Top Banner
БАШ СӨЗ Ондогон кылымдарды карытып, оомалуу-төкмөлүү, узак жол басып, жалпы адам баласынын тарыхый жолунда кимге таандык экени билинип турган изин калтырып, тириликтин негизги белгиси — машакатын тартып тынымсыз күрөштө болуп, өмүр-жашоо деген өзгөчө татаал чыйырдын миңдеген тоскоолдуктарынан өтүп, өмүр-өлүм үзөнгүлөш жүргөн далай кагылыш-кармаштарды баштан кечирип, өз наамы-атын, эл катарындагы өзүнө таандык өзгөчө белгилерин жоготпой сактап, тээ байыртадан бери келе жаткан түптүү эл — кыргыздардын ата-бабалары бүгүнкү урпактарына мурас кылып калтырган өзгөчө баалуу байлыктарынын мааниси, көлөмү, боюнча орчундууларынын бири — элдик оозеки көркөм чыгармачылыгы. Кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолунда, күндөлүк турмушунда оозеки көркөм чыгармачылыктын өзгөчө мааниге ээ болуп, чоң роль ойногондугун, ушунун натыйжасында тарыхта өтө сейрек учурай турган феномендик мүнөздөгү абал түзүлгөндүгүн «Манас» эпосунун мисалынан — көчмөн кыргыздар өз жашоо шартынын өзгөчөлүгүнө ылайыкталган дүнүйөнүн сегизинчи укмушун - оозеки жаралып, оозеки сакталган поэзиянын көркөм чалкар деңизин башка эч бир кезикпеген, өзү сыяктуулардын арасында теңдеш
25

БАШ СӨЗ

Oct 29, 2014

Download

Documents

Mirlan Chekirov
Welcome message from author
This document is posted to help you gain knowledge. Please leave a comment to let me know what you think about it! Share it to your friends and learn new things together.
Transcript
Page 1: БАШ СӨЗ

БАШ СӨЗ

Ондогон кылымдарды карытып, оомалуу-төкмөлүү, узак

жол басып, жалпы адам баласынын тарыхый жолунда

кимге таандык экени билинип турган изин калтырып,

тириликтин негизги белгиси — машакатын тартып

тынымсыз күрөштө болуп, өмүр-жашоо деген өзгөчө татаал

чыйырдын миңдеген тоскоолдуктарынан өтүп, өмүр-өлүм

үзөнгүлөш жүргөн далай кагылыш-кармаштарды баштан

кечирип, өз наамы-атын, эл катарындагы өзүнө таандык

өзгөчө белгилерин жоготпой сактап, тээ байыртадан бери

келе жаткан түптүү эл — кыргыздардын ата-бабалары

бүгүнкү урпактарына мурас кылып калтырган өзгөчө

баалуу байлыктарынын мааниси, көлөмү, боюнча

орчундууларынын бири — элдик оозеки көркөм

чыгармачылыгы.

Кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолунда, күндөлүк

турмушунда оозеки көркөм чыгармачылыктын өзгөчө

мааниге ээ болуп, чоң роль ойногондугун, ушунун

натыйжасында тарыхта өтө сейрек учурай турган

феномендик мүнөздөгү абал түзүлгөндүгүн «Манас»

эпосунун мисалынан — көчмөн кыргыздар өз жашоо

шартынын өзгөчөлүгүнө ылайыкталган дүнүйөнүн

сегизинчи укмушун - оозеки жаралып, оозеки

сакталган поэзиянын көркөм чалкар деңизин башка эч

бир кезикпеген, өзү сыяктуулардын арасында теңдеш

болбогон жомокту — эпосту жаратканынан да таасын

байкоого болот.

Кыргыз жазма адабиятынын түп тамыры кайсы

мезгилден башталат? Балким, жазуусызуубуз Саймалуу

таштан башталгандыр? Эмне үчүн биз жазма

Page 2: БАШ СӨЗ

адабиятыбыздын башталышына рамка коюп чектеп, аны

XX кылымдын башталыш мезгилдери менен гана

байланыштырып келебиз? Жазма адабиятыбыздын

мезгилдик жана мейкиндик мас-штабын кеңейтсек кыргыз

адабиятына залал тийип калабы?! Фольклордук

чыгармаларыбызды, акындык поэзиябыздын

проблемаларынын генезисин VII—VIII кылымдардан берки

көркөм мурастар менен карым-катнашта карасак болбойбу?

Руникалык жазуулар деп аталган адабият эстеликтер —

«Култегиндин урматына кичи жазуу», «Култегиндин

урматына чоңжазуу», «Тонүкүктүн урматына жазуу», «Билге

кагандын урматына жазуу» жана эпитафиялар

поэзиябыздын үлгүлүү өрнөктөрү болуп саналбайбы?!

ЛИРИКАЛЫК ЖАНР

Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы өз ичине бири-

биринен олуттуу айырмаланып турган көптөгон лирикалык

жанрлардын түрлөрүн камтыйт. Аларды адабият таануу

терминдери менен атаганда — эмгек лирикасы, атуулдук

лирика, табият лирикасы, философиялык лирика, балдар

лирикасы, дин лирикасы, сүйүү лирикасы сыяктуу түр-лөргө

бөлүштүрүүгө болот. Эмгек лирикасына — «Бекбе-кей»,

«Шырылдаң», «Оп майда», «Тон чык», «Ор орогум» кирсе,

табиятка — «Аккан суу», «Керме-Тоо»; кайгы ли-рикасына —

кошоктор, армандар; философиялык лирикага — санат-

насыят, терме, үгүт, үлгү, нускалар; атуулдук лирикага

айтыштар, оюн ырлары; балдар лирикасына — балдар

ырлары; диндик лирикага ырым-жырым, эм-дом, дин ырлары;

сүйүү лирикага — секетбай, күйгөн, ашыктык, махабат; мезгил

лирикасына — мезгил-маал, жылдын төрт мезгили — кыш,

жаз, жай, күз ырлары кирет.

