Кыргыз Агро Mаркет Өлкөбүздүн дыйкандары менен түздөн-түз кызматташуу – биздин башкы максатыбыз, милдетибиз Кыргыз Агро Маркет компаниясы Туркиядагы Анкарага жакын жайгашкан “Бозкурт” айыл чарба машиналарын чыгаруучу заводдун расмий өкүлчүлүгү катары түзүлгөн техника сатуучу жана аларды толук кандуу тейлөөчү ишкана. Биздин максат – өлкөбүздүн дыйкандары менен түздөн-түз байланышып кызматташтыктын заманбап технологиясын сунуштап элге кол узатуу болуп эсептелет. Сиздер билгендей биздин дыйкандарыбыздын техникага болгон муктаждыгы өтө көйгөйлүү проблема бойдон калып келе жатат. Биз айыл чарба машиналары менен элди камсыздоодо дыйкандардын пайдасына иштей турган адилеттүү атаандаштыктын формуласын колдонуп иштеп баштадык. Банктардын кредиттерине, лизинг кызматын көрсөтүүсүнө жана чиновниктерге дыйкандардын көз каранды болуусун кыскартууга багытталган жолдор менен иштейбиз. Банктардан айырмаланып биз кредитке же лизингге техника бербейбиз. Мындай ишмердүүлүк - банктардын оокаты. Биздики өндүрүш – завод. Биз дыйкандарга жакын, өндүрүшчүлөр уруусунанбыз. Биз дыйкандын акча каражаты бир аз жетпей калса, жөн эле, ошол жетпей жаткан акчаны төлөп берүү мөөнөтүн кыска мезгилге же бир сезонго эч кандай үстөксүз эле, мыйзамга төп келген, жөнөкөй жолдор менен сатып жатабыз. Биздин өзгөчөлүгүбүздүн жана артыкчылыгыбыздын мазмуну ушундай – дыйкандарга ортомчу сүткорчулук менен шугулданган мекемелерди, бюрократтарды, кендирди кескен каржылык кыйынчылыктарды аттап өтүүгө мүмкүнчүлүк, түрткү беребиз. Мындан сырткары, техника сатуудан мурда, ар бир дыйкан менен жекече, биргеликте кылдат алардын чарбаларынын өзгөчөлүктөрүн, чарбалык иштеринин мүнөзүн кенен иликтейбиз. Анан кийин гана аларга машиналадын ошол дыйкандын жер шарттарына төп келе турган сапатту моделдерин сунуштайбыз. Албетте, дыйкандар банктар аркылуу лизингге алабыз деп келишсе жок дебейбиз. Анда жөн эле машиналардын моделдерин туура тандап алуусуна көмөктөш болуу менен чектелебиз. Биздин дыйкандар менен кызматташуу формулабыз алардын документ топтоп, үстөк төлөп, банктар, бюроктраттар менен болгон татаал, машакаттуу түйшүктөрүн дээрлик жокко чыгарат. Биз дыйкандарга “жардам” же “жеңилдик” берип жатабыз деген жалган, алаксытма жана жасакерлик сөздөрдү колко кылып колдонуудан алыспыз. Биз дыйкандардын ар бирин, өз үй-бүлөлүк