Oктябрь 2012 МТБнун аскер кызматкерлери менен Кыргызстандык окуучулар биринчи коңгуроону чалышты Биринчи коңгуроо жөрөлгөсү учурунда, 11- класстын окуучунун далынын үстүндө, биринчи класстагы окуучу коңгуроону чалып жатат. Баардык пост- советтик мамлекеттерде өткөрүлгөндөй эле, Кыргызстандын Нижнечуйск айылынын меткебинде дагы 1- сентябрь күнү жогорку класстагы окуучулар 1- класска жаңы кирген балдарга багыт көрсөтүшөт. Нижничуйск айылы, Кыргызстан – Мектептин биринчи күнү, Кыргыз Республикасы боюнча окуучу балдарды мектепте тосуп алуу майрамы болгон биринчи коңгуроо өткөзүлөт. Бул күн орус тилдүү мамлекеттерде ар жыл сайын 1-сентябрьда болот. Биринчи коңгуроо акыркы класстарда окуган балдар, биринчи класска жаңы эле кирген балдар менен жанаша баса турган жөрөлгө менен коштолот. Бул жөрөлгө жаңы окуу жылы башталгандыгын көрсөтөт. Бул жөрөлгө жогорку класстагы окуучу биринчи класстагы окуучуну далысына отургузуп алып, чогулган көрүүчүлөрдүн алдынан басып баражатып коңгуроого чалышы менен аяктайт. Манас транзиттик борборунун аскер кызматкерлери Нижничуйск айылынын № 1-мектептин окуучулары менен айылдын өнөктөштқрү менен бирге биринчи коңгуроо жөрөлгөсүн өткөрүүгө жардам бериш үчүн сапар жасашты. Алар ошондой эле жаңы окуу жылында окуучулардын колдоно турган жаңы спорттук буюмдар менен униформа алып келишти. «Балдар, мектептин биринчи күнүнө кош келдинер» - деди, 376 – ЭМЖТнун башкаруучусу полковник Ширлин Остров. «Биз силер менен биргеликте биринчи коңгуроо жөрөлгөсүн өткөрүп жатканыбызга сыймыктанып турабыз, жана ушул маанилүү күн менен силерди куттуктап кетер элем. Мугалимдер менен ата- энелерди, алардын кылган иштери үчүн жана бул балдардын жашоосунда ойногон маанилүү ролдору үчүн терең сыйлайбыз» - деп кошумчалады пол. Остров Бул жөрөлгөдө биринчи жана жогорку класстарда окуган балдар кыска ыр саптарын айтып беришти. Биринчи класска өткөн балдар төмөнкү ыр саптарын айтышты: «Мы идем сегодня в школу поступаем в первый класс здравствуй школа! здравствуй класс!» «АКШда мектепке биринчи жолу баруу башкача өтөт, бул өтүп жаткан жөрөлгө, биринчи жылдан акыркы жылга чейин билимге зор маани берилгени көрүнүп турат. Биринчи коңгуроо жөрөлгөсүндө катышуу биз үчүн эң сонун» - деди ЭМЖТнун административдүү жардамчысы, мастер сержант Тэми Биин. «Биз алып келген спорттук буюмдар менен униформаны көргөн балдардын жүзү жарк этип кеткенин көрүү биз үчүн абдан пайдалуу тажрыйба болду» - деди сержант Биин. Сапар учурунда айылдын акими Рамазан Басаров менен 376 – ЭМЖТнун башкаруучусу МТБнун кызмат аскерлерине мектепти жана жакын жайгашкан жетим үйдү көрсөтүп келди. «МТБнун кызмат аскерлери бул жердеги мектептер менен жетим үйлөргө көп жакшылыктарын кылышты. Алардын көрсөткөн жардамдары биздин айылга пайдалуу болду» - деди Басаров. Манас транзиттик борбор менен жергиликтүү коомчулуктун ортосундагы өнөктөштүк «Ардактуу башкаруучулар» - сыяктуу программалардын өбөлгөсү менен бекемделет. Кыргызстан боюнча граждандык лидерлер транзиттик борбордун башкаруучулары менен ортосундагы өнөктөштүктү күчтөндүрүш үчүн биргелешет. «Бүгүн биз биринчи коңгуроо жөрөлгөсүндө чогуу катышуу үчүн, айылдын акими Рамазан Басаров тарабынан чакырылдык» - деди жогорку мастер сержант Леонард Тибодо. «Эң биринчи окуу жылынан баштап акыркы окуу жылына чейин окуучулардын окууга болгон берилүүсү, алардын илим- билимге канчалык маани бергенин көрсөтүп турат» - деди сержант Тибодо.