Page 3: БАШ СӨЗ

Лирика термини гректин «лира» (байыркы гректердин

музыкалык аспабы) сөзүнөн тамырланып, бара-бара

искусствонун белгилүү чегин аныктаган түрүнө кирет. Бул

термин көркөм адабияттагы кеңири мааниде колдонул-ган

көптөгөн түшүнүктөрдүн башын бириктирип турат. Лириканын

кең мааниде колдонулушу — фольклордогу кездешкен жалпы

эле майда көлөмдөгү поэтикалык чыгар-маларды бир жанрга

бириктирип, адамдын ички сезим-дерин аныктоочу —

кайгыны, кубанычты, сүйүүнү, эмо-цияны, чегинүүнү,

канааттанууну, жыргал табууну, акыл-мандуулукту, жүрүм-

турумдун эрежелерин, саякаттоону, чөгүүнү, кыялданууну,

кырдаалды, теңирге сыйынууну поэзиянын ийкемдүү

керемети аркылуу аткарылган кыска

Демек, кыргыз фольклорунун тарыхына кирген эмгек,

сүйүү, ырьтм-жырым, дарым, арман, кошок, жоктоо, кор-

доо, мактоо, үйлөнүү, бешик ырлары, дин, жарамазан,

санат-насыят, терме, айтыш, өлөң, узатуу, каргыш түрлө-

рүнүн өзүнүн өсүп-өнүгүп келген эволюциялык жолдору ар

кыл болгонун көрүп турабыз. Кээ бир түрлөрдүн өзүнүн

өнүгүүсүндө турмуштук милдеттеринен ажырап калганын

көрсөк, кээ бирөөлөрү бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн тур-муштук

функциясын аткарып келгенин көрөбүз. Мисалга алсак, дин

ырларынын тагдыры түздөн-түз элдин, доордун өнүгүшүнө

байланыштуу экенин көрүп турабыз. Социалисттик

идеологиядан кутулган учурда динге ишенүүчүлүк кайра эл

ичинде жандангандыктан, исламга тиешелүү таанып-

билүүлөр, түшүнүүлөр, ырым-жырымдар, ошонун ичинен дин

ырлары кайра өзүнүн мурунку калыбында ат-карылүуга

мүмкүндүк алып жатат.

Ошентип, оозеки формада жаралып, бул же тигил эл-

Page 4: БАШ СӨЗ

дин коомдук-социалдык жашоо шартына жараша өнүккөн

көркөм сөз өнөрү өзүнүн ички түзүлүшүндө форма

менен мазмуну бири-бирине айкалышкан жанрларды

пайда кылган. Ошол жанрларды изилдөө, классифи-

кациялоо ишине кыргыздын көрүнүктүү окумуштуулары

өзүнүн салымын кошушту. Кыргыз фольклорунда жо-

луккан жанрларды өз ара бөлүштүрүүдө — К. Мифтаков

(1924), М. И. Богданова (1940), К. Рахматуллин (1943),

Т.Саманчин, Т. Байжиев, 3. Бектенов (1947), А. Тайгүрөңов

(1948), С. Мусаев, Ж. Таштемиров (1960), С. Закиров

(1982), М. Мамыров (1988), М. Түлөгабылов (1985), Т. Та-наев

(1991) сыяктуу окумуштуулар лирикалык жанрдын

түрлөрүнө өздөрүнүн көз караштарын, теориялык далилдүү

ойлорун айтууга аракет жасашкан.

ЭМГЕК ЫРЛАРЫ

Эмгек ырлары лирикалык жанр болуу менен, оозеки

чыгармачылыктын эң эски түрлөрүнөн болуп эсептелет.

Эмгек процессинин учурунда аткарылып, аны жеңилдетүү

максатында колдонулган элдик оозеки чыгармачылыгы-

нын бир түрүнө кирген ырларды эмгек ырлары дейбиз.

Демек, эмгек ырларын сырткы кишилер эмес, ага түздөн-

түз катышып жаткандар аткарган. Алар ырдын жардамы

менен эмгекти жеңилдетүүнү көздөшкөн болучу.

Колдо бар материалдын негизинде эмгек ырларынын: 1)

аңчылык 2) мал чарбачылыгы 3) дыйканчылык 4) кол

өнөрчүлүк эмгек ырлары болуп төрт топко бөлүнүп карал-

ганы туура болот го деп ойлойбуз. Ал эми «Бекбекей»,

«Шырылдаң» өңдүү эки бөлөк жанр катары каралып

жүргөн эмгек ырлары мал чарбачылыгына арналган чы-

гармалар болуп эсептелери айтпасак да түшүнүктүү.

Page 5: БАШ СӨЗ

«Койчулардын коңур күүсү» тууралу да ушул ойду айтууга

болот. Андай айырмачылыктар эмгек ырларынын түр-

лөрүнө талдоо жүргүзгөндө ачык көрүнөт.

Аңчылык жөнүндөгү эмгек ырлары өзүнүн тарыхый

чыгышы жагынан эң байыркы ырлардан болуп эсептелет.

Окумуштуулардын жазгакдарына жана тарыхый ма-

териалдарга караганда, кыргыздар байыркы замандардан

тартып эле аңчылыкты кесип кылып келген.

