алфавитин молдолордон окуп сабатын ачкан. Караколдогу орус – тузем мектебинен билим алган. Орус тилинде билим алуу анын келечегине чоң таасир тийгизген.
Үркүндүн кийин Ташкенттеги Казак – кыргыз Эл агартуу институтунда окуган. Студент кезинен эле билим деңгээли жогору болуп, студенттердин жана көрүнүктүү окумуштуулардын арасында өзгөчө даражага ээ болгон.
Ленинграддагы чыгыш тилдери институтунда, ошол учурдагы чыгаан тарыхчы,түркологдордон билим алып, түрколог адистигине ээ болот.
Туңгуч «Эркин тоо» газетасын чыгаруучулардын бири болуп эсептелет.
Окумуштуу К. Карасаевди СССР элдеринин тил жана адабият борбордук институтунун директору «Орусча–кыргызча сөздүк» түзүүгө Москвага чакырат. Сөздүктү К.К.Юдахин менен бирдикте иштейт. Андан кийин СССР Эл комиссарлар советинде союздук республикалардын бюллетенинде редактор болуп иштеп, күндүзү Жогорку Советте, кечкисин К.Юдахин менен сөздүктү редакциялайт.
Профессор К. Карасаев Москвадан кандидаттык ишин коргоп, институтта лекция окуп, М. Богданова менен «Кыргыз адабий терминдерин» жазышкан.
Окумуштуу К.Карасаевдин кыргыз тилине кылган кызматы өзүнө өлбөс - өчпөс эстелик болуп калды. Ал калтырып кеткен эч нерсеге теңдешсиз мурастары - биздин тарыхыбыз, байлыгыбыз.