6
Embed
Oктябрь 2012 - USEmbassy.gov · здравствуй школа! здравствуй класс!» «АКШда мектепке биринчи жолу баруу башкача
This document is posted to help you gain knowledge. Please leave a comment to let me know what you think about it! Share it to your friends and learn new things together.
Transcript
Oктябрь 2012
МТБнун аскер кызматкерлери менен Кыргызстандык окуучулар биринчи коңгуроону чалышты
Биринчи коңгуроо
жөрөлгөсү учурунда, 11-
класстын окуучунун
далынын үстүндө,
биринчи класстагы
окуучу коңгуроону чалып
жатат. Баардык пост-
советтик мамлекеттерде
өткөрүлгөндөй эле,
Кыргызстандын
Нижнечуйск айылынын
меткебинде дагы 1-
сентябрь күнү жогорку
класстагы окуучулар 1-
класска жаңы кирген
балдарга багыт
көрсөтүшөт.
Нижничуйск айылы, Кыргызстан
– Мектептин биринчи күнү,
Кыргыз Республикасы боюнча
окуучу балдарды мектепте тосуп
алуу майрамы болгон биринчи
коңгуроо өткөзүлөт. Бул күн орус
тилдүү мамлекеттерде ар жыл
сайын 1-сентябрьда болот.
Биринчи коңгуроо акыркы
класстарда окуган балдар, биринчи
класска жаңы эле кирген балдар
менен жанаша баса турган
жөрөлгө менен коштолот. Бул
жөрөлгө жаңы окуу жылы
башталгандыгын көрсөтөт. Бул
жөрөлгө жогорку класстагы
окуучу биринчи класстагы
окуучуну далысына отургузуп
алып, чогулган көрүүчүлөрдүн
алдынан басып баражатып
коңгуроого чалышы менен
аяктайт.
Манас транзиттик борборунун
аскер кызматкерлери Нижничуйск
айылынын № 1-мектептин
окуучулары менен айылдын
өнөктөштқрү менен бирге биринчи
коңгуроо жөрөлгөсүн өткөрүүгө
жардам бериш үчүн сапар
жасашты. Алар ошондой эле жаңы
окуу жылында окуучулардын
колдоно турган жаңы спорттук
буюмдар менен униформа алып
келишти.
«Балдар, мектептин биринчи
күнүнө кош келдинер» - деди, 376
– ЭМЖТнун башкаруучусу
полковник Ширлин Остров. «Биз
силер менен биргеликте биринчи
коңгуроо жөрөлгөсүн өткөрүп
жатканыбызга сыймыктанып
турабыз, жана ушул маанилүү күн
менен силерди куттуктап кетер
элем. Мугалимдер менен ата-
энелерди, алардын кылган иштери
үчүн жана бул балдардын
жашоосунда ойногон маанилүү
ролдору үчүн терең сыйлайбыз» -
деп кошумчалады пол. Остров
Бул жөрөлгөдө биринчи жана
жогорку класстарда окуган балдар
кыска ыр саптарын айтып
беришти. Биринчи класска өткөн
балдар төмөнкү ыр саптарын
айтышты: «Мы идем сегодня в
школу поступаем в первый класс
здравствуй школа! здравствуй
класс!»
«АКШда мектепке биринчи жолу
баруу башкача өтөт, бул өтүп
жаткан жөрөлгө, биринчи жылдан
акыркы жылга чейин билимге зор
маани берилгени көрүнүп турат.
Биринчи коңгуроо жөрөлгөсүндө
катышуу биз үчүн эң сонун» - деди
ЭМЖТнун административдүү
жардамчысы, мастер сержант Тэми
Биин.
«Биз алып келген спорттук
буюмдар менен униформаны
көргөн балдардын жүзү жарк этип
кеткенин көрүү биз үчүн абдан
пайдалуу тажрыйба болду» - деди
сержант Биин.
Сапар учурунда айылдын акими
Рамазан Басаров менен 376 –
ЭМЖТнун башкаруучусу МТБнун
кызмат аскерлерине мектепти
жана жакын жайгашкан жетим
үйдү көрсөтүп келди.
«МТБнун кызмат аскерлери бул
жердеги мектептер менен жетим
үйлөргө көп жакшылыктарын
кылышты. Алардын көрсөткөн
жардамдары биздин айылга
пайдалуу болду» - деди Басаров.
Манас транзиттик борбор менен
жергиликтүү коомчулуктун
ортосундагы өнөктөштүк
«Ардактуу башкаруучулар» -
сыяктуу программалардын
өбөлгөсү менен бекемделет.
Кыргызстан боюнча граждандык
лидерлер транзиттик борбордун
башкаруучулары менен
ортосундагы өнөктөштүктү
күчтөндүрүш үчүн биргелешет.