Аңчылык кылуунун социалдык мааниси бар. Аң уулоо

көңүл ачууга багытталбастан, ал кандайдыр элдин камы

катары бааланган. Аңчылык кесип жеке бир адам аркылуу,

же коллектив менен жүргүзүлөбү, баары бир кыйын жана

оор болгон. Бирок ошол оор эмгекти чагылдырган аңчылык

жөнундөгү эмгек ырлары «таза» түрүндө бизге жеткен жок.

Анын кандайдыр бир себеби болуу керек. Биринчиден, бул

ырдын эл арасынан жазылып калбагандыгы, ага анчалык

көңүл бурулбагандыгы, экинчиден, аңчылыкка арналган

«таза» түрүндөгү ыр жок деп айта албайбыз, бар болушу

мүмкүн; үчүнчүдөн, аңчылыкка байланышкан ырлардын

оозеки чыгармачылыктын башка жанрына, башка түр-

лөрүнө өтүп кетиши. Чындыгында эле кыргыз элинин

оозеки чыгармаларынын эпикалык жана лирикалык жанр-

ларына аңчылык жөнүндөгү эмгек ырлары кирип кеткенин

көрөбүз. Биз ошолордун айрымдарына байкоо жүргүзүп

көрөлү.

«Кожожаш» — элге кеңири белгилүү эпос. Ушул эпосто

Кожожаш мергенчинин эмгеги кеңири баяндалат. Ал —

көзгө атар мерген. Ошол өнөрү аркылуу бир уруу элди

кайберендин эти менен багып турат. Кожожаш эчен кыйын

аскаларды ашып, эчен татаал жолдорду басып,

Page 6: БАШ СӨЗ

мергенчилик менен элдин кадырлоосуна ээ болот. Акыры

өзү өлүмгө учурайт. Ырас, эпосто мифтик көз караш да

чагыл-дырылган. Анын өзү Кожожаштын өлүмү кайберен

Сур эчкинин каргышына байланыштырылган мотивде

жүзөгө ашырылган. Ошол эле эпосто Кожожаштан көрө

уулу Молдожаш кыйын болуп көрүнот. Ал кийинки

адамдардын аң-сезиминин өсүшүнө, эмгектин өркүндөшүнө

байланыш-кан көз карашта сүрөттөлгөн.

Аңчылыкка байланыштуу эмгекти чагылдырган чыгар-

мага «Карагул ботомду» кошууга болот. Өз баласын «кийик

деп атып алган атасынын айткан кошогу катары берилсе

да, мында мергенчинин аңчылык кылуудагы эмгеги

баяндалат. Бул чыгармада кайгылуу окуя камтылгандык-

тан, «Карагул ботом» эл арасында кеңири белгилүү. Ошон

үчүн бул чыгарманын бир нече варианты бар. Ал күү менен

комузда да чертилет.

- «Бекбекей» — эзелки замандардан бери эл арасында

айтылып келген, мазмунуна мал чарбачылыгындагы эмгек

процессин ачык чагылдырган кыргыз элинин оозеки чы-

гармачылыгынын эң байыркы түрлөрүнүн бири. Чыгарма

алыскы жолду канчалык басып өтсө, кылымдардын кат-

марында ошончолук өзгөрүүгө учурары, бир нече варианты

түзүлөрү түшүнүктүү. Ушул ырдын эл арасында кеңири

белгилүүлүгү көп вариантта кездешкени менен аныкталат.

Чындыгында эле «Бекбекей» ырынын жыйырмага жакын

варианты бар. Мына ушул көп варианттуулук бул ырдын

байыркылыгын гана эмес, анын калайык тарабынан дама-

мат айтылып келгенин, эл арасына кеңири тараганын

билдирет. Ошону менен катар «Бекбекейдин» байыркы

чыгармалардан экенин айрым деталдар көз алдыга элес-

Page 7: БАШ СӨЗ

теткен болот. «Бекбекейдин» бардык вариантында тең

эмгек процессинин элементи — эмоция сакталып калган.

«Бекбекей» — эмгек ырларынын ичинен эң байыркы

түрлөрүнүн бири. Ошол себептүү «Бекбекей» деген сөздүн

)чыгыш этимологиясы ушул кезге чейин такталбай келе

жатат. Ушул ырдын чыгышы жана термини жөнүндө

негизинен эки түрдүү көз караш, эки түрдүу пикир бар.

Айрым окумуштуулар (М. Богданова) «Бекбекейди»

мифтик, тотемдик түшүнүккө алып барып такайт. Экинчи

тараптагы пикирди ушул саптын автору айтып келүүдө.

«Шырылдаң» — эмгек ырларынын байыркы түрүнүн

бири. Ошону менен катар бул кыргыз элинин арасына

кеңири таралган ырлардан болуп эсептелет. Бул ыр мал

киндиктүү, жылкы жандуу кыргыз элине гана таандык

ырлардан десек жаңылышпайбыз, анткени башка элдерден

ушул түрдөгү ырларды кездештире элекпиз. «Шырыл-

даңдын» — кыргыз элине кеңири белгилүүлүгү анын көп

варианттарда кездешкени менен мүнөздөлөт.

«Шырылдаң» ыры оор эмгектин процессин чагылдыруу

негизинде келип чыкканы талашсыз. Бирок бул ырдын

кайсы доордо айтылганы, «шырылдаң» деген терминдин

кандайча пайда болгону ушул күнгө чейин тактала элек.

Ал түгүл, «шырылдаң» ырынын кайсы мезгилдерде

айтылганы жөнүндө ар түрдүү пикирлер жазылып жүрөт.