«Бүгүн биз биринчи коңгуроо
жөрөлгөсүндө чогуу катышуу
үчүн, айылдын акими Рамазан
Басаров тарабынан чакырылдык» -
деди жогорку мастер сержант
Леонард Тибодо.
«Эң биринчи окуу жылынан
баштап акыркы окуу жылына
чейин окуучулардын окууга
болгон берилүүсү, алардын илим-
билимге канчалык маани бергенин
көрсөтүп турат» - деди сержант
Тибодо.
Үч жума мурун, транзиттик
борбордо футбол клубун топтоо
оюбуз жөн кана пикир бойдон
болчу. Транзиттик борбордун
жетекчисинин жардамчысы Роберт
Молитс МТБда кызмат өтөгөн
аскерлердин моралдык көңүлүн
көтөөрүү жана маданияттар
ортосундагы алаканы өнүктүрүү
үчүн футбодук команда түзүү
мүмкүнчүлүгү тууралуу ой
жүгүртүп жаткан. Бирок бул ойдун
ишке ашканына көзү жетпей турган.
Бирок 376-экспедициялык жардам
кызматынын маркетинг бөлүмүнүн
жардамы менен, МТБда кызмат
кылгандардын арасынан футбол
командасына кирүүгө баардык
калоочуларга жарыя кылгандан
кийин, ушунча көп адамдардын
келиши жана
алардын футбол
ойноо шыгы
поковноик
Молитсти таң
калтырды.
АКШда 11ден
19жашка чейинки
өспүрүм
балдарды
машыктыруу
тажрыйбасы
болгон Роберт
Молитс, МТБда
дагы жаңы
команда түзүп
машыктырууга
абдан кызыктар.
Бир канча кыйын
машыгуудан
кийин,
Либерандос атындагы команда түзүлдү. Бул
команда өзүнүн биринчи оюнун 8-сентябрда
ИИМ академиясынын окуучулары менен
өткөрдү.
Бул Либерандос командасы өткөргөн биринчи
оюнунда, оюнчулар спорттук чеберчилигин
көрсөтүштү. Эң негизгиси бул оюндун
жыйынтыгы эки тараптын мамиленин өнүгүүсү
болуп чыкты.
Бир нече адамдар көргөн бул оюн 2:2 эсеби
менен аяктады. Эки команда тең көгө жагаар
футболду көрсөтүштү. ИИМ командасы кооз
комбинация өткөргөндөн кийин каршы
командага кол киргизип, эсепти 1:0 менен
ачышты. Либеранлос командасы, от өчүрүү
бригадасында кызмат кылган Кевин
Фергусондун киргизген голу менен эсепти
теңдешти. Эки команда тең ишеништүү ойноп
баштагандан кийин ИИМ академиясынын
оюнчусунун 30метрден тепкен тобун, 1-
катардагы Пол Смиттин бармактары бир нече
милиметр кана жетпей калып топ дарбазага
кирип кетти. Ошентип эсеп 2:1 болду.
2:1 эсеби менен жеңилип жаткан Либерандос
командасы өжөрлүгүн көрсөтүп дагы бир кол
киргизүү менен эсепти теңдеди. Бул голго
чейин катардагы аскер Жеси Алисондун айып
аянтчасына топту узатуу аракети, топ
дарбазанын кырына тийип калып ишке ашпай
калды. Бирок утурумсуз прессинг кылып
жаткан Либерандос командасынын оюнчусу
штаб-сержант Антони Симонс гол киргизе
алды.
Оюндун аягында эки команда тең жакшы пас
берүү комбинациясын жана коргоодо бекем
ойнунун көрсөтө алышты бирок эч кимиси гол
киргизе алган жок.
Полковник Молитс оюндан күтүлгөндөн дагы
көбүрөөк натыйжа көрө алдык жана бул оюн
эки тараптын мамилелеринин өнүгүшүнө дагы
себеп болду деп эсептейт.
«Биз бул жака келгенибиз бизд абдан
кубандырып жатат. Мен МТБда дагы бир жыл
кызмат өтөйм жана келечекте дагы да ушундай
оюндарды өткөрүлүп турушуна үмүттөнөм.
Ушундай иш-чаралар тараптарды жакындатат
деп ойлойм. Полковник Базарбаев бизди абдан
жылуу кабыл алды. Мен ал кишиге бизди бул
жака чакыргандыгы жана Кыргыз жери жана
эли жөнүндө көбүрөөк билүү мүмкүнчүлүгүн
түзүп бергенлиги үчүн чоң раазычылыгымды
билдирип кетким келет.»
ИИМ академиясынын директору, полковник
Алмаз Базарбаев да өзүнүн ою менен бөлүшүп
кетти.
«Мен ушундай иш-чаралар эки тарапты кесип
менен кана эмес эки ар башка улуииар катары
жакындата тургандына ишенем. Бул оюн эки
тараптын мамилелерине оң таасирин тйигизди
деп эсептеймин. Ушундай көрүшүүлөр дагы
болуп турат деген үмүттөмүн. Жана ошондой
эле алдыда эки тараптын мамилелери өнүгүп
өсө бермекчи,» - деди ал.
«Мен биздин аскер кызматкерлери менен
сыймыктанам. Бир канча жума мурун эле жаңы
эле баштадык эле. Азыр күчтүү, биргелешкен
команда түзүлүп кады. Балким кээ бир
оюнчуларыбыз бул оюнду катардагы бир оюн
да деп көп көңүл бурган эместир. Бирок мен
билем, командабыздын көп катышуучуларына
бул оюн жашоолорунда эске калат. Алар бүгүн
өз мамлекетини жакшы өкүлдөрү болушту
жана бүгүнкү оюнда көрсөткөн аракеттери
үчүн ар биринин сыймыктанганга себеп бар.»
МТБ кызмат аскерлери менен ИИМ академиясынын окуучулары футбол боюнча достук матчында жолугушту
Үстүңкү сүрөттө, транзиттик борбордун кызматкерлери
менен Бишкек полиция академиясынын окуучулары
оюн аяктагандан кийин бири биринин колдорун кысып
жаткан кези. Бул оюн 2:2 эсеби менен аяктады.
Ортоңку сүрөттө, Либерандос командасынын
коргоочусу, капитан Вилсон өз командасынын
оюнчусуна топту узатуу үчүн керилип жаткан учуру.
Быйылкы жылдын 19-сентябрында, МТБунун
аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын
саламаттыкты сактоо министирлигинин
өкүлдөрүн МТБда кабыл алышты. Бул сапарда,
полковник Роберт Молитс, 376-авиа
экспедициялык канаттын башкаруучусунун
жардамчысы полковник Франк Аллара жана 376-
медициналык группанын башкаруучусунун
катышуусу менен өткөн брифинг жана МТБдун
айланасын жана медициналык клиниканы
көрсөтүү болуп өттү.
Бул сапар маалымат жана маданият тажрыйбасы
менен бөлүшүү программасынын акыркы
жөрөлгөлөрүн бирөөсү болду. Өйдөдө айтылып
кеткен программанын негизги макстаты, МТБ
кызматчылары жана алардын коллегалары менен
иштөө методдору, технология жана иштөө
практикасы менен таанышуу эле. МТБ
саламаттыкты коргоо боюнча адистер Бишкек
шаарындагы медициналык мекемелерге бат бат
сапар жасап турушат.
«Жергиликтүү калктын ден соолугун жана
бакубатчылыгын оңдоо үчүн, Кыргызстан
өнөктөштөрүбүз менен биргелешип иштөөдөн
рахат алабыз. Ошондой эле биз аскер жагдайында
дагы тажрыйба менен бөлүшүү программасын
жүргүзүп келгенбиз жана жергиликтүү айылдарда
жйагашкан мектептер менен мамиле түздук,»
деди полковник Аллара.
Бул сапар саламаттыкты сактоо
министирлигинин жумушчуларына өтө жакты
жана алар министирлик менен МТБнун
ортосундагы өнөктөштүк мамиленин өсүшүнө
күбө болушту. «Бүгүнкү жоллугуу эки тараптын
мамилесинин чыңдалышына өбөлгө түзүп берди.
Тажрыйба алмашуу процеси ачык жана
натыйжалуу өттү,» деди саламаттыкты сактоо
министирдин жардамчысы Марат Калиев.
«Салматтыкты сактоо жагдайында иштеген
абдан мыкты адистер тобу иштейт экен жана
транзиттик борбордо алардан иштөө практикасын
үйрөнүү биз үчүн абдан пайдалуу болду.
Полковник Аллара жакынкы арада ушундай
жөрөлгөлөрдүн улануусуна үмүттөнүп, эки
тараптын ортосундагы өнөктөштүк мамиленин
өсүп өнүгүүсүнө абдан кубанычта экенин айтып
кетти.
«Бүгүнкү жолугушуу, министр жардамчысы
менен экөөбүз натыйжалуу өнөктөштүк мамилеге
алып бара турган жолдо экенибизди көрсөттү.
Медициналык кызматтын жетекчиси катары,
менин негизги максатым эки тараптын
биргелешип иштөөбүздү чыңдоо эле. Бул болсо
эки мамлекеттин ортосундагы өнөктөштүктү
өсүшүнө алып барат. Эмки жолугууларыбызды
дагы улантабыз деген үмүттөмүн» - деп
полковникАллара сөзүн аяктады
Саламаттыкты сактоо министерлиги транзиттик борборго