Эгер «бекбекей» короо кайтаргандардын,

«койчулардын коңур күүсү» кой артынан жүргөндөрдүн

кыргыз элине таандык гана ыры болсо, «шырылдаң» —

жалаң гана жыл-кычылардын ыры. Демек, мына ушул үч

эмгек ырынан эле кыргыздардын кой чарбасы менен

жылкы чарбасына айрыкча көңүл бурганы айкын болуп

Page 8: БАШ СӨЗ

турат. Жылкы — колду карабай турган, катуу кыштарда

короо-сарайларды билбей, жайыттарда өзүнө тамак таап

жеген мал. Ошол себептүү коңур күздөн тартып

жылкыларды айылдан алыс жайып, кыш мезгилинде оттуу

жерлерди оторлото турган. Оторлогон жылкылар бир

жайытта анча узак болчу эмес. Жайыттын оту түгөнө

баштаганда дагы башка оттуу жерге которулушчу. Демек,

он-он беш күндө башка жайытка көчүүгө туура келген.

Ошондуктан, «алачыктарын кайда тигишсе, ошого жакын

айылдарга барып, түн ичинде үй-үйлөргө «шырылдаң»

айтышып, элден азык жыйнап алы-шар эле»6. «Шырылдаң»

айтуу, ошентип, азык-түлүк жана башка буюмдарды

элден жыйнап алууга багытталган болучу.

«Шырылдаңдын» ыр түзүлүшү кыргыздын классикалык

ырларынын салтында жети-сегиз муундан турат. Көп-чүлүк

ырларынын аягына «эй» деген жардамчы сөздөр кошулуп

айтылат. «Шырылдаң» ыры айта турган ойго

байланыштуу түрдүү уйкаштарда кездешиши мүмкүн. Ыр

көбүнчө эгиз жана аксак уйкаш түрүндө айтылганын

байкоого болот. «Бекбекейдин» обону жайлык менен көтө-

рүлүп, улам жогорулаган түрдө созулуңку чыкса, «шырыл-

даңдын» обону башка мүнөзгө ээ. Мунун ырынан аттын

басыгындагы ылдам жүрүш элестелет, мындайча

айтканда, ылдамдык темп менен айтылат. Ыр сабынын

аягындагы «эй» деген эмоцияны билдирген жардамчы сөз

аттын басы-гына жараша ырга күү берип, аны аткарууну

жеңилдетет жана ырды уккулуктуу кылып чыгарат.

Логикалык басым ыр жолунун эң акыркы муунуна түшүп,

ошол жер көтө-рүңкү үн менен бийигирээк угулуп турат.

«Шырылдаң» эмгек ырларынын байыркы

Page 9: БАШ СӨЗ

түрлөрүнүн бири катары бизге белгисиз эзелки

замандардан бери карай айтылып, кыргыз элинин

калың катмарына кеңири тарап, кийинки мезгилге

чейин жашап келсе да, Улуу Октябрь

революциясынан кийинки болуп өткөн социалдык

өзгө-рүүлөргө карай, ошондой эле эмгектеги жаңы

мамилелерге байланыштуу бул түр аткарылуудан

калды, жашоосун токтотту. Ошондой болсо да,

«шырылдаң» ыры кыргыз элинин эмгек ырларынын

бир түрү, байыркы эстелиги катары өзүнүн маанисин

жоготмок эмес.

Археологиялык изилдөөлөрдүн негизинде

тарыхчыларэтнографтар Ысык-Көл кылаасы жөнүндө

материалдарды топтошкон. Алардын археологиялык

казуулардын журүшү учурунда тапкан материалдары

боюнча Ысык-Көлдүн жээктеринде биздин доорго

чейин эле элдин отурукташуусу болгонун, кыштак

менен шаарлар курулганын, ошол туштагы адамдар

түрдүү бронзолук куралдарды, алардын ичинде

бронзодон жасалган орокту колдонгонун билебиз.

Экспедицияга жетекчилик кылган коррреспондент-

мүчө В. Плосских ушул буюмдар Орто Азияда биринчи

жолу табылганын эске салып, анан минтип жазат: «И

следовательно, уже можно с большей

определеннностью сказать: в археологической науке,

античной истории Кыргызстана

появляется новое направление — проблема оседло-

землевладельческой культуры Тянь-Шаня в 1

тысячалетиидо новой эры». Демек, кыргыз жергеси

дыйканчылык ишине байыркы замандарда киришип,

Page 10: БАШ СӨЗ

эгин эгүү, аны оруп-жыюу жумуштарын жүргүзүп

келишкен. Ошон үчүн дыйканчылык жөнүндөгү эмгек

ырлары өзүнүн чыгуу тарыхы боюнча байыркы

чыгармалардан болуп эсептелет. Бизге келип жеткен

бир ырда дыйкандардын эмгеги мындайча баяндалат:

Дыйкан деген жаныбар, Кош өгүзүн байлаган, Шамыянын

шайлаган, Жазга маал болгондо, Буурусунун буктурган, Тишин

жерге суктурган. Кара жерди каңтарган, Төбөдөн ороо

каздырган, Уучтап буудай чачтырган. Базардан кетмен

алдырып, Арыктарын чаптырган.

Эгер «бекбекей» короо кайтарганда айтылса, «оп майда»

жалаң гана темин басуу учурунда эмгеги жеңилдетүү үчүн

ырдалган. «Оп майда» — эчен мезгилди кучагына кам-

тыган, эмгек тажрыйбасынын негизинде түзүлгөн байыркы

түрлөрүнүн бири. Ошонун үчүн «оп майданын» бир нече

варианты келип чыгып, алар эл арасына кеңири тарап

жеткен. Кыргыздардын арасында «бекбекей»,

«шырылдаң» жана «оп майда» ырын укпаган, алардын

бир-эки оозун ырдап айтпаган киши жок болуу керек. «Оп

майда-нын» популярдуулугу мына ушунда.

«Оп майда» ырынын «майда» деген сөзү түшүнүктүү, ал

эми «оп» угуучуларга анча ачык эмес. Ошон үчүн ушул

сөздүн тегерегинде түрдүүчө пикирлер айтылып жүрөт.

Биздин оюбузча, «оп» эмоцияга байланыштуу айтылган

сөз болуу керек. «Оп» дегенде катуу чыккан үн, ал аркылуу

теминдеги малга кандайдыр дем бергендик байкалат.

Мисалы: киши ооп жүктү көторгөндө, «оп» деген сөздү

колдонот. Муну жалгыз гана киши эмес, жумушту атка-

рууга катышкан кишилердин баары үн менен айтканы

талашсыз. Балбан күрөштө да ушул сөз өйдө көтөрүүгө

Page 11: БАШ СӨЗ

аракет кылган киши тарабынан да, аларды тегеректеп

карап турган адамдар тарабынан да айтылат. Демек, «оп»

деген сөз —- дем берүүгө карата сүрөгөндө айтыла турган

сөз. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө: «оп-оп» — эшектин

аягы тайып кеткенде ордунан тургузуш үчүн колдонулган

соз болуп, «тур-тур» деген маанини билдирет» — деп

жазылган. Мына ушул маалымат биздин оюбуздун туура-

лыгын корсөткөндөй болот. Мындг. тегуп-шге кошулган уй-

жылкыларды шаштырып айдаган, эгинди тезирээк майда

басууга жасаган аракет бар. «Оп майда» ырынын

мазмунан сөздүн магиялык күчүнө ишенгендик, сөз

аркылуу тез бүтүрүүгө жасаган ой даана байкалат.

Кыргыз эли — Орто Азияда жашаган эң эски элдердин

бири. Биздин эл кыйла кылымдардын аралыгында көп ма-

даний эстеликтерди жаратып, кичине көлөмдөгү табыш-

мактардан тартып «Манас» үчилтигине чейин ири көлөм-

дөгү маданий мурастарды түзгөнүн билебиз. Ошондой мада-

ний эстеликтердпн бири кыргыз элинин эмгек ырлары

болуп эсептелет. Бул ыр оозеки чыгармачылыктын эң ба-

йыркы түрлөрүнүн бири экени жөнүндө жогору жакта эске

салганбыз. Бирок бул эстелик бизге толук бойдон жеткен

жок. Кылымдардын эчен элегинен өтуп, эчен өзгөрүүлөргө

учурап дегендей, көп жолку түзөтүүлөрдөн кийин гана

айрым ырлары келип жетти. Кантсе да, кыргыздын эмгек

ырлары бир топ бар экенин колдогу материалдар көрсөтүп

турат. Эмгек ырлары кандай көлөмдө, кандай түрдө кез-

дешпесин, алар биздер үчүн баалуу эстеликтерден болуп

эсептелет.

ПАЙДЛЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР1 Богданова М. Киргизская литература. — М., 1947. С. 19.

Page 12: БАШ СӨЗ

2 Ошол китепте. 10-бет.3 Ошол китепте. 20-бет.А Фонду. Инв. № 86(287). 3—4-беттер. № 446(1846). 11-

бет.5 Тоголок Молдо. Чыгармаларынын эки томдук

жыйнагы. 1 том.— Ф., 1970. 183-бет.6 Таштемиров Ж. Кыргыз адабияты. — Ф., 1955. 22-бет.7 Богданова М. ж. б. Кыргыз адабиятынын очерктери.

1943. 15-бет.8 Таштемиров Ж. Кыргыз адабияты. — Ф., 1955, 23-бет.9 Мукамбаев Ж. Алтын казна. Кыргызстан маданияты. №

34, 19 август, 1970-жыл.10 Бюхер К. Работа и ритм. — С.-Петербург, 1899. 285-бет.11 Советская Киргизия. 2 сентября, 1986 г.12 Кашгарий М. Түрк сөздөрүнүн девону. — Ташкент,

1960. 70-бет.13 Кашгарий М. Түрк сөздөрүнүн девону. — Ташкент,

1960. 70-бет.14 Бюхер К. Работа и ритм. 49-бет.

КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ

Кыргыз фольклорунда калктын каада-салттык жөрөл-

гөлөрү, диндик ырым-жырымдар менен коштолуп атка-

рылып келе жаткан салттык ырлардын бир чоң тобун өлгөн

адамды узатууга байланыштуу айтылган муң-зар ырлары

түзүп, алар өз ара бир канча түргө ажырайт: керээз, угузуу,

кошок, жоктоо.

Керээз — өзүнүн мал болбосуна көзү жетип, акыркы

күндөрүн жашап жаткан адамдын бала-бакырасына, ага-

йын-туугандарына айткан акыркы сөзү. Ал ар бир адам

тарабынан айтыла берүүчү салттуу көрүнүш. Кээде керээз-

Page 13: БАШ СӨЗ

ди өлүп бара жаткан адам өз бала-бакырасына, жакын

туугандарына — тар чөйрөдө гана айтса, айрым учурда ал

адамдын коомдо алган ордуна, атак-даңкына карата жалпы

журтка, кеңири чөйрөгө айтылышы да ыктымал. Кыскасы,

керээз айтууга ар бир адам акылуу болсо да, эл бийлеген

кадырлуу адамдардын, баатырлардын, акын же чечендер-

дин сөзү «баягынын керээзи» аталып, калк арасына кеңири

тараган. Кантсе да, адамдын көз жумар алдында айткан

сөзү анын урпактары жана тыңшагандар үчүн сөзсүз ат-

карыла турган бузулбас эреже катарында кабыл алынган.

Керээз эки түрдүү формада жашайт: кара сөз жана ыр

түрүндө. Керээздин кара сөз түрүндө айтылып, кийин акын-

дар тарабынан поэтикалык формага түшүрүлүи, күчө-

түлгөн учурлары бар. Буга мисал Боромбайдын, Балбайдын

керээзи. Керээз калкка кеңири таанымал чечен же акын

тарабынан айтылса, негизинен авторлугун сактап, көп

өзгөрүүгө учурабайт. Айтуучу-маалымдоочулар да өзүнөн көп

кошпой так берүүгө аракеттенишет. Буга Солтобай

тарабынан эл арасында көп айтылып, аткарылып жүргөн

Арстанбектин керээзи ачык күбө.

Керээз салттык ырлардын байыркы түрүнө кирет. Бизге

келип жеткен чыгармалардын мазмунуна, көркөм кара-

жаттарына көз жүгүртүүдө анын көркөм форма катарында

калыптанып, узак өсүү жолун басып өткөндүгү ачык кө-

рүнөт. Эл арасында белгилүү өлчөмдө авторлугун сактап,

реалдуу адамдарга байланыштуу айтылган керээздер да

бир топ. Бул көбүнчө акын, чечендерге жана журт адам-

дарына, тарыхый инсандарга таандык. Мунун мисалы ка-

тарында Арстанбек, Жеңижок, Көкөтай чечен, Боронбай,

Балбай жана Куйручуктун керээздерин алсак болот. Экин-

Page 14: БАШ СӨЗ

чиси көркөм окуя катарында эпосторго кирип, анын маз-

мундук өзөгүндө белгилүү көркөм функцияны аткарып

турган Көкөтөйдүн, Манастын, Алмамбеттин керээзи

сыяктуулар.

Угузуу — салт ырынын бир түрү. Бул да өлгөн адамды 1

узатууга байланыштуу кара сөз жана ыр, күү формасында

1 айтылып, эл арасына кеңири тараган. Дегеле

кыргыздар 1 өлгөн адамды үй-бүлөсүнө, жакындарына

угузууда зор эти-калык кылдаттыкты жана

адамкерчиликти көрсөтүшкөн. Угузуу милдети кез келген

эле адамга жүктөлгөн эмес. Аны кандайча айтуу алдын ала

сакалдуу, көкүлдүүлөрдүн тал-

куусунан өткөн. Алар бул кабардын бала-бакыранын, ке-

лин-кесектин оозунан чыгып кетпешине кам көрүшкөн.

Адатта адам үйүнөн сыртта журүп өлсө, эл чогулуп ба-рып,

кепти көп жашаган, көптү билген, сөзмөр карыя баш-тап,

сөзүн маселдетип, өлбөй пенде калбагандыгын, боору бүтүн,

башы эсен адамдын бул дүйнөдө жоктугун, эртеби, кечпи,

ажал ар бир кишинин башына келе тургандыгын, мындай

оорчулукту, кайгыны акыл токтотуп, кайрат ме-нен көтөрүү

зарыл экендигин айтып келип, бул жоготууга бардыгы да

кайгырып, кабыргасы кайышып отурганды-гын, бирок

сактап калар арга жоктугун айтканда эле үй ээси, өлгөн

адамдын туугандары сөз ким жөнүндө болуп жаткандыгын

түшүнүп, үн чыгарганда отурган аял, эркек дебей бардыгы

ыйлап, кошо жоктошот. Кыргыздардын бул салты Ата

Мекендик согуш мезгилинде майданда каза бол-гон адамды

үй-бүлөсүнө угузууда да колдонулуп, элдин кылдаттыгын,

жоокерге болгон адамкерчиликтүү мамиле-син ачык

айкындаган.

Page 15: БАШ СӨЗ

Кошок-жоктоо. Калктын турмушунда той үлпөтү сыяк-

туу эле өлгөн адамды узатуу да маанилүү маселе. Өлүк

узатуу алгач коллективдик формада өтсө да, бара-бара

функциясы тарып, жеке факторго өтүп бараткан өңдүү.

Ал эми кыргыздарда өлүктү узатуунун салттык эрежеси

негизинен кийинки учурга чейин эле аткарылып келген.

Ага карата айтылуучу кошоктор да байыркы мезгилдеги-

дей салттык, көркөм поэзиянын функциясын аткаруудан

четтесе да, калк эсинде өзүнүн маани-мазмунун, алгачкы

формулаларын, аткаруу манерасын, музыкалык ыргагын

толук сактап калган.

Тарыхчы Н. Я. Бичурин байыркы түрктөр өлгөн адам-дын

сөөгүн бир өргөөгө киргизип коюп, анан анын балда-ры,

неберелери, урук-тууганы, кыз-кыркыны чогулуп, ага

багыштап жылкыларды, койлорду курмандыкка чалып,

үйгө кирүүнүн алдында бычак менен беттерин тилип, үн

чыгарып ыйлашкандыгын, беттеринен кан менен жаш

кошулуп, жошо болуп агып тургандыгын белгилеген26.

Өлгөн адамды жоктоо байыркы уруулардын каада-сал-

тында алмустактан эле орун алып келген көрүнөт. Акаде-

мик Э. Маргулан жоктоону Махмуд Кашгариде байыркы

түрк урууларынын баатырдык согуштарынын негизинде

келип чыккан салттык ырдын бир түрү катарында мүнөз-

дөлгөндүгүн, анын үлгүсу «Коркыт» ырынан да орун ал-

гандыгын белгилейт- Жоктоонун түрк урууларында бай-

ыртадан эле аткарылып келгендигин Орхон-Енисей жаз-

ма эстелигиндеги Күл-Тегиндин, Тонукөктүн көрүстөнүнүң

үстүнө ташка чегилип коюлган жазуулардагы фактылар

да белгилүү өлчөмдө аныктап турат. Ал жөнүндө кийин-

черээк да сөз козголот. Калк турмушунан, ишеним, каада-

Page 16: БАШ СӨЗ

салтынан орун алган жогоркудай жагдайлар эл оозеки

чыгармачылыгына да ачык чагылышып, көркөм сөздүн

объектисине айланган. Ириде ата-бабанын аброюн көтө-

рүүдөн келип чыккан арбакты таануу, анын культуна

жүгүнүү мотиви аңыз-аңгеме, легендалардан тартып,

жөө жомокторго, эпикалык чыгармаларга да

чагылышкан._ «Карагул ботом» — эркектер тарабынан

аткарылган жоктоонун байыркы үлгүсү. Чыгарма калкка

кеңири та-рап, эл арасынан бир канча нускасы30

катталган. Ичинде варианттык деңгээлге көтөрүлгөндөрү

да бар. Анда тоо жандыктарынын ээси Кайберендин

каргышына калып, жалгыз баласын элик деп атып алып,

кайгыга баткан ата-нын муң-зары баяндалат.

Чагылышкан окуясы, көтөргөн идеясы, мергенчинин

жоктоосу адамдар аңчылык менен күн өткөрүунү

кесипчилик катарында туткан байыркы мезгилде эле

башат алса керек деген ойго алып келет. Эгер-де чыгарма

алгач атанын кайгы-муңун, оор жоготуусун

чагылыштырып, лирикалык жанрдын чегинде эле айтыл-

са, бара-бара аймагы кеңейип, кемпиринин, кызынын жок-

тоолору кошулуп, бир үй-бүлөнүн чоң трагедиясын түзүп,

лиро-эпикалык деңгээлге көтөрүлгөн. Калык, Сарыкунан

сыяктуу акындардын репертуарынан да орун алып, ай-

рым жаңылануулар менен аткарыльш келген. Ал эми «Ма-

нас» эпосундагы Манастын угузуу, кошок, армандын

айкалышуусунда түзүлгөн классикалык жоктоосу кошок-

тун жанр катарында калыптанышында эркектердин кош-

кон зор салымын ачык аныктап турат. Кийинчерээк

эркектер сыртта өкүрүп үн чыгарууда айрым гана

поэтика-лык мааниси жок «Эсил кайран бир боорум, эми

Page 17: БАШ СӨЗ

кайдан көрөйүн» же «Эсил кайран атакем», курдашым,

энекем, кербеним сыяктуу фразаларды айтуу менен

чектелишип, жекечилдик мүнөз алган эмес. Аялдар болсо

үй ичинде отуруп, айрыкча өлгөн адамдын жакындары

милдеттүү түрдө кошок кошуп ыйлашкан. Мындай

жагдайда айрым таланттуу адамдар, акындар өлүк ээсинин

өтүнүчү менен үйдүн сыртында жоктоо ырларын (кийин

ашында деле жоктошу мүмкүн) аткарган учурлар болгон.

Кээде акын-дар тарабынан текст түзүлүп, аны өлгөн

адамдын аялы, кызы же келини кошкон. Кыскасы,

кийинчерээк кошок кошууну негизинен аялдар аткарып

калса да, эркектердин атында айтылган жоктоолор да эл

арасынан көп учурайт

Кыргыздар азыркы түрк элдеринин ичинен алгач

биздин эрага чейин 201-жылда белгилүү болуп, кыргыз

этно-нимин сактап калган байыркы калк. Ошого тете VI—

VIII кылымдарда өзүнүн ажосу болуп, тарыхтын катаал

кезе-ңине аралашып, өз алдынчалыгын сактоо аракетинде

не-чен уруш-талаштарды, кыргын-сүргүндү баштарынан

өткөргөн. Бул тууралуу Орхон-Енисей аймагынан табылган

Билги кагандын, Култегин, Тонукөктүн, Барсбектин

ташка чегилип, мүрзөсүнүн үстүнө коюлган жазма

эстеликтери ачык маалымат берет. Күлтегиндин арбагына

багышталган жазмада кыргыз каганы Барсбектин дареги

төмөнкүчө баяндалат: «Өзү Барсбек эле. Каган атка

кондурган биз элек. Ошон үчүн каганды өлтүрдүк. Элин

кул, күң кылдык». Ушул эле Күлтегиндин эстелигинде

Барсбектин кандайча өлтүрүлгөндүгү жөнүндө кабар

берилет: «...Биз аз кыргыз элин уктап жаткан маалында

талкаладык. Ка-ганы менен Сунга чер токоюнда

Page 18: БАШ СӨЗ

кармаштык... Кыргыз-дын каганын биз өлтүрдүк, элин

багынттык». Билги ка-ган, Тонукөктүн эстелигинде да

алардын 710—711-жыл-дардын кышында Саяндын ак кар,

көк муз ашуусун ашып, кыргыздарга болгон жортуул

азабы баяндалат. Ушундай катаал жагдайда түн ката

капыстан басып калган түрк кагандарынын көп кошунуна

туруштук бере албаган кыр-гыздар катуу кыргынга

учурап, каганы Барсбек баштаган баатыр уулдары шейит

өлүм болуп, душманга баш ийип, оор кайгыга малынат. Ал

эми мындай катаал тагдырды кыргыз журтчулугу

башынан көп өткөрүп, алардын өздөрүнүн көз каранды

эместигин сактоо үчүн жүргүзгөн кү-рөштөрү көптөгөн

кыргын-сүргүн, оор жоготуулар менен коштолуп, жалпы

калктын трагедиясына айланган учур-лары да болгон.

Бекеринен калк оозунда:

Ашуу барбы, тоо барбы, Кыргыз басып өтпөгөн, Кайың

барбы, тал барбы, Кыргыз балта чаппаган, Кокту барбы, сай

барбы, Кыргыз сөөгү жатпаган —

деген учкул сөздөр айтылбаса керек.

Көңүл айтуу-көңүл жубатуу—бул да адам өлгөндө ай-

тыла турган салттык жөрөлгө болуп, эл арасында кара сөз

жана ыр түрүндө жашайт. Адатта адам көз жумганда анын

үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына көңүл айтып, алардын

кайгы-касиретин бөлүшүп, чын ыкласын, жылуу ма-

милесин билдирүү кыргыздардын каада-салтында кеңири

орун алып келген. Бул салт азыр деле өз мезгилине ыла-

йык формада жашап келе жатат десек болчудай. Мындай

салттык жөрөлгөнүн көркөм формага түшүшү да өзүнүн

объектисине этектеш эле чыккандай. Ал эми өткөндө

көңүл айтуу, көңүл жубатуу милдети көптү көргөн, көптү

Page 19: БАШ СӨЗ

билген кадырлуу карыларга, көбүнесе чечен, акындарга

ыйгарылган. Ошондой эле аялдар тарабынан кошоктун

аткарылышында да көңүл айтуу мотивинин

чагылышкандыгы анын мазмунунунан ачык көрүнүп турат.

Ага төмөнкү ыр түрмөктөрү мисал:

Кеткен жан кайтып келеби,

Кемиткен кудай береби,

Өлгөн жан кайтып келеби,

Өксүткөн кудай береби?

Аман болсун балдары,

Артында туяк калганы.

Өрдөктүн жунү сайда бар,

Өзөлөнүп көп ыйлап,

Өлгөнүн тапкан кайда бар.

Кекилик жүнү сайда бар,

Кереленип көп ыйлап,

Кеткенин тапкан кайда бар.

Ал эми чоң акындардын көңүл жубатуулары ооздон-

оозго, муундан-муунга, ал эмес, элден-элге өтүп,

кандай-дыр бир деңгээлде өзүнүн жекечилдик

башатын сактап калган. Алсак, казак калкынын

атактуу акыны Сүйүмбайдын Тезек төрөнүн баласы

өлгөндө айткан көңүл жубатуусу бизге да келип жеткен.

Буга эл арасынан катталгаң төмөнкү ыр саптары ачык

күбө:

Каса шумкар каз алса,

Канатын канга тийгизбейт,

Кан башына иш түшсө,

Кайгысын журтка билгизбейт.

Көпүрө ооп, көлгө кетти,

Page 20: БАШ СӨЗ

Улар учуп, чөлгө кетти,

Сенин уулуң солго эмес, оңго кетти,

Бааоыбыз бара турган жолго кетти.

НЕГИЗГИ СУНУШ КЫЛЫНГАН АДАБИЯТТАР

1.Акматалиев А, Балдарга арналган салт жана ырым-жырым-дар. — Бишкек, 2000.

2.Акматалиев А. Үйлөнүү үлпөт салты жана ыры. — Биш-кек, 2000.

3.Артыкбаев К. Сын сапары. — Фрунзе, 1970.4.Байжигитов К. Кыргыз мифтери, уламыштары жана

леген-далары. — Фрунзе, 1985.

5.Бапаев X. Тамсил сыры. — Фрунзе, 1974.6.Гапаров С. Кыргыз макал, лакаптарынын

синтаксистиктүзүлүшү. — Фрунзе, 1979.

7.Закиров С. Эл чыгармачылыгы — эл кенчи. — Фрунзе, 1981.8.Закиров С. Кыргыз элинин макал, лакаптары. —

Фрунзе,1972.

9.Закиров С, Токомбаева А. Кыргыз элдик лирикаларьшынжанрдык өзгөчөлүктөрү. — Фрунзе, 1964.

10.Кебекова Б. Кыргыз, казак фольклордук байланышы. —Фрунзе, 1982.

11.Кебекова Б. Каада, салт ырлары. — Бишкек, 2001.12.Кыдырбаева Р., Кадырова С. Кыргыздын каада-салт

ырла-ры. — Бишкек: Илим, 2000.

1-3. Кыргыздар. 1-том (түзгөн К. Жусупов). — Бишкек, 1993.14.Кыргыздар. 2-том (түзгөн К. Жусупов). — Бишкек, 1995.15.Кыргыздар 3-том (түзгөн К. Жусупов). — Бишкек, 1997.16.Кыргыздар 4-том (түзгөн К. Жусупов). — Бишкек, 1997.17.Кыргыздар 5-том (түзгөн К. Жусупов, К. Иманалиев). —

Бишкек, 2002.18.Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын

тарыхыныночерки, — Фрунзе, 1973.

19.Кыргыз элинин санат-насыят жана терме ырлары. — Фрун-зе, 1973.

20. Мукамбаев Ж. Эл ичи — өнөр кенчи. — Фрунзе, 1990.21. Сулапманов М. Кыргыз балдар адабиятынын

тарыхы. —Ош, 1992.

22. Танаев Т. Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын жанрдыкбөлүнүшү. — Ош, 1991.

23.Танаев Т. Кыргыз фольклоруидагы лирикалык жанрлар. —Ош, 1998.

Page 21: БАШ СӨЗ

24.Танаев Т. Эпикалык жанрлар. — Ош, 1999.25. Тцлөгабылов М. Кыргыз балдар адабиятынын

тарыхы. —Бишкек, 1991.

26.ҮсөнбаевА. Турмуштук жөө жомокторду үйрөнүү. — Фрунзе,1